Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Өкмөт башчы буйругу: «Жокту» айтпагыла!


Кыргызстандын каржы министри Марат Султанов
Кыргызстандын каржы министри Марат Султанов

Өткөн жылы бюджеттин киреше бөлүгүнө 44 миллиард ашуун сом түшкөн. Ал эми чыгаша бөлүгү 63 миллиард сомду түзгөн. Бир жыл мурда бюджеттин чыгаша бөлүгү мындан 21 миллиард сомго аз болчу. Быйылкы жылдын бюджет таңкыстыгы 5 миллиард ашуун сомду түзөт.

Өлкөнүн негизги экономикалык мыйзамынын аткарылышы, алдыдагы милдеттер Каржы министрлигинин өткөн жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында талкууланды.

Акча бар

Өткөн жылы социалдык секторго 14,5 миллиард сом сарпталганы, бюджетте көрсөтүлгөн каражаттардын текши баары бюджеттик мекемелерге бөлүнгөнүн Кыргызстандын Каржы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын башчысы Сайидбек Зулпуев маалымдады.

- Бюджеттин күндөлүк чыгымдоолору 55,9 миллиард сомду түздү. Бул планда белгиленгендин 98,9%. Күндөлүк чыгымдоолор өткөн жылдын ушул кезине салыштырганда 19,3 миллиард сомго көбөйдү же болбосо бул 52,5% көптүктү билдирет.

Экономикалык кризис шартында Кыргызстанда ички дүң продукттун көлөмү 2,3% көтөрүлүп, курулуш тармагындагы өнүгүү 17%, ал эми банктарга салынган депозит 17% арбыган.

Улуттук банк менен Каржы министрлиги мамыр-жумур

Жалаң миллиондор менен миллиарддаган сан эсебин ортого жайып, алардын кайда жумшалганын жарыя кылган Каржы министрлигинин коллегиясында көбүнесе ийгиликтер жаатында кеп болду. Өнүгүү, инвестиция, инновациялар борбордук агенттигинин төрага орунбасары Канат Асангулов топтолгон акчанын көбү жыл аягында каржы базарына ташталып, анын натыйжасында сомдун кунары кыйла түшүп кеткенине токтолду.

- Мунун баары декабрдын аягында болду. Мурдагы жылдарда жыл башында январда жасалчу эле. Оголе көп акча, 2,5 миллиард сом каржы базарына ыргытылды. Бул, албетте, акчанын алмашуу курсуна сөзсүз таасир тийгизмек, менимче, анын таасири тийди.

К.Асангулов Каржы министрлиги менен Улуттук банк апта сайын болбосо да, ай сайын ичара акча базарындагы ахывалды талкуулап, болжолду айтып турушу керектигин белгиледи. Мындай пикир менен макул эместигин билдирип, каржы министри М.Султанов акча-кредит саясаты эки мекеменин өз ара тыгыз кызматташуусунун аркасында туруктуу жүргүзүлүп келатканына токтолуп, өкмөт башчыга момундай сунуш менен кайрылды.

- Данияр Токтогулович, жума сайын Борбордук агенттикте жыйналып, апта сайын канча баалуу кагаз чыгарууну талкуулап отуруштун кажаты жок. Андай болсо стратегиянын ордуна эмнеге айланып каларыбызды билбейм. Ошонун баарын так айталы, так түшүндүрөлү, базарга туура эмес сигналдар түшпөсүн.

Өкмөт башчы Данияр Үсөнов быйылкы жыл бюджетинен 20 миллиард ашуун сом өнүгүүгө бөлүнүп жатканын, 500 миллион доллар акча реалдуу экономикага, кайрымжысы жогору болчу ишкердик долбоорлорго бериле тургандыгын кабарлады.

"Жокко" акча да, кызмат да жок

Бюджеттик акчаларды ишкердик долбоорлорго үстөк пайызы менен бөлүп берүү жөрөлгөсү мамлекет менен ишкердиктин өнөктөштүгү катары сыпатталып жүрөт. Ал үчүн өкмөт ири энергетикалык компаниялардан жыл аягында алынчу кирешесин айларга бөлүп Борбордук агенттиктин Өнүгүү фондуна өткөрүүнү көздөөдө.

Жыйын соңунда өкмөт башчы Д.Үсөнов “акча жок” деп айткан кызматкерди токтоосуз кызматтан алууну тапшырды.

- Себеп - жокко жок болуп кете беребиз. Жакшы тилек – жарым ырыс, дегендей, акча бар, жакшы тилек айтып, “байыйбыз, болот, жакшы, турмушубуз оңолот, казынабыз толот”, деп турсак. Адам катары бул да бизге жакшы жөлөк болот.

Өкмөт башчы Каржы министрлигинин казынасында канча акча бардыгын күн сайын ага көрсөтүп турушун, акчанын кайда жумшалганын маалында көрүп турушу керек керек экенин эскертти. Анын айтуусунда, өкмөт күндөлүк бюджеттин аткарылышы, социалдык секторго көңүл буруп, экономикалык өнүгүү стратегиясы президенттин уулу башкарган Борбордук агенттиктин милдетине кирген.

XS
SM
MD
LG