Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

4-март: Тарых барактары


Мичиган көлүнүн боюнда орун алган Чикаго порту 1837-жылдын 4-март күнү шаар статусун алган.
Мичиган көлүнүн боюнда орун алган Чикаго порту 1837-жылдын 4-март күнү шаар статусун алган.

Фрунзе шаарындагы «ТРАМ» аталган биринчи жаштар театры 1928-жылдын 4-мартында салтанат менен ачылган. Жаңы театрды искусство ишин жанындай сүйгөн-Мыльников, Поселянин, Еленин, Гордый, Осман жана Сумительновдор жетектешкен.

«Социализмдин өнүгүшү таптык күрөштүн курчушуна алып келет» деген сталиндик жободон улам, XX кылымдын 30-жылдарынан тарта Кыргызстандын билим адамдарына каршы куугунтук иши башталган. Айрыкча партиялык буйрукчул системадан адабият жана маданият тармагында эмгектенген чыгармачыл адамдар запкы көргөн. Кыргыз обком секретариатында 1932-жылдын 4-март күнү өткөн жыйында кыргыз адабиятында орун алган «өксүктүктөр» талкууланган. Негизги баяндамачы катары сүйлөгөн Жаманкуловдун билдирүүсүнө ылайык, кыргыз адабиятында орун алган кемчиликтерди жою максатында «Кыргыз адабияты жөнүндө» атайын резолюция кабыл алынган. Резолюцияда К. Тыныстанов «алаш-ордочул контрревоюциялык, буржуазиячыл-улутчулдук идеяларды» кыргыз адабиятына алып келген; ал эми Көкөнөв, Карачев, Кененсарин ж. б. пролетариатка жана анын авангарды эсептелген коммунисттик партияга каршы бай-манаптык идеологияны таңуулаган чыгармаларды жаратышып, К. Тыныстановдун ырлар жыйнагы мындан ары пайдаланылбасын деген токтом кабыл алынган.

Кыргыз АССРинин Башкы соту 1936-жылдын 4-мартында Каракол кантонунун мурдагы соту Токтогуловдун иши боюнча өкүм чыгарды. Экс-сотко Түштүк Ысык-Көлдөгү айрым сот иштерин бурмалап, калктан пара алат деген айып коюлган. Сот иши 18 күнгө уланып акыры март айынын башталышында Башкы сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан.

Кыргыз ССР искусство чеберлеринин биринчи республикалык чогулушу 1948-жылдын 4-мартында соңуна чыккан.

Кыргыз ССРинин Жогорку соту 1983-жылдын 4-мартында «политехник» аталган чуулгандуу окуянын аткаруучуларына жаза өкүмүн чыгарган. «Өнүккөн социализмдин» «кой үстүнө жумуртка уялаган» убагында ашынган каракчылар Фрунзе политехникалык институтунун кассасынан 70 миң рубль акча уурдашкан. Кассадагы акчаны уурдо аракети чак түштө жасалгандыктан, советтик бийликтин жабык маалымдоо шартында да ал коомчулуктун оозуна алынып, дастандай айтылган. Мындан тышкары, ушул эле бандиттик топ тарабынан шаардык ювелир Глазунов менен асфальт-бетон заводдун башкы инженери Бреннердин өлтүрүлгөндүгү аныкталган. Жогорку сот бандиттик топтун үч өкүлүнө өлүм жазасын чыгарып, калган экөөнү ар бирин 10 жана 8 жылга эркинен ажыраткан.

Россиядагы Мамлекеттик элчилик басылманы уюштуруу туурасындагы буйрук 1671-жылдын 4-мартында чыккан.

Улуу Британия королу Карл II 1681-жылдын 4-мартында Уильям Пеннге Түндүк Америкадагы аймакты энчиге берген. Аталган аймак кийин Америка Кошмо Штаттарынын Пенсильвания штатына айланган.

Петербург шаарындагы Илим Академиясына караштуу биринчи гимназия 1726-жылдын 4-мартында ачылган.

Императрица Анна Иоановна 1733-жылдын 4-мартында «Шаардык полицияны түзүү туурасында» жардык кабыл алган.

Император Петр III 1762-жылдын 4-мартында «Каалагандар үчүн Эркин соода туурасында» жардыкка кол койгон.

Америка Кошмо Штаттарынын биринчи Конгресси 1789-жылдын 4-мартында Нью-Йорк шаарында ишин баштаган.

Мичиган көлүнүн боюнда орун алган Чикаго порту 1837-жылдын 4-март күнү шаар статусун алган. Ал убакта шаар калкынын саны 3 миң адамга араң жетсе, 1850-жылы Чикагодо 30 миң адам жашаган. Өткөн кылымдын соңунда шаар өнөр жай жана финансы борбору катары өлкө экономикасында олуттуу орун ээлеп келген. Жергиликтүү индеец калкы «чикаго» деп сасыган жерди аташкан. Мындан улам XX кылымдын ортосуна чейин шаар өнөр жай калдыктары менен ыштын чордону катары индеецтер айткан аталышты иш жүзүндө аныктап келген. Кийин америка шаарларынын арасынан Чикаго биринчи болуп экологиялык реконструкцияны ийгиликтүү иш жүзүнө ашырган.

Франция эркектери үчүн жалпы шайлоо укугу 1848-жылдын 4-март күнү ыроолонгон.

Австрия мамлекетинин жаңы Конституциясы 1849-жылдын 4-март күнү кабыл алынган.

Париж келишимине ылайык, Улуу Британия 1857-жылдын 4-мартында Ооганстандын эгемендигин тааныган.

Америкалык ойлоп тапкыч Эмиль Берлинер 1877-жылдын 4-мартында микрофонду чыгарган.

Минск шаардык комендантынын буйругуна ылайык, 1917-жылдын 4-март күнү паспорттук белгиге жараша Михаил Александрович Михайлов (Михаил Васильевич Фрунзе) аталган адам Жалпы россиялык Земской Союздун Минск шаарындагы тартипти жөнгө салуу боюнча милициясынын убактылуу башчысы кызматына дайындалган.

Юрий Сенкевичтин Мемориалдык музейи 2009-жылдын 4-март күнү ачылган.
XS
SM
MD
LG