Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

12-май: Тарых барактары


12-май – Мээрман айымдардын эл аралык күнү.
12-май – Мээрман айымдардын эл аралык күнү.

Пишпек уезддик Кеңеши 1918-жылдын бул күнү контрреволюциячыл «Алаш ордо» уезддик кеңешин жоюу чечимин кабыл алган.

Түркстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитети 1924-жылдын 12-майында Абдыкерим Сыдыковду «коомдук жат элемент» катары партиядан чыгарган.

РСФСР Борбордук аткаруу комитети 1926-жылдын 12-майында Пишпек шаарын Фрунзе аталышына өзгөртүү туурасында Токтом кабыл алган. Шаар аталышынын өзгөртүлүшү М. В. Фрунзенин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу күн тартибине коюлган. Пишпектиктер улуу жердешинин өлүмүнө кайгырып, шаарды анын урматына Фрунзеград деп атап алышкан. Жогоруда айтылган Токтомдо шаарды кыскача Фрунзе деп атап, мындан тышкары каракыргыз жолдошторго ВЦИКтен озунуп өз алдынча шаар аталыштарын өзгөртпөгүлө деген эскертүү айтылган.

Кыргыз Улуттук музыкалык театрынын биринчи бет ачары 1937-жылдын 12-майында өткөн. Кыргыз Улуттук музыкалык театры өзүнчө чыгармачыл бирдик катары Кыргыз драма театрынан бөлүнүп, премьера күнү Владимир Власов менен Владимир Ференин чыгармасына коюлган «Алтын кыз» музыкалык драмасы көрүүчүлөргө тартууланган. «Алтын кыз» музыкалык драмасынын премьерасы коюлган 12-май Опера жана балет театрынын өз алдынча чыгармачыл топ катары түптөлүш күнү катары эсептелинет.

Дүйшөмбү шаарында 1991-жылдын 12-май күнү «Демократиялык конгресс» ишин баштаган. Конгресске Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан өлкөлөрүндөгү демократиялык партиялар катышып, Борбордук Азия аймагына демократиялык принциптерди жайылтуу маселеси каралган.

12-май – Мээрман айымдардын эл аралык күнү. Майрамга 100 жыл чамалуу болгонуна карабастан, аны белгилөө жөрөлгөсү 1971-жылдан бери гана ырааттуу жүргүзүлүп келет. Мээрман айымдардын кызматы биринчи жолу Флоренс Найнтингейл тарабынан Крым согушу маалында колдонулган. Эл аралык Кызыл Чырым уюму эки жылда бир жолу 50 мээрман айымга Флоренс Найнтингейл атындагы жогорку сыйлык тапшырат. Бул күн Кыргызстанда 1993-жылдан бери белгилене баштаган.

Багдад халифи Жафар ал-Муктадир элчилик максат менен 922-жылдын 12-май күнү Волга Булгариясына келген. Элчилик миссияда катчылык кызмат аткарган Ахмед ибн-Фадлан ибн-ал-Аббас ибн-Рашид ибн-Хаммад саякат туурасында маалымат калтырган.

Евангелиянын орусча котормосу үчүн жарым жылдан ашык убактысын короткон китеп устаты Григорий 1057-жылдын 12- май күнү кол жазманы толугу менен бүткөн. Тарыхта ал Григорийдин чокунганга чейинки ысмы менен «Остромирова Евангелия» деп аталган. Кол жазманын 294 барагы ар түркүн жасалга менен кооздолуп, анын үч жерине Иоанн, Лука жана Марктын келбети тартылган сүрөттөр тиркелген.

Краковдогу Ягеллон университети 1364-жылдын 12-майында ачылган.

Америка континентиндеги биринчи жогорку окуу жай эсептелген Сан-Маркос университети 1551-жылдын 12-майында Лима шаарындагы Доминикан орденине багыштуу монастырдык мектептин негизинде ачылган.

Америка континентиндеги биринчи жогорку окуу жайы Лима шаарында 1551-жылдын 12-майында ачылган. Доминикан орденине караштуу монастрдык мектеп бул күнү Сан-Маркос университети болуп өзгөртүлгөн.

Отто фон Бисмарк 1871-жылдын 12-май күнү Германия империясынын канцлердигине дайындалган. Ошентип Бисмарктын 20 жылга уланган бийлиги башталган.

«Пирке реакциясы» аталган кургак учукка каршы диагностикалык тестти сунуш кылган австриялык педиатор Клеменс Пирке 1874-жылдын 12-май күнү жарык дүйнөгө келген.

Тунистеги француздук протекторат 1881-жылдын 12-майында орногон.

Польшадагы мамлекеттик төңкөрүш 1926-жылдын 12-май күнү жасалып, бийликке Юзеф Пилсудский келген.

Советтер Союзунун Элдик Комиссарлар Кеңешинин 1927-жылдын 12-май күнкү токтомуна жараша республиканы коргоо боюнча ички аскер бөлүгү (ВОХР) түзүлгөн.

Кытайдын Элдик жыйыны 1931-жылдын 12-майында Конституцияны кабыл алган.

Германия 1938-жылыдн 12-майында Маньчжоу-Го мамлекетин тааный тургандыгын билдирген.

Гитлердик Германия 1940-жылдын 12-май күнү Францияга кол салган.

Новосибирдеги опера жана балет театры 1945-жылдын 12-майында ачылган.

Советтер Союзу 1949-жылдын 12-майында расмий түрдө Батыш Берлинге жасалган блокаданы токтоткон.

Эрнест Хемингуэй 1950-жылдын 12-майында «Нью-Йоркер» журналына интервью берип, адабият майданындагы өмүр жолун төмөнкүдөй жыйынтыктаган: «Мен башында акырын баштап, Тургеневди кулаттым. Аябагандай машыккандан кийин Мопассанды жеңгенге жетиштим. Стендаль менен эки жолу теңтайлаша кармашып, балким акыркы жолкусунда артыкчылык көрсөттүм окшойт. Анткен менен эч ким мени акылымдан адашкан күндө да Толстой менен таймашка чыгара албайт» деген экен.

Батыш Германия 1965-жылдын 12-майында Израиль мамлекети менен дипломатиялык мамиле орноткон. Араб өлкөлөрү буга жооп ирээтинде Бонн менен алакасын үзүшкөн.

СССР менен Болгария ортосундагы достук, кызматташуу жана өз ара жардамдашуу келишимине 1967-жылдын 12-май күнү София шаарында кол коюлган.

Михаил Шолоховдун романынын негизинде тартылган Сергей Бондарчуктун «Алар Мекен үчүн салгылашкан» тасмасы 1975-жылдын 12-май күнү чыккан. Тасмага Василий Шукшин, Вячеслав Тихонов, Бондарчук, Георгий Бурков, Юрий Никулин, Иван Лапиков, Николай Губенко сыяктуу советтик кино чеберлери тартылган.

М. С. Горбачёв менен Б. Н. Ельцин 1991жылдын 12-май күнү жаңы Союздук келишимге кол коюуга макулдашкан.

Эстония 1993-жылдын 12-майында Европа Кеңешине кабыл алынган.
XS
SM
MD
LG