Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:52

Баңгижол: ашуу ашып, суу кечип


Ооганстан героини
Ооганстан героини

Баңги көзөмөл мамлекеттик кызмат жетекчиси Ооганстанда жасалган 3 тонна героин Тажикстан аркылуу Кыргызстанга өтүшү мүмкүн экендигин билдирди. Анын айтымында, чоң жүктү өткөрүш амалында наркотөбөлдөр жанкечтилерди да жалдашы ыктымал. Айрым эксперттер бул ишке күч кызмат өкүлдөрү тартылышын, баңгипуруштук өлкөгө кеңири таап кеткенин айтышууда.

Героин көп, жол да көп

Кайрадан калыбына келтирилген Баңги көзөмөл мамлекеттик кызмат жетекчиси Виталий Орозалиевдин Ооганстандан 3 тонна героин ташылып келиш ыктымалдыгы тууралуу божомолу азырынча маалымдоо каражаттарында гана талкууга алынууда. Ошол эле Баңги көзөмөл мамлекеттик кызматтын кеңешчиси Александр Зеличенко алдагыдай божомолго кадыресе негиз бардыгын, кырдаал чынында эле калтыс экенин ырастайт.

- Менимче, мүмкүн. Себеп дегенде ал жерде оголе көп запас чогулган. 3 тоннадан арбын запас сакталып турат. Башка кеп, качан ташып келишет, муну болжош кыйын. Запасы бардыгы эч кандай күмөн туудурбайт. Ал эми кол салуу болобу же жокпу, аны мен айта албайм.

А.Зеличенко Ооганстандан келчү жүктү бул жердеги баңгипуруштар ар кандай амал-айла менен алып өтүү амалын жасай турушкандыктарын ырастап, бирок да алардын колунан атайын даярдыктан өткөн жанкечтилерди жалдап, чоң жаңжал чыгарышы күмөндүү экенин белгиледи. Парламенттин мурдагы депутаты Рашид Тагаевдин болжолунда, Ооганстандан келчү баңгизаттарды Кыргызстанга ташып өтүүнүн жолдору толтура.

- Анан кийин наркобарондор өзү убакты келгенде баякы 2 тонна, 3 тоннага мындай тобокелдикке барышпайт. Булар ушундай кырдаалды, бүгүнкү Кыргызстандагы жагдайды пайдаланат. Ушундай абал, анан чек арабыз деле ачык, ал жерде чыныгы текшерүү деле жок болуп жатат.

Кыргызстандагы саясий кырдаалдын турукташа албай жатышы биралдын баңгипуруштардын ишине шарт түзүп берүүдө. Р.Тагаевдин айтуусунда, топтолгон жүгүн алып өтүш үчүн баңгипуруштар колунан келген аракеттерин жасайт.

- Адамдын жаны, кан төгүү дегенден алар кайтпайт. Муну так билиш керек. Себеби өтө чоң акча, өтө чоң жүк. Бул өтө чоң каражат. Бул каражат үчүн наркотөбөлдөр ар кандай ишке барышы мүмкүн.

Жолду кимдер ачкан?

Өткөн жылдын башында Кыргызстанда 4 тоннага жакын баңгизаттар кармалган. Адистердин маалымдашынча, өлкөдө 50 миңден ашуун киши баңгиликке берилип, Ооганстандан келчү баңгизаттын кыйла бөлүгү ушул жерде калат. Аларга каршы күрөш жүргүзчү кызматтар, айталы, Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкы башкармалыгы мындан эки жыл илгери, өткөн жылы болсо Баңгизаттарын көзөмөлдөө мамлекеттик агенттиги жоюлуп кеткен. Ички иштер министрлигинин “Бетме-бет” басылмасынын башкы редактору Бакыт Сейитовдун айтуусунда, иш эки кызматты жоюп жиберүү менен эле токтолуп калган жок.

- Кыргызстандагы Ош-Бишкек, Бишкек-Ысык-Көл, андан кийин өлкөнүн негизги жолдорунда турган МАИнин посттору да алынып, анан бул жерде мамлекеттик саясат жүргөн. Себеп дегенде, элдердин арасынан көп арыз түшүп жатат, жолдордо машиналарды көп текшерип жатат, дегенге шылташып, постторду алып салышкан да жанагы баңгизаттарга каршы күрөшүү башкы башкармасын жоюшкан.

Бакыт Сейитовдун маалымдашынча, посттор жоюлгандан кийин канчалаган тонна баңгизаттар Кыргызстан аркылуу башка өлкөлөргө ташылып өткөнү белгисиз калды. Ал эми жаңы бийлик тушунда жоюлгандарды калыбына келтирүү кыйла убакты-саатты алууда. Мындай жагдай баңгипуруштарды калкалап келаткандардын чырагына гана май тамызат. Бакыт Сейитов ИИМдин баңгизаттарына каршы күрөшүү башкы башкармалыгы быйыл 8 ай ичинде 3 тоннадан ашуун баңгизаттарын кармап, кара куурайларды жок кылуу операциясын улантып жатышканын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG