Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Оштук айдоочулар иш ташташты


Өлкөнүн түштүк баш калаасындагы маршруттук каттамдардын жети жүз чакты айдоочусу жол кирени арзандаткандыгы үчүн шаардык кеңешке нааразылык билдирип, шаар бийлигинен мурдагы бааны калыбына келтирүүнү талап кылып келишкен. Бирок мындай өтүнүч орундалбагандыктан алар бүгүн иш таштоо жарыялашты.

Ош шаардык кеңешинин токтомуна ылайык 20-апрелден тартып калаа ичиндеги маршруттук каттамдардын жолкиреси жети сомдон беш сомго арзандаган. Депутаттар мындай чечимди күйүүчү майлардын баасы кескин төмөндөгөнү менен негиздешкен.

Шаардык бийликтин маалыматына караганда, Кыргызстандын түштүк борборунда жоопкерчилиги чектелген 18 ишкана жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенет. Алардын карамагында 650-750 чакты автоунаа бар. Анда жалпысынан 1200дөй айдоочу эмгектенет.

Шаар бийлигине арыз жолдогон 700 чакты айдоочу жергиликтүү депутаттардын чечимин катуу айыпташууда. Алардын өкүлдөрүнүн айтымында, жүргүнчүлүк транспорт агенттиги менчик автоунаанын айдоочулар менен тыгыз иштешпейт. Ошондуктан, кесиптештеринин эсебин да, көйгөйүн да так билбейт.

- Маршруттук каттамдарда 2500дөй киши эмгектенет. Алардын 70 пайызы кредитке алган машиналарды минишет. Жолкире арзандагандан бери ошонун 800 чактысы жумушун токтотту. Мындан тышкары күн өткөн сайын маршруттук каттамдардын саны да азайып баратат. Себеби, тетиктер, майлоочу заттар кымбат. Ага улай пайызы чоң кредиттерди төлөө да кыйынчылык жаратууда. Эгерде бийлик маселебизди чукул арада чечпесе, жумушка биротоло чыкпайбыз, - дейт 111-маршруттук каттамдын башчысы Акрамжан Эгембердиев.

Ош шаардык жүргүнчүлүк транспорт агенттигинин жетекчиси Шакир Молдалиев менен байланышканыбызда, мыйзамды аттап иш таштагандарга карата катаал чара көрүлөөрүн билдирди. Ал эми мэриянын транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Ураалы Раманов маршруттук каттамдардын башчылары менен сүйлөшүү жүрүп жаткандыгын, алардын ультиматумун дароо аткаруу кыйындыгын, жакынкы сааттарда маршруткалар кайрадан каттай баштаарын «Азаттыкка» билдирди.

XS
SM
MD
LG