Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:18

Чет өлкөдө билим алууга жол ачык


Азыркы тапта Түркиядагы жогорку окуу жайларда жалпысынан эки миңден ашуун кыргыз студенти билим алууда.
Азыркы тапта Түркиядагы жогорку окуу жайларда жалпысынан эки миңден ашуун кыргыз студенти билим алууда.

Азыр мектептеги акыркы экзамендерин тапшырып жаткан окуучулар көп өтпөй жогорку окуу жайларга өтүү камын көрө башташат. Бүтүрүүчүлөр арасында чет жакта окууну самагандар да жок эмес. Чет өлкөдө окууну каалагандар үчүн кандай программалар бар? Азыркы тапта канча студент башка мамлекетте билим алууда?

Абдумалик Сапарбек уулу 2001-жылдан бери Түркияда билим алып келет. Ал Конья шаарындагы Селчук мамлекеттик университетинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн студенти. Түркияда кыргыз студенттери көп, каалоочулар эки жол аркылуу бул өлкөдөн билим алса болот дейт ал:

- Түрк тилдүү мамлекеттердин студенттери үчүн өзүнчө экзамен бар. Сынактан өткөндөр бюджеттик негизде билим алып жатакана, стипендия менен камсыз болушат. Ошондой эле келишимдик негизде дагы каалочулар кабыл алынат. Бирок аларга эч кандай жеңилдиктер берилбейт. Акысын төлөп билим ала беришет.

1996-жылы Кыргызстан менен Түркия ортосунда түзүлгөн өкмөттөр аралык келишимдин негизинде жыл сайын 150 абитурент Анкара, Стамбул жана башка шаарларга жөнөтүлөт. Азыркы тапта Түркиядагы жогорку окуу жайларда жалпысынан эки миңден ашуун кыргыз студенти билим алып келет.

Бүгүнкү күндө Билим берүү жана илим мнистрлиги Түркиядан тышкары беш өлкөгө студенттерди жөнөтөт. Алсак Орусиянын жогорку окуу жайларында учурда эки миң чакты кыргыз студенттери билим алышууда. Эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн келишим боюнча жыл сайын кыргызстандык 80 студент Орусияда билимин жогорулатууга мүмкүндүк алышат. 2008-2009-окуу жылында кошумча түрдө дагы 49 абитуриентке Орусиядан окуп келүүгө жол ачылган. Ошондой эле жылына беш аспирант илим багытында тажрыйбасын кеңейте алышат.

Ушул эле маалда Украинада 58, Иорданияда 10, Египетте 30, Белоруссияда 3 кыргыз атуулу адистигин жогорулатууда. Билим берүү министрлигинин маалымат катчысы Албина Дүйшөнбиева жалпысынан 6 өлкөдө 5 минден ашуун кыргыз студенттери билим алууда дейт:

-1994-1996-жылдыры түзүлгөн өкмөт аралык келишимге ылайык биз 6 өлкө менен билим жаатында кызматташып келебиз. Түркия, Орусия, Украина, Иордания, Белорусия, Египет мамлекеттеринде Кыргызстандын 5000 чакты студенттери билим алышат.

Студенттерди чет өлкөдө окутуу жаатында “21-кылымдын кадрлары” программасы 1995-жылдан тарта иштеп келет. Бул аралыкта 550 кыргыз атуулу чет өлкөдө билим алган. Азыркы тапта студенттердин бул программа аркылуу Индия, Кытай жана Германия өлкөлөрүндө билимин жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү бар дейт Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы билим берүү боюнча малекеттик комиссиянын башчысы Миразиз Мадумаров:

- Индия мамлекетине үч багыт боюнча окууга жөнөтөбүз. Кыска мөөнөттүү окуу үч айга созулат. Магистратура эки жыл, аспирантура үч жыл убакытка эсептелген. Кытайдан тил жаатындагы бир жылдык курстардан, эки жылдык магистратура жана төрт жылдык бакалавр боюнча билим алууга болот. Германиядан дагы магистратура жана аспирантура багытында окуп келүүгө мүмкүн. Азыркы маалда бул үч мамлекетте отуз алты кыргыз студенти билим алууда.

Чет мамлекеттен окуп келүү бир гана Билим берүү министрлигине же “21-кылымдын кадрлары” программасы менен гана чектелген эмес. Кыргызстандагы бир катар окуу жайлар алмашуу жолу менен алдынкы студенттерин бөлөк мамлекеттерде окутуп келишет. Ошол эле маалда ортомчу фирмалар белгиленген акы үчүн бул жаатта кызмат көрсөтүүгө даяр.

Билим алууну каалагандар бул программаларга гана көз артпастан өз аракети менен интернет аркылуу чет жакка окууга тапшыра алышат дейт бөлүм башчысы Мадумаров:

- Мен өткөн жылы бир жигит менен жолуксам Швеция өлкөсүндө магистратурада билим алып жатыптыр. Сен бул жакка кандайча келдиң, бизде мындай программа жок да дедим. Көрсө ал интернет аркылуу университеттин сайтына кирип, маалымат алып, андан соң он-лайн режиминде сынак тапшырып өз күчү менен өткөндүгүн айтты. Бул жерде атуулдарыбыз өздөрү кызыкдар болуп, чет өлкөдөгү окуу жайлар менен кызматташса, жыйынтык болоору көрүнүп турат.

“21-кылымдын кадрлары” программасы аркылуу чет өлкөдө окууну каалагандар үч этаптан турган сынактан өтүшөт. Алар документтерди толук түрдө тапшыруу, англис тилин мыкты деңгээлде билүү менен атайын комиссиянын сынынан өтүшү керек.
XS
SM
MD
LG