Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Нуралыктардын жашоосу абат эмес


Жер титирөөдөн кийинки Нура айылы.
Жер титирөөдөн кийинки Нура айылы.

Жергиликтүү калктын баамында, Кыргыз Өкмөтү тарабынан айтаарлык камкордукка карабай Кытайга чектеш жашаган нуралыктардын жашоосу абат эмес. Электр энергиясы чектелгендиктен, темир үйлөр муздап, суукка урунуп ооругандар арбын. Жер дагы улам-улам термелип, санаага салган чагы.

Облус ордосунан 300, райондук борбордон 220 чакырым алыстыкта жайланышкан Нура айылында учурда 179 үй-бүлө, тагыраагы 789 калк Чукул кырдаал министрлиги жана Кызыл-Кыя цемент заводу куруп тапшырган 175 темир үйдө жашайт.

Төртүнчү корпуста жашаган Улукбек Култаев кечээги зилзалада бир тууган инисинен айрылган. Келини экөөнө темир үй кеч тийгендиктен, кемтиги көп. Эки аптадан бери жарыксыз олтурушат:

- Бизге бул жерде 4 корпус куруп берген, экөө жакшы, экөөндө жашоого шарты жок. Бизге ушул жерден орун тийип калды. Анын үстүнө бизде эки жумадан бери электр жарыгы жок.

Жердешинин кебин айылдык Кеңештин депутаты Мамасейит Айдаров толуктады:

- Президентибиз Курманбек Салиевичке сураныч – электр жарыгын өчүрбөш керек, өтө суук болуп атат. Түнү өчүргөндө такыр эле муздап калат, өзүбүз тоңуп калып атабыз, балдар ооруп атат.

Отко ичеги кылгыдай жыгач отун жок. Жалаң көмүр жагышат. Бирок, андан уулуу газ уруп, бала-чака ооругандыктан, электр энергиясына күнү түшкөндөр чекеден табылат:

- Түнкүсүн суук болуп атат. Азыр менин үйүмө кирсеңиздер эшиктен бери тоңуп калган. Түндө бир маал от жагып койсом, газ чыкканбы, балдарымдын баарынын башы ооруп калыптыр. От жагыш да кыйын болуп атат, - дейт Майрам аттуу келин кабатырланган тейде.

Нурадагы эмкананын кызматкери Эргеш Эсеналиев айылдаштарынын айткандарын бышыктады. Анын маалыматына караганда, соңку учурда суук тийип сыркоологондор көбүрөөк кайрылышууда. Саламатчылыгы начарлагандардын өздөрүнө бензин куйдуруп, ооруканага жеткирип турушат:

- Бул жерде азыр суук тийгендер көп болуп атат. Ооругандарга биз биринчи медициналык жардам көрөтөбүз дагы, Тез жардам менен райондук борборго, же Сары-Таш айыл өкмөтүнүн ооруканасына жеткиришке тиешебиз бар. Кыйынчылык болуп атат, себеби автоунаага бир тарабына бензинди элдер өзүлөрү таап берет, экинчи тарабына жеткенде райондон куюп беришет.

Сары-Таш айыл өкмөтүнүнү мурдагы башчысы, учурда Нурадагы Мониев атындагы мектептин мугалими Асылкан Абдырахманованын баамында, азыркы жаштар элеттин катаал шартына чыдабай калышты, ошондуктан, Өкмөт ар бир үй-бүлөдөн бирден кишиге Ош шаарынын же Карасуунун чекесинен жер бөлсө, калганын эл өзү бүтүрүп алат эле. Мамлекет түйшүгү да жеңилдемек:

- Биз көчүп кетпейбиз, кыргыз эли өз ата-тегин таштап кеткен эмес. Ар бир үй-бүлөдөн бирден балабызга Жапалак жактанбы, же Кара-Суу районунун Мады айылынын айланасынан, иши кылып Ош облусунун айланасынан жер берсе жакшы болот эле деп суранганбыз.

Абдыжалил аттуу жигит журт которгондорго кошулбайт. Мамлекет жакшылап каралашса, элетте калып чегара кайтарган оң деп эсептейт:

- Бизде материалдык жоготуу көп болду, үйүбүздүн ичинде көп нерселер кыйрап калды – телевизор, эмеректер калган жок, короодо малдар кыйрады. Ошолорду кичине өзүнө келтириш үчүн азыраак пайызда кредит берсе 1-2 жылдын ичинде кутулат элек кудай кааласа.

Ош облус губернаторунун биринчи орун басары Айтмамат Кадырбаев нуралыктардын дооматын төгүндөп, алар үчүн бардык шарттар жаратылгандыгын белгиледи:

- Жергиликтүү калк бүгүн мобилдүү үйлөр менен камсыз болушту. Негизинен бул жылытылган контейнерлер, жерине көмүр жеткирип бергенбиз.


XS
SM
MD
LG