Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:34

Университет багынын үстүндөгү кара булут


Жаштар аллеясындагы талашты Шабдан баатыр карап турат
Жаштар аллеясындагы талашты Шабдан баатыр карап турат

Бишкектеги Манас менен Табышалиев көчөлөрүнүн ортосунда 2-3 кабат үйлөрдөн бөлүнүп 9 кабат жаңы үй түштү. Ошондой эле көк тиреген үйдү «Юнистрой» фирмасы Жаштар аллеясындагы Шабдан баатырдын эстелигинин жанында курууну көздөөдө. Жашыл бакты кыйратып, тар жерге дагы бир үйдүн салынышына аллея боюндагы кыргыз улуттук университетинин окутуучу-профессорлорунун үч кабат үйүнүн жашоочулары каршы.

Кыргыз улуттук университетинин окутуучу-профессорлору үчүн салынган Манас көчөсүндөгү 64-үйдүн жашоочусу Эсен Абдылдаев тоодон соккон шамалдын шапатасын жактырып, кечке жуук Жаштар аллеясы менен сейилдегендер көбөйөт дейт.

- Жаштардын аллеясында фонтан, гүл өсүп жатат. Бак-дарактар бар. Анын жанында бала бакча, балдар ойноп жатышат. Эми булардын салган үйү эгер кокустук болсо зыян тартчудай болуп турат. Басып калат. Ичке 9 кабат үй салынды. 4 – 5 кабаты кирпичтен, жогору жагы шлактан салынды. Булардын сейсмикалык туруктуулугу күмөндүү экени бизди кейитет.

Кыргыз адабияты менен педагогикасын изилдөөгө өмүрүн арнаган эки илимпоз Киреше Иманалиев менен Бурулкан Тойчубекова жашап кеткен үйдүн отун өчүрбөй келаткан кызы Тажигүл Иманалиева да жаңы үйдүн курулушуна каршы.

- Эгер мындай аракеттин ишке ашуусуна жол берсек, бул таламандын так тушундагы эле басмырлоо болуп калат.

Бишкек гуманитардык университетинин доценти Чынара Мамытбекова үйгө жаңы көчүп киришкенде атасы - белгилүү окумуштуу Зайыр Мамытбеков тигип кеткен бактын кыйылып, тоодон соккон шамалды тосуп дагы бир бийик үйдүн салынышы архитектуралык ансамблди биротоло бузат, деген пикирде.

- Бактагы ийне жалбырактуу дарактар толугу менен кыйылат. Биз жаштар аллеясын сактап калуу боюнча кол топтодук. Миңден ашуун киши кол коюп беришти.

Үч кабат үйдүн жашоочулары шаар бийлигине, өкмөт, президентке кайрылуу жолдошуп, бакты сактап калуу демилгесин көтөрүүдө. Талаштуу бакка жер төлөсү машине токтотууга ылайыкталган 9 кабат үй салууну көздөп жаткан “Юнистрой” фирмасынын жетекчиси, парламенттин мурдагы депутаты Рахатбек Рысалиев участокту аукциондон 5 миллион 900 сомго сатып алышканын билдирди.

- Генералдык планда ал жерде 9 кабат үй курулат, деп жазылып турат. Бул биринчиден. Экинчиден, ошол жерде жашаган үйлөрдүн жашоочуларына, пенсионерлерине биз кызматташуу келишимин түзүп, биздин фирма 500 миң сомдук каражаттын ушу күндө 400 миң сом акчасын ошол үйдүн тегерек-четин, чатырын оңдогонго, терезелерин оңдогонго, фасадын оңдогонго акча бөлүп бергенбиз.

Рахатбек Рысалиев Жаштар аллеясынын жанына 32 квартирлүү 9 кабат үйдүн курулушу жакын арада башталарын кошумчалады. Үй бүткөндөн кийин анын тегерек-чети жашылдандырылмакчы.

Анткен менен талаштуу жерге жаңы үйдүн салынышы так чечиле электигин Бишкек шаар башчылыгынын пресс-кызматынын жетекчиси Ирина Козлинская ырастады.

- Бизде комиссия түзүлдү. Ага адистер менен коомчулук өкүлдөрүнөн киришти. Анда курулуштун канчалык деңгээлде стандартка туура келери, мыйзамдуулугу каралмакчы. Бишкектеги шаар куруу стандарттарына туура келери текшерилмекчи. Курулушка уруксат азырынча бериле элек. Комиссия чечими чыкканча эч кандай курулуш иштери жүрбөйт.

Комиссия жыйынтыгы бир айга чукул убакыт ичинде чыгып калышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG