Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Өлкөдө чочко тумоосу менен он жети адам катталды


Кыргызстанда Н1N1 вирусу менен он жети адам катталды. Алардын он алтысы чет өлкөдөн ооруп келгендер, бирөө чочко тумоосун бул жактан жугузуп алган.

3-ноябрдын таңында Москва-Бишкек поезди менен келген жүргүнчүлөрдүн ичинен 10 кишиге чочко тумоосу жукканы аныкталып, алар тиешелүү дарылануудан өтүп жатат. Эртеси Бишкек-Новосибирск поезди менен мекенине кайтып келген эки адамдын ден-соолугу начарлап, аларда чочко тумоосу бар дешен шек менен ооруканага жаткырылган.

Тийиштүү текшерүү бул адамдар да Н1N1 вирусун жуктуруп алганын көргөзгөн. Ошентип, буга чейинки кеселдерди кошкондо, баш-аягы өлкөдө 17 чочко тумоосу менен ооруган адам катталды.

Бишкектеги Республикалык клиникалык-инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Нарынбек Айткулуев оорулуулардын абалы тууралуу буларды айтты:

- Биздин ооруканада учурда чочко тумоосу аныкталган он бир адам дарыланып жатат. Алардын ахыбалы дурус. Москвадан келген сегиз адам менен түндө Новосибирскиден келип түшкөн үч оорулуунун температурасы нормада. Кадимкидей жакшы болуп калышты.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, учурда аталган илдеттин экинчи толкуну күч алды. Ушул тапта дүйнө жүзү боюнча 475 000 адам чочко тумоосуна чалдыгып, алардын алты миңи каза тапты. Коңшу Орусияда бул дарттан он жети адам дүйнө салганы маалым.

Адистердин белгилөөсүндө, чочко тумоосунан каза тапкандар жалпы оорулуулардын эки пайызын түзөт. Буга чейин дүйнөнү дүрбөлөңгө салган куш ылаңы жайылганда бул сан жетимиш пайызга жеткен болчу. Бирок антсе да, аталган илдет чоң пандемияга айланып кетпеши үчүн болгон аракеттерди жасоо зарыл, дешет адистер.

Чочко тумоосун алдын алуу үчүн тазалыкты сактап, витаминдүү тамактанып, эл көп чогулган жайларда беткап кийип жүрүү зарыл. Бул аталган илдетти алдын алуунун эң жөнөкөй гана ыкмалары. Ал эми жүз пайыз чочко тумоосунан эмдөө гана сактай алат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Марк Витчи мырзанын ырасташынча, ушул тапта чоң өлкөлөрдө чочко тумоосуна каршы эмдөө башталды:

-Учурда Орусия, Жапония өңдүү бир нече мамлекеттерде чочко тумоосуна каршы эмдөө эки жумадан бери жүрүүдө. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда өнүгүп жаткан өлкөлөр үчүн 300 000 000 доза вакцина бар. Уюмдун адистери ал дарыларды кайсы мамлекеттерге канчадан берүү керек экенин чечип атат.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орунбасары Сабыржан Абдыкеримов билдиргендей, Кыргызстанга жакын арада эмдөө каражаттары алып келинет:

-Жуманын башында Кыргызстан чочко тумоосуна каршы вакцина берилчү сегиз мамлекеттин катарына киргени маалым болду. Бизге гуманитардык жардам катары 500 000 доза декабрдын башында берилет. Ошондо биз эмдөө иштерин дароо баштайбыз. Биринчилердин болуп врачтар, ооруп калуу коркунучу жогору болуп, аялуу топко киргендер, кош бойуу энелер вакцина алышат.

Ошондой эле алгачкылардан болуп калк менен карым-катнаш жүргүзгөн бажы, чек ара, почта кызматкерлери, журналисттер эмделет.

Сабыржан мырзанын айтымында, ал кечээ үч миллиондон ашык сом бөлүп берүү өтүнүчү менен каржы министрине кайрылган. Эгерде акча бөлүнсө, ал каражатка Н1N1 вирусун аныктай турган тесттер, беткап, керектүү дары-дармектер алынат.

Өлкөдө чочко тумоосу менен он адам катталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:59 0:00

XS
SM
MD
LG