Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:15

Китеп марафондору – китепканаларды чыңдоонун жолу


“Азаттыктын” маектеши - Китеп палатасынын директорунун орун басары, публицист Кален Сыдыкова.

- Кален айым, бүгүн китепканалардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата жалпы республикалык китеп марафону өткөн жатат. Бул иш чара кийинки кезде көңүлдөн чыгып кеткен китепкана, башка мамлекеттерде чыккан илимий, адабий, техникалык, медициналык мыкты китептер менен фондду толтурууга таасир бере алабы?

- Биринчиден, китепканачылардын бүгүнкү майрамы менен куттуктайм. Анан китепканачылардын иши солгундай түшкөнү Маданият министрлиги 2-3 жолу жоюлуп кетип, ургалдуу иш жүрбөгөндүгүнөн болду деп ойлойм. Бирок акыркы маданият министрлиги түзүлгөндөн баштап китепканалардын иши абдан жанданды.

Анткени май айынан баштап республикалык деңгээлде китеп марафондору өтүп атат, өткөндө Китеп палатасы биз 20 миң сомдук китептерди бердик. Буга Маданият министрлиги өзгөчө көңүл бурган.

Анткени былтыр 3 млн. сом акча бөлүп, ар бир районго 75 миң сомдук китептерди алып барып тапшырып бердик, быйыл болсо мамлекет тарабынан 5 млн. сом бөлүнүп, жергиликтүү айылдагы китепканаларга таркатылат. Ал процесс акырындап жүрүп атат. Анткени кандай китептер тандалат, аны комиссия акырын карап атат.

- Кыргызстанда Китеп палатасынын каттоосунан өткөн канча китеп бар? Ошондой эле эсеби жок, мазмуну менен сапаты эч кимдин көзөмөлүнөн өтпөгөн канча китеп чыгаары сиздерге маалымбы?

- Маалым, анткени былтыр 600дөн ашык китеп чыккан. Ал эми 2008-жылы миңден ашык китеп чыкты. Эл аралык жана республикалык деңгээлдеги номур алып кеткендердин баары тең эле ошол жылы чыга бербейт. Анткени бул авторлордун өзүнүн акчасына байланыштуу болгондуктан бир жылы табылып калат, же болсо кийинки жылы болуп калышы мүмкүн.

Ошондуктан биз чыккан китептердин саны боюнча гана эсептейбиз. Мисалы быйыл 2 миң китепке номур алып, миң эле китеп чыгып калышы мүмкүн. Бул жерде дагы бир нерсе бар, жеке менчик ишканалар аябай жайнап кетпедиби, алар 1997-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан атайын мыйзам кабыл алынган.

Ошону билбегендиктен жана мамлекеттик салыктан качкандыктан китептерге номур койдурбай, өз алдынча жашыруун чыгарып саткандар да бар. Чынында азыр чыгып аткан китептердин көпчүлүгүнүн көркөмдүк деңгээли начар, сапатсыз, чыгарып аткан дизайнды полиграфиялык ыкмаларды жакшы жасабай эле эптеп чыгарып аткан китептер көп.

- Азыр Улуттук китепканада 6 миллион китеп бар экен. Бирок кийинки кезде аны жаңы китептер менен жабдуу иши алсырагандан китеп марафону өткөрүлүп жатпайбы. Эмне үчүн жаңы китептерди сатып алууга ал жетпей жатат?

- Китепканалардын баары мамлекетке баш ийет да. Мамлекеттин бюджетинен мурун маданиятка республикалык бюджеттен аз эле тыйын бөлүнчү. Азыр кичинеден бөлүнө баштады, анын баарын толукташ кыйын.

Биринчиден, мурун Советтер Союзу болуп турганда баардык республикадан атайын келип турчу көзөмөлдөнүп, анан өз алдынча суверенитет алып, өз алдынча чек аралар болгондуктан, экономикалык кыйынчылыктар болгондуктан бул маселе үзүлүп калган, азыр жанданып атат кайра.

Албетте, бири-бирибизге чыгарган китептерибизди жөнөтүп турганга мыйзам түрүндө жолго коюш керек. Анткени бажыдан өткөндө салыкты алып салса, илимий-техникалык, бири-бирибизге билим үчүн зарыл болгон китептерди салыксыз өткөргөнгө мыйзам түрүндө колдоо болуш керек.

- Бул марафондо мазмуну жакшы китептер чогулат деген үмүт барбы?

- Үмүтүбүз бар, анткени Кыргызстанда эмне мыкты китептер болсо берип атышат. Китепти мезгил, адам өзү таразалайт кандай китеп, кимге керектүү китеп. Анан окурмандардын да чөйрөсү, деңгээли ар түрдүү да.

- Маегиңизге рахмат
XS
SM
MD
LG