- Амансызбы, Равшан мырза?
- Кудайга шүгүр, мына, чындык болбоду. Абактан чыктым. Эми ошол
чындыкты жүзөгө ашыруу максатында мурункудай ишимди улантмакчымын.
- Жактоочуңуздан саламатчылыгыңыз начарлап кеткенин уктук эле. Деги ден соолугуңуз кандай?
- Азырынча ден соолугум жакшы. Жүрөк оорум бар эле. Ортодо бир-эки жолу кармап, кичине ооруп калдым.
- Ош шаардык соту Сизди Рыскул Мондошев деген бейтааныш кишиге Интернет аркылуу жолдогон каяшасында тыюу салынган «Хизб-ут-тахрир» партиясын колдогон деп айыптап, бир жылга кеспедиби. Өкүмгө неге каршылыгыңызды билдирбедиңиз?
- Буга каршылыгымды эми билдирем! Кассациялык арыз жазам. Бул өкүм өзү мыйзамсыз. Биринчиден, Рыскул Мондошев мен туурасында маалымат жарыялаган. Мен ага карата каршы пикиримди гана билдиргем. Мени ошол пикирим үчүн камаш мыйзамсыз! Анын үстүнө менин ошол пикиримдин ичинде Конституциялык түзүлүшкө каршы же Халифат орнотууга үгүттөгөн сөздөр болгон эмес. Акыркы сотко кысым болду, чынында, карап туруп Ош шаардык сотунун судьясы Камчыбековго боорум ачыды. Каалабаса да, тапшырманы аткарды. Үлкөн чиновник муну буюрбаса, Камчыбеков өзү андай өкүм токуй албайт эле.
- Эми кассациялык арызды түз эле Жогорку Сотко жолдоюн деп жатасызбы?
- Жок, кассациялык арыз менен Ош облустук сотуна кайрылам. Дин бонча мамлекеттик агенттиктин эксперттеринин «Гапиров өлкөдө тыюу салынган «Хизб-ут-тахрир» партиясын колдогон» деген корутундусун жокко чыгартып, ошонун негизинде гана мен акталышым мүмкүн.
- Укук коргоо органдырынын айрым өкүлдөрү Сизди тыюу салынган "Хизб-ут-тахрир" партиясынын Оштогу лидерлеринин бири деп эсептеп жүрүшпөйбү. Мунун канчалык чындыгы бар?
- Укук коргоо органдарынын айрым өкүлдөрү эмес бардыгы эле ушундай дешет. Кээ бирлери билишет, мен «Хизб-ут-тахрир» партиясына эч качан мүчө болгон эмесмин, болбойм дагы. Мен демократмын. Мага бирөө кайрылдыбы, адам өлтүрдүбү, же хизб-ут-тахрирчиби, коргоймун. Мына, Кыргызстанда Хизб-ут-тахрирди коргой турган бир дагы адвокат жок! А эмне үчүн алардын укугу корголбошу керек? Айрым жактоочулар «Мен коргойм, мен чыгарам!» деп, бирок сотто айыпталуучуга жеңилдик сурашат. Бул коргоого кирбейт да. Отписка, акча алыш, адам алдоо.
- Шаардык соттун өкүмү күчүнө киргиче 1,5 жылдай тергөө абагында жатып калдыңыз. Ал жакта акыбал кандай экен?
- Түрмөнүн акыбалы, оокат-аш, жемиш, багуу жаман деп айта албайм. Себеби, мен мурда да олтургам, көргөмүн. Ошолорго салыштырмалуу шарттары эки эсе жакшы.
Ар тилде журнал-пурналдар кирип турат, окушат, бирок, түшүнүшпөйт. Мүмкүнчүлүгү болуп, телевизор койдуртуп алгандар бар, аларга уруксат. Мен «Азаттык» радиосун такай тыңшачумун, акыркы кезде уктурулбай калды. Би-Би-Сини угуп турдум, «Голос Американы» угуп турдум. «Азаттыктын» обого чыгышын абактагылардын бардыгы каалашат. «Неге чыкпай калды?» деп бардыгынын башы катып олтурат.
Мына, мен жакында соттолгон ноокаттыктардын мисалында көрдүм. СНБ кызматкерлери кечке маал абакка кадимкидей кирип, айланып, текшерип, башка иштерди кылып жүрүшът. Мына ушул мыйзамсыз!
- Эми мындан аркы кадамыңыз кандай болмокчу?
- Мындан аркы кадамым, биринчи кезекте, бир күндүк убактымды коротуп, облустук сотко кассациялык арызымды жазып тапшырам. Андан тышкары ноокаттыктардын укугун коргоо, дагы башка мени күтүп жаткан иштер арбын.
- Сиз жана айтпадыңызбы, «сотко жана укук коргоо органдарына түк ишенбейм!» деп. Аларга карата моралдык-материалдык доомат коеруңузду мурун кабарлагансыз. Азыр ал ниетиңизден кайтпадыңызбы?
- Бул иш боюнча сот жараяны башталганда эле айткамын, айыптоо мыйзамсыз. Мен баары бир, өлсөм өлөм, бирок актыгымды далилдөө үчүн акырына дейре күрөшөм. Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, мен моралдык-материалдык чыгымымды өкмөткө төлөттүрбөйм. Не дегенде, бюджет – бул элдин акчасы. Мен укук коргоо органдарынын кишилерине «Мен силерди жоопкерчиликке тарттырып, бүтүндөй каражаттарды чөнтөгүңөрдөн төлөттүрөм!» дегем. Эми ошону сөзсүз кылам!
- Равшан мырза, ачык-айрым маегиңиз үчүн ыракмат! Аман болуңуз?