Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:15

Жаңырган жуманын маданий окуялары


Бул жумада Мамлекеттик тил боюнча улуттук комисcия уюштурган “Ырдайлы кыргыз ырларын" долбоорунун алкагындагы иш-чара өтөт

Анда ар кыл улуттун өнөрпоздору кыргыз тилинде ырдап өнөрлөрүн тартуулашат. Уюштуруучулар кабарлагандай, бул долбоор айына эки ирет болот. Ал эми келечекте кыргыз тилинин 20 жылдык мааракесине карата Ысык-Көлдө “Ырдайлы кыргыз ырларын” фестивалын өтмөкчү.

Алгач 1851-жылы 11-мартта Венецияда тартууланып андан кийин башка өлкөлөрдө коюлган Джузепе Вердинин "Риголетта" операсын кыргыз артисттери 13-июнда көрсөтүшөт. Дүйнөгө белгилүү болгон бул чыгармада бул турмушта адамдардын баарынын ойлору бирдей эместиги, жүрөктөрүнүн ак эмес экендиги айкындалат. Cпектаклде Джильданын образын жараткан каарман, кыргыз эл артисти Эсен Нурмамбетова бул чыгарма көрүүчүлөрдү терең ойго сала турган психологиялык спектакль экенин белгилейт.

Бул жумада Бишкектеги кинотеатрларда бир катар кыргыз тасмалары сунушталат. "Ала-Тоо" кинотеатрында белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров жараткан “Уурунун махабаты” аттуу фильм көрсөтүлөт.

Ал эми "Манас" кинотеатрында ушул күндөрү режиссер Назым Меңдибаиров тарткан “Дудук кыз” аттуу кинотасма жүрүүдө. Анда окуя энеси ымыркайында таштап кеткен кыздын тегерегинде өнүгөт.

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөтчүлөр Нарын Турпанов жана Жылкычы Жакыповдордун эмгектеринен турган көргөзмө өтүүдө. Музей кызматкери Жыпара Исаеванын айтуусунда, бул көргөзмө сүрөт күйөмандарын кайдыгер калтырбайт.

Нарын Турпанов сүрөт өнөрүнүн белгилүү реалисттик, салттык багытында эмгек жаратса, Жылкычы Жакыпов постмодернизм стилинде иштейт.
XS
SM
MD
LG