Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Орус өкмөттүк делегациясынын Кыргызстанга иш сапары


Орусиянын 1-вице-премьери Игорь Шувалов Кыргызстандын премьер-министри Данияр Үсөнов менен жолугушууда. Бишкек, 20-январь, 2010-жыл.
Орусиянын 1-вице-премьери Игорь Шувалов Кыргызстандын премьер-министри Данияр Үсөнов менен жолугушууда. Бишкек, 20-январь, 2010-жыл.

20-январда орус өкмөт төрагасынын 1-орунбасары Игорь Шувалов жетектеген делегация Кыргызстанга келип, мамлекет, өкмөт башчылары менен жолугушту. Буга чейин орус өкмөтүнүн өкүлдөрү Ашкабат менен Ташкенде болушкан.

Орус өкмөтү күнкорсуз мамлекеттер шериктигиндеги өнөктөштөрүнө негиздүү программаларды сунуш кылууну тапшырууда.

Бийик технологияга карай алга!

Эңгезер СССР урандысында пайда болгон Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинде бир топ маанилүү документтерге кол коюлганы менен, алардын ишке ашуусу арасат калууда. Өз алдынчалыкка жетишкени Түркмөнстан ооз учунан шериктештикке таламдаш экенин билдирип келсе, Ташкендин позициясы арасат бойдон калууда.

- 2010-жылы КМШда биздин төрагалык алдында негизги иш-чаралар илим жана инновация жылына багытталат. Бул жаатта айрым долбоорлор боюнча бизде өз ара кызыкчылыктар бар. Буга Дубна шаарында иштей баштаган жогорку технологиялар фонду да кошулат,- деп билдирди Орусия өкмөт төрагасынын 1-орунбасары Игорь Шувалов Бишкектеги жолугушууда.

Москванын илим жана жогорку технология жаатындагы кезектеги демилгеси Кыргызстан өкмөтүнүн да максат-мүдөөсүнө төп келгенин премьер-министр Данияр Үсөнов ырастады.

- Реалдуу долбоорлор менен аны ишке ашыруунун механизмдери табылат, деп ойлойм. Биз Орусия федерациясынын КМШ төрагалык кылышына өзгөчө үмүт артабыз.

Антип Орусия илим менен жогорку технологияга басым коюп, кыргыз өкмөтү реалдуу долбоорлорго боор тартып турганы менен ортодо “Манас” аба майданындагы Транзиттик борбор, Канттагы аскер базасын кеңейтип, түштүктө ачуу маселелери турат. “Манас” аба майданындагы АКШнын аскер базасын чыгаруунун эсесине берилчү “Камбар-Ата –1” ГЭС курулушуна 1 миллиард 700 миллион доллар орусиялык насыя акчанын келер-келбеси белгисиз бойдон калууда.

Кыргызстан Кытайга кылчактоодо

Энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүү амалында кийинки кездери Кыргызстан Кытайга үмүт артып, жаңы ачылган борбордук агенттик жетекчиси Максим Бакиев жанына биртоп өкмөт мүчөлөрүн алып өткөн аптада Бээжинге иш сапары менен барып келди. Ал жерде “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу, Бишкек жылуулук-электр борборун жаңылоо, кыргыз-кытай темир жолун баштоо сындуу өкмөттөр ортолук олуттуу маселелер талкууланганын М.Бакиев жарыя кылды.

Орус өкмөт жетекчисинин орунбасары И.Шуваловдун өкмөт башчы Д.Үсөнов, президент К.Бакиев менен жолугушууларында орусиялык 1 миллиард 700 миллион доллар кредит менен Ошто же Баткенде ачылчу аскердик база маселеси козголгон-козголбогону ачык айтылбады. А бирок Канттагы аскер базасын кеңейтүүнү Орусия Жамааттык коопсуздук келишими алкагында жүргүзүүнү көздөп жатканын өткөн жылдын 20-апрелинде Бишкекке келген Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкатчысы Николай Бордюжа да ырастаган.

- Андай күчтөр түзүлүп жатканын, алар ыкчам аракеттенчү учурунда 11 батальондон турган жамааттык коргонуу күчтөрүнөн кыйла кубаттуу болорун эске алсак, база сан жагынан да, сапат жагынан да мыкты болушу керек.

Аскер аба учактарынын колдоосунда ыкчам аракеттенчү андай базанын өзүнө жакын жайгашуусун Өзбекстан жактырбай, маселе бир жылга жакын убактан бери абада асылып турат. Расмий Ташкендин суу-энергетикалык маселе боюнча позициясы такталууга муктаж экенин Шаңкай кызматташуу уюмунун баш катчысы Муратбек Иманалиев минтип белгилейт.

- Менин оюмча, бул жерде мындай. Мына өзбек туугандарыбыздын позицясын айтканда нефть менен газ боюнча булар толук эле рынокко өтөлү, рыноктун принциптерине таянып бааларды коелу, ошол баалар менен газ, нефтини алгыла деп жатат. А сууну болсо илгерки Советтер Союзунун убагындай бекер, ага берсин биз алалык дешет.

Орус өкмөтүнүн делегациясы илим менен бийик технологияга негизделген жаңы долбоорлордон сырткары Кыргызстанга кандай сунуштар менен келишкени ачыкка чыгарылган жок.

XS
SM
MD
LG