Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:53

Эпос каармандарына коюлган айкелдерден чыр чыкты


"Манас" эпосундагы терс каарман Незкара баатырдын айкели Ала-Тоо аянтында.
"Манас" эпосундагы терс каарман Незкара баатырдын айкели Ала-Тоо аянтында.

Бишкектин борбордук аянтында “Манас” эпосундагы терс каармандарга коюлган айкелдер улуттук интеллигенциянын ичинде чоң нааразылык жаратты. Бир катар аттуу-баштуу маданият ишмерлери “Манастын” каармандарын билбеген эл башкарган элита өкүлдөрү бүтүн улуттун намысына тийген жорукка жол беришти деп сынга алышууда.

Кошой менен Жолой
Бишкектин борбордук аянтындагы жаңыртылган фонтан менен кошо айлана-тегереги да жасалгаланып, аны президент К. Бакиев өзү жакында эле чоң салтанат менен барып ачкан. Борбордук аянттагы колонналарды бойлой кыркалекей “Манас” эпосундагы каармандардын айкелдери коюлган болчу. Алардын арасында Семетей, Сейтек, Бакай, Кошой сыяктуу кыргыздар кастарлаган каармандар менен катар Шыпшайдар, Незкара, Коңурбай сыяктуу терс каармандардын айкелдери да орун алган экен.

Эпостогу кыргыздын кас душмандарынын айкелин тааныган адамдар нааразы болуп, муну маңкуртчулуктун көрүнүшү катары сындап чыгышты. Нааразылыктын толкуну Президенттин секретариатына чейин жеткенде гана шаар бийлиги эпостогу терс каармандарга коюлган айкелдерди борбордук аянттан алып салды. Бирок от алып алган нааразылык токтобой, сыналгы, үналгыдан жаңырып, гезит беттерине чыгууда.

-Бул биздин маданиятка чоң уят көрүнүш. Дүйнөдө мындай болгон эмес, болбойт дагы. Бул жанагы билбестиктин, маңкуртчулуктун кесепети, - деп билдирди "Азаттыкка" Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы Омор Султанов.

Азыркы учурда “Манастагы” терс каармандарга айкелдердин борбордук аянтка туруп калышын ким тапшырып, кимдин уюштурганын териштирүү жүрүп жатат. Бишкек шаарынын бийлик өкүлдөрү айкелдердин композициясын түзүүгө акча таап беришкенин, андан башкасына тиешеси жок экенин билдирип, четке чыга беришти. Маданият министрлиги да өз кезегинде бул ишке кенедей да тиешеси болбогонун билдирди.

Мэриянын борбордук аянтты жасалгалаган куруучу адистеринин берген маалыматы боюнча бул иштин изи Көркөм өнөр академиясына барып такалууда. Айрым маалыматтар боюнча борбордук аянтта “Манастагы” каармандардын айкелдерин коюу аталган академиянын ректору, Кыргыз Республикасынын Баатыры, айкелчи Тургунбай Садыковдун түздөн түз жетекчилиги алдында аткарылганы айтылууда. Аталган айкелчи өзү бул окуянын чоо жайы жөнүндө эл-журтка түшүндүрмө бере элек, “Азаттыктын” кабарчылары издеп таба албай жатабыз.

Айкелдерди борбордук аянтка орнотууга катышкан куруучу адистер эпостогу терс каармандардын аттарын биринчи жолу угуп жатышканын, аларды тааныбай тургандыктарын айтышууда. Ошол эле учурда эпостогу терс каармандарды, балким, эл башкарган жетекчилер өздөрү да тааныбай калган болушу мүмкүн деген ой-пикирлер айтылууда. Бул окуя, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти, "Манас таануу" окуу программасынын жана окуу китептеринин автору Советбек Байгазиевдин айтымында, “Манасты” окуп билүүдө оркойгон чоң кемчиликтин бетин ачты:

- Кыргыздардын дээрлик 90 пайызы Манастын атын гана билет, анын ички затын билбейт. Бир топтору "Манастын" айрым гана эпизоддорун билет, айрымдары окуу китеп аркылуу гана каармандардын аттарын билишет. Эми мунун себеби "Манас" эпосунун ар бир окуучуга, ар бир кыргыздын колунда боло тургандай, ар бир үй бүлөнүн китеп текчесинде тура тургандай жетиштүү санда чыкпагандыгы. Мисалы, 58-60-жылдары чыккан төрт томдук азыр эч жерден табылбайт, ал азыр бибилиографиялык сейректикке айланган. 70-80-жылдары Сагымбайдын варианты боюнча чыгарылган китептер он-он беш миң нускада гана чыккан. Алар мектепке арналып чыгарылган эмес, чоңдор үчүн гана чыккан, китепканаларга бирден-экиден түшкөн. Массалык окурмандын колуна жеткен эмес. Айрым гана үй-бүлөлөрдө болбосо, азыр толук чыгарылган "Манасты" табыш кыйын.

Борбордук аянттагы айкелдердин айланасында чыккан ызы-чуунун арасында бул көрүнүштү аша чапкан, чектен тыш окуя катары көрсөтүүгө каршы пикирдеги адамдар да болууда. Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкери, педагог-илимпоз Сейит Жаанбаевдин айтымында, бул жерден чектен тыш эч нерсе жок, кеп тарыхта болгон реалдуу душмандар жөнүндө эмес, жомоктогу каармандар жөнүндө болуп жаткандыктан ызы-чуу чыгарбай, буга искусствонун көзү менен карап, жомокко жомоктой мамиле кылган оң:

- Алар менен Гитлердин согушун салыштырууга дегеле болбойт. Бул эпостун гана каармандары. Прагада, Сингапурда, Индонезияда деле турбайбы жомоктордун каармандары. Ошол эле орустарда жомоктордун каармандары өлбөс Кащейден баштап Баба Ягага чейин турбайбы.

Айкелдердин ызы-чуусу президенттик шайлоо алдында, президент К. Бакиев көчмөн цивилизациясы, улуттук мурас жөнүндө улуттук долбоорун эл-журтка жарыя кылып жатканда, Бишкек мэри Н. Түлеев “Жаңыланган борбор шаар” долбоорун коомчулукка алып чыгып атканда болуп жатат. Байкоочулардын баамында, айкелдерден чыккан чыр бийлик адамдарынын ортосунда макулдашылбаган, көз жаздымда калып кеткен иштин натыйжасы да болушу мүмкүн. Бийлик адамдары айкелдерден чыккан нааразылыкты кандай жооп менен жайгарат, эмки кеп ошондо турат.
XS
SM
MD
LG