Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:05

"Сабаган Сиз эмессиз!" -"Сени мен урганмын!"


Ош шаардык милициясы журналист Кубаныч Жолдошевди сабаган киши табылгандыгын жарыялады. Журналистти сабаганын мурда төрт ирет соттолгон адам мойнуна алууда. Бирок К. Жолдошев күнөөсүн мойнуна алган адамды тааныбай жатат.

«Ош шамы» гезитининин кабарчылар түйүнүн башчысы Кубаныч Жолдошев үстүбүздөгү жылдын 2-ноябрга оогон түнү белгисиз адамдар тарабынан сабалып, оор абалда ооруканага жеткирилген эле. Ош областтык ички иштер башкармалыгы журналистти сабаган киши табылгандыгын жарыялады.

- Мурда уурулук фактысы боюнча кармалган Аланов Бектур Өмүрбековичти шектүү киши катары сурак кылганыбызда, чындыгында, мас болгондуктан Кубаныч Жолдошевди 2-ноябрдын түнүндө өз ара чатакташып токмоктогондугун, бирок муну өз ыктыяры менен мойнуна алып билдирип жаткандыгын ачыктаган. А түгүл биздин жетекчиликке да ушундай мааниде кат жолдогон. Ошонун негизинде азыр тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгын карап сөзсүз чечим кабыл алабыз, - деп билдирди «Азаттык» үналгысына Ош шаардык милициясынын ага тергөөчүсү Алмаз Кадыров.

Бектур Аланов уурулук фактысы боюнча 27-ноябрда кармалган экен. Ал тергөөчүнүн наамына жазган түшүнүк катында Кубаныч Жолдошевге 2-ноябрь түнү мас абалында жолукканын, андан тамеки сурап кайрылганда өзүн журналистмин деп тааныштырган жигит алагүү экендигин, оң жооп кайтарыштын ордуна сөгүп-сөздөгөнүн, ошондуктан уруп таштаганын, аларды бейтааныш эки киши келип ажыраткандыгын баяндаган. Акыры уурулук кылып абакка түшкөндө абийири ойгонуп, тергөөнүн жүрүшүндө массалык маалымат каражатынын өкүлүн сабагандыгын да ачык моюндаган.

«Ош шамы» гезитининин кабарчылар түйүнүн башчысы Кубаныч Жолдошев кылмыш ишинин мынчалык бат ачылышына ишенбейт. Ал тергөөчү 18-декабрда үч кишини шектүү катары көрсөткөндүгүн, журналист алардын бирөө дагы кылмышка кымындай тишеси жоктугун билдиргенде, милицияга түшүнүк кат жазып берген бирөөсүн алып калып беттештиргендигин төмөнкүчө маалымдады:

- 37 жаштагы илмийген киши экен. Өзүн Бектур Алановмун деп тааныштырды. «Сабаган Сиз эмессиз!» десем, «Сени мен урганмын!» деп кыстоо менен айтып атканы сезилип турду. «Бул эмне кылмыш жасаса, ошого жараша жообун берсин. Эмнеге шоу уюштуруп атасыңар? Мунун кимге кереги бар?» деп тергөөчүгө кайрылсам, ал мукактанып, «Мен деле ишенбей атам. Бирок мен кылдым деп өзү мойнуна алып жаткандан кийин карашыбыз керек. Мыйзам боюнча ошондой» деди. Андан чыгып түз эле шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басарына чалып, "Менин ишиме тиешеси жок кишилерди мажбурлап кылмышты моюнга алдыртууну токтотуңуздар" деп талап кылдым.

Кубаныч Жолдошев аны белгисиз үч жигит сабагандыгын, аларды кыймыл-аракетинен, үнүнөн жана сөздөрүнөн тааный тургандыгын эске салды. Ал ошондой эле шаардык милициянын жогорудагыдай аракетин эптеп күнөөсүз бирөөнү айыпка жыгып, жоопкерчиликтен оңой кутулуу аргасы сыңары баалады.

Бул аралыкта жергиликтүү журналисттер «Ош шамы» гезитинин өкүлү Кубаныч Жолдошевге катылгандарды изи сууй электе таап, коомчулуктун катышуусунда жазалоону тийиштүү органдардан талап кылышууда. Алар бул өтүнүч орундалбаса, нааразылык акциясын башташаарын эскертүүдө.

Кубаныч Жолдошев жыйырма тогуз жашта, «Ош шамы» гезитине чейин «Азаттык» үналгысында, 5-канал жана КТР телекомпанияларында эмгектенген.

XS
SM
MD
LG