Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

Кыргызстандагы уйгурлардын коогасы


Кыргызстандагы уйгурлардын “Иттипак” коомунун мүчөсү, “Иттипак” гезитинин редактору Акбар Баудунов
Кыргызстандагы уйгурлардын “Иттипак” коомунун мүчөсү, “Иттипак” гезитинин редактору Акбар Баудунов

Кыргызстандагы уйгурлардын “Иттипак” коому Үрүмчүдөгү уйгурлардын абалына тынчсызданып БУУга, Кыргызстандын президентине жана Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигине кайрылуу жолдоду.

Адегенде Кыргызстандагы уйгурлар Бишкекте Кытай бийлигине карата нараазылык митингисин өткөрүүнү пландаштырган. Анан шайлоо өнөктүгүнө терс таасирин тийгизип же оппозиция өкүлдөрү тарабынан өз пайдасына бурмалоо болуп кетүүсүнөн чочулап, жөн гана кайрылуу каттары менен чектелүүнү туура көрүшкөн.

Уйгурлардын “Иттипак” коомунун кайрылуусу негизинен эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу экенин сыпаттайт. Ошондой болсо да атайын кайрылуу кыргыз президенти Курманбек Бакиевге да жөнөтүлдү. Анда Кытай бийлигинин тынч жыйын катышуучуларына карата демократияга жатпаган аракеттерин токтотууга жардам берүү жазылган.
Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык секретары Пан Ги Мунга жолдонгон катта БУУнун Коопсуздук Кеңеши бул окуя боюнча тезинен иликтөө жүргүзүшүн, кандуу трагедия күнөөкөрлөрүн Эл аралык сот жообуна тартууну, абакта жаткан уйгурлардын бошотулушуна көмөк көрсөтүү өтүнүчү айтылат.

Ал эми Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигине жөнөтүлгөн кайрылуу катында Шиңжанда уйгурлардын элементардык укуктары сакталбай жатканына тынчсыздануу айтылып, элчиликтин алдында уюштурула турган нараазылык пикети шайлоого байланыштуу өтпөй калгандыгы да жазылат.

Кыргызстандагы уйгурлардын эл аралык коомчуктун көнүлүн буруу каттары Бишкектеги чет мамлекеттердин элчиликтерине, консулдуктарына таратылган. Бул тууралу уйгурлардын “Иттипак” коомунун мүчөсү, “Иттипак” гезитинин редактору Акбар Баудунов кабарлап, кыргыз өкмөтүнөн болбосо да дүйнөнүн башка мамлекеттеринен жардам же кийлигишүү болушуна ишенээрин баса белгиледи:

- Биз ошол окуя болгондон кийин Кыргызстандагы уйгур коому чогулуш жасап, эмне кылыш керек деп пландарды сүйлөшкөнбүз. Ошондо биз Кытай элчилигинин алдына пикетке чыгалы дегенбиз. Бирок шайлоо алдында пикетке чыгууга болбойт деп, токтоп калдык. Анын ордуна кат жолдоону чечтик. Бул жерде Кыргызстан эле эмес, башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү, элчиликтери да жардам бериши керек.

Ушул күндөрү Шинжаңдагы окуяга тынчсызданганын билдирип Туркияда миңдеген адамдар нараазычылык митингисине чыгышты. Бирок бул өз мезгилинде Кытайдан Туркияга келип баарлаган уйгурлардын эсебинен жүрүшү ыктымал деген пикирин чыгыш таануучу Олжобай Каратаев айтып, Шинжаңдагы окуя Кыйтайдын ички маселеси ага бөтөн мамлекеттин таасири аз деген баасын берди:

- Мен өзүм көргөм. Түркияда Кытайдан ар түрдүү себептерден келип жашап калган уйгурлар көп. Ошолордун эсебинен болуп жатса керек. Анткени Туркиянын өзүнүн ички маселелери өзүнө жетиштүү деп ойлойм. Албетте биз адам катары, түрк тилдүү, дини бир эл катары уйгурларга өзүбүздүн сезимибиз болушу мүмкүн. Бирок окуяга Кытайдын ички жана жеке мамлекеттик иши катары караш керек.

XS
SM
MD
LG