Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 22:17

25-май: Тарых барактары


Саякатчы Чокан Валиханов 1856-жылдын 25-май күнү Сан-Таштын оозундагы Түп суусунун боюна түнөп, мындагы жер шарты, жаратылыш дүйнөсү жана элдик уламыштар туурасында маалымат топтогон. Бүткүл союздук Борбордук Аткаруу комитетинин токтомуна ылайык 1925-жылдын 25-май күнү Кара-Кыргыз автономиялык областы Кыргыз автономиялык областы болуп өзгөртүлгөн.

Кыргыздардын бугу уруусунун элчилиги 1825-жылдын бул күндөрү Омск шаарында жүрүшкөн. Орус архивдик материалдарына караганда бугулардын-белек, желдең, арык урууларынын элчилери үч талап менен Омскиге келишкен:

1. Элчилер аларды Санкт-Петербургдагы Улук Ордого жиберүүсүн өтүнүшкөн.

2. Аларга жайгашканга жер берип, анда тартип орнотулушун талап кылышкан.

3. Бейтартипсиздерди тыйып, кербен жолун коопсуздоону суранышкан.


Таанымал саякатчы Чокан Валиханов 1856-жылдын 25-май күнү Сан-Таштын оозундагы Түп суусунун боюна түнөп, мындагы жер шарты, жаратылыш дүйнөсү жана элдик уламыштар туурасында маалымат топтогон. Анын жазганына караганда, Сан-Таш боюнча эле эл оозунда бир канча уламыш айтылып келген жана алардын бири, Сан-Таш Тамерлан маалында пайда болгон деп кабарланат.

Пишпек аткаруу комитетинин эл депутаттар кеңеши 1919-жылдын 25-майында 1-Пишпек советтик полкунун командири Яков Логвиненкого арыз менен кайрылышкан. Арызда кызыл аскерлердин калк арасында башаламандык чыгарышына жол бербилбесин жана алардын тартип бузуп, шаардын бейпилдигине доо кетирген аракетине тыю салуу маселеси айтылат. Мындан тышкаары, кызыл аскерлердин мас абалында шаарга чыгышына жол бербөө жана адамдарды талап, тоноолорун токтотулушу талап кылынат.

Бүткүл союздук Борбордук Аткаруу комитетинин токтомуна ылайык, 1925-жылдын 25-май күнү Кара-Кыргыз автономиялык областы Кыргыз автономиялык областы болуп өзгөртүлгөн.

Кыргызстан КП Бксынын V Пленуму 1959-жылдын 25-май күнү ишин баштаган. Пленумда КПССтин XXI съездинде каралган партиялык уюштуруу иштерин жандандыруу жана саясий агитациялык ишти илгерилетүү талаптарын аткаруу маселелери талкууланган.

Таанымал акын жана жазуучу Шатман Садыбакасов 1932-жылдын бу күнү жарык дүйнөгө келген.

Франциянын жумушчулары 1864-жылдын 25-майында стачка өткөрүшүп натыйжасында кесиптик уюмдарга биригүүгө укук алышкан. Ал эми 1956-жылы болсо, 16-18 жаштагы улан-кыздар үчүн 6 сааттык жумушчу күнү белгиленген.

Александриялык хронологияга ылайык б.з.ч. 5493-жылдын 25-май күнү дүйнө жаралган.

Петр I падышалык такка отурушуна каршы чыккан стрелецтердин Москвадагы көтөрүлүшү 1682-жылдын 25-май күнү башталган.

Император Николай I 1826-жылдын 25-майында тарыхчы Карамзинге Италиядан барып даарыланышы үчүн 50 миң рубль акча берүү туурасында буйрукка кол койгон.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Джон Ф. Кеннеди 1961-жылдын 25-май күнү, кийинки он жылдык ичинде улуттун эң башкы максаты адам баласынын Айга конушу деп билдирген.

Африкалык Биримдик Уюму 1963-жылдын 25-май күнү негизделген.

Советтер Союзунун элдик депутаттарынын I съезди 1989-жылдын 25-май күнү ишин баштаган.
XS
SM
MD
LG