Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Медиахолдинг: болот-болбойт, келет-келбейт


Өкмөт карамагындагы «Кыргыз Туусу». «Эркин Тоо», «Слово Кыргызстана» басылмаларын президенттик катчылык ээлигине өткөрүү артынан толгон-токой божомол-жоромолдорду ээрчите келди.

Бийлик өкүлдөрү азырынча мамлекет ээлигиндеги маалымдоо каражаттарынын Медиахолдингин түзүү идеясын четке кагышууда. Бирок да өкмөттүк маалымдоо каражаттары кайра түзүүгө доосу жоктугун ырастап, тилкат жазып беришкен.

Мамлекет ээлигиндеги маалымдоо каражаттарын эркиндикке кое берүү демилгеси 2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин байма-бай коюла баштаган. Бирок да коомдук телекөрсөтүү, эркин гезиттер маселеси улам артка жылдырылып, 2007-жылкы Башмыйзам жаңыланышынан соң козголбой деле калган.

Кезектеги демилге башкаруу системасын реформалоого байланыштуу чыкты. Реформа аркасы менен өкмөт колундагы маалымдоо каражаттарынын башын кошуп, бир жерден башкаруу идеясы кайрадан калкып чыгууда. Жаңы иштин башталышы өкмөттүк гезит жетекчилеринен кызматтан кетүүгө макулдук берген тилкат алуудан башталды.

“Эркин Тоо” гезитинин башкы редактору Сакы Садыковдун айтуусунда, Медиахолдинг тууралуу азырынча ачык кеп боло элек. Бирок да өкмөттүк маалымдоо каражаттарына президенттин учурдагы саясатын колдоо тапшырмасы берилди.

- Президенттин ишмердүүлүгүн маалымат менен камсыздоо боюнча, структуралык кайра түзүүлөр боюнча жарлыктар бар экен. Ошолордун аткарылышы боюнча келип айтып, гезиттерди структуралык жактан кайра түзөбүз, айрым маалымдоо каражаттарында кыскартуулар же структуралык айрым өзгөртүүлөр болушу мүмкүн.

Өкмөттүк гезиттердин президенттик катчылыкка өтүшүнө байланышкан өзгөрүүлөргө кусаматы жоктугун ырастаган тилкаттарды “Кыргыз Туусу” гезитинин жетекчилиги да жазышкан. Басылманын башкы редактору Кыяс Молдокасымовдун ырасташынча, бул боло турган өзгөрүүлөргө эмитен камдуу-чомдуу туруунун амалы.

- Ар бир редакция өз алдынча эле иштейт. Структуралык өзгөрүү болот. Анан штаттар дагы кыскарат же көбөйөт. Ошого эффективдүү иштеген структура сунуш кылынат деп айтып жатышат азырынча.

Натыйжалуу иштей турган структура кандай экендиги демилгени баштаган президенттик катчылыкта деле азырынча дайын эмес. Президенттик пресс-кызмат жетекчиси Алмас Турдумаматов өкмөттүк маалымдоо каражаттарынын башын бириктирген Медиахолдинг түзүлбөстүгүн, жасалып аткан иш-аракеттер өкмөт карамагындагы маалымдоо каражаттарын президенттик катчылыкка өткөрүү учурунда мыйзам негизинде сөзсүз жасалчу жөрөлгөлөр экенин ырастады.

- Статусу өзгөрүп атпайбы. Ошого байланыштуу эле аларда кайра түзүү болуп жатат. Укуктук жөрөлгө. Формасын өзгөрткөндө ошондой болот.

Анткен менен өкмөттүк маалымдоо каражаттарын каптап өтчү кезектеги өзгөртүүнүн маани-жайы азырынча бүдөмүк бойдон калууда. Азыркы бийликтин жасап жаткан иштерин жалаң мактоого тундурган маалымдоо каражаттарынын өзү эркиндикке, өкмөттүк үйдөн чыгып турчу милдеттерден кутулууга куштар эмес. Анын үстүнө кийинки кездери президенттик катчылык мамлекет башчысы менен маалымдоо каражаттарынын пикир алышуусун алдын-ала даярдалган формалдуу иш-чарага айлантып салды.

- Бардык журналисттер бирдей болуп, президентке кайсы бир курч суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүгү болбой келатат. Анын ордуна катчылык журналисттерди жергиликтүү жана батыштык деп бөлүшөт,- дейт Ассошиейтед Пресс агентчилигинин кабарчысы Лейла Саралаева.

Президент Курманбек Бакиевдин маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен кездешүүсү алдын-ала даярдалган суроолор, даяр жооптор менен өтүшү көнүмүшкө айланып калган. Анын үстүнө мамлекет башчы маалымдоо каражаттарынын алдында курч суроолорго тартынбай жооп берген учуру деле кездеше элек. Ошондон мамлекеттин эсебинен жан баккан маалымдоо каражаттарын бир колго топтоого кимдер кызыкдар экени азырынча табышмак.
XS
SM
MD
LG