Орусия империясы менен Кытай ортосундагы бажылык көзөмөл 1888 жана 1889-жж. орнотулган. Бул жылдары Жетисуу областына караштуу Нарын чебинде биринчи бажы бекети ачылып, ал Түркстан генерал-губернатордугуна караган. 1890-жылдын 12-июлунда Түркстан генерал-губернатордугунун аймагында эки бажылык округ ачылган: анын бири Томск губерниясынын аймагындагы Семипалатинск округу болсо, экинчиси Жетисуунун чыгыш бөлүгүндө орун алган.
Ош уезддик-шаар бейпартиялык конференциясы 1921-жылдын бул күнү өлкөнүн НЭП, т. а. жаңы экономикалык саясат багытында өнүгүүсүн колдогон.
Кыргыз областтык (б) ВКП уюму 1932-жылдын бул күнү Фрунзе шаарынын «айрым партиялык жана кеңештик кызматкерлери өзүн-өзү камсыздоо менен алек болуп жаткандыгын» кескин сынга алган. Совет мамлекетиндеги ушул жылкы каатчылыкка байланыштуу тамак-аш жетпей, калктын жону жукарып, дүкөндөргө азык-түлүк түшпөй калган. Мындан улам майда аткаминерлер жогорку бийлик өкүлдөрүн тейлеген дүкөндөрдүн талонун алуу амалын ойлоп табышкан. Партия чечиминде өзүн-өзү камсыздоого барган кызматкерлер партия катарынан чыгарылып, ал түгүл сот жазасы колдонула тургандыгы эскертилет.
Кыргызстан жазуучулар союзунун V съезди 1966-жылдын 12-июлунда ишин баштаган. Υч күнгө уланган жазуучулар курултайына жазуучулар башкармалыгынын төрагасы Т. Абдымомунов жетекчилик жасаган.
Герцог Альба жетектеген испандык армия 1573-жылдын 12-июлунда Гарлем шаарын басып алган.
Царицын шаары 1589-жылдын 12-июлунда түптөлгөн.
Саратов шаары 1590-жылдын 12-июлунда негизделген.
Англис королу Карл II 1679-жылдын 12-июлунда жарандардын сот укугун коргогон акт чыгарган.
Жеймс Кук 1776-жылдын 12-июлунда акыркы экспедицияга Плимуттан чыккан.
Француз Уюштуруу жыйын 1790-жылдын 12-июлунда Франция чиркөөсүн Римден бөлгөн.
Наполеон Бонапарт 1806-жылдын 12-июль күнү германдык өлкөлөрдүн Рейн биримдигин курган.
Биринчи Славян съезди 1908-жылдын 12-июлунда Прага шаарында ишин баштаган.
Орусия 1920-жылдын 12-июлунда Литванын Вильнюска болон укугун тааныган.
РКП(б) Борбордук Комитети 1923-жылдын 12-июлунда Донбасс шахтасын калыбына келтирүү туурасында токтом кабыл алган.
Фрнациядагы мушкетёр Д’Артаньяндын эстелиги 1931-жылдын 12-июлунда ачылган.
АКШ Конгресси 1933-жылдын 12-июлунда эмгек акынын минималдык өлчөмүн бир саатка 33 цент менен белгилеген.
Эфиопия императору Хайле Селассие 1959-жылдын 12-июлунда Москвага иш сапары менен келген.
Норвегиялык саякатчы жана окумуштуу Тур Хейердал 1970-жылдын 12-июль күнү «Ра-2» аталган папирус кеме менен экспедицияга чыккан.
Тоолуу Карабак областтык кеңеши 1988-жылдын 12-июлунда Азербайжандын курамынан чыга тургандыгын жар салган.
Литванын президенттигине 2009-жылдын 12-июлунда биринчи жолу аялзатынан Даля Грибаускайте айым шайланган.