Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

Кышка даярдык кыйратпайт


Көмүр баасы кыш түшкөндө дагы жогорулашы мүмкүн
Көмүр баасы кыш түшкөндө дагы жогорулашы мүмкүн

Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов быйылкы кышка даярдык маселелеринин тегерегинде өкмөттүк жыйын өткөрдү.

Кечээ Бишкекте биринчи вице-премьер министр Өмүрбек Бабанов быйылкы кышка даярдык, бюджеттик мекемелерди, калты көмүр менен камсыздоо, электр энергиясын үнөмдөө маселелеринин тегерегинде өкмөттүк жыйын өткөрдү.

Жыйында Өмүрбек Бабанов өкмөттүн кышка даярдыгынын жүрүшү парламентте каралганы турганын, Токтогул суу сактагычында 12 млрд куб.метр суу топтолгонун, калкы көмүр менен камсыздоо солгун жүрүп жатканын, Баткенде бир тонна көмүрдүн баасы беш миң сомдон ашып кеткенин, Кыргызстандын газ боюнча Өзбекстанга карызы 19 млн.сомдон ашып кеткенин айтты.

-Баса белгилеп айтып койчу жагдай, эң негизгиси Токтогул суу сактагычында кышка жетишээрлик 12 млрд.куб метр суу топтоого жетиштик. Бул былтыркыга салыштырмалуу 3 млрд. куб метрге көп топтолгон көрсөткүч. Кышкысын электр жарыгына чектөөлөр да болушу мүмкүн. Себеби 2010-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычында 6 млрд.куб метр суу калышы зарыл. Баткенде көмүрдүн баасы 5 миң сомдон ашып жатат. Калкы көмүр менен камсыз кылуу солгун жүрүүдө. Быйыл кышта газ маселеси дагы кыйначыдай. Себеби Өзбекстанга газ боюнча карызыбыз 19 млн сомдон ашып кетти.

Бишкектин вице-мэри Алмазбек Токторбаевдин айтымында шаардагы мектептер, окуу жайлар, ооруканалардын кышка даярдыгы дурус болгону менен карапайым калктын айрым өкүлдөрү электр энергиясына жана газга учурунда төлөбөй карыздары көбөйүп баратат.

Жыйында билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде отканалардын ремонт иштери жана көмүр менен камсыз болушунун абалы жана көмүрдүн сортуна жараша бир тоннага болгон наркы, калкка көмүр камдоонун абалы жөнүндө жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу облустардын мамлекеттик администрация башчысынын орун басарлары маалымдады.

Чүй облусунун губернаторунун орун басары Анаш Малабековдун маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө чейин облустун бардык аймактардын бюджеттик мекемелери жана калкы көмүр менен 78 пайызга камсыз болду.

Ал эми Талас облусунун губернаторунун орун басары Касым Чаргынов калк күзгү түшүмүн саталбай, электр энергиясына карызын төлөй албай жатканына токтолуп, облуска лимиттик чектөөнү көбөйтүп берүүсүн өкмөттөн суранды.

“Түндүк электр” ишканасынын техикалык директору Жайлообек Арстановдун айтымында учурда бир миң 12 трансформатор бар, алардын көбү ремонттолуп, калк карыздарын төлөсө эле, кышка даярдык 15-октябрда чейин толук бүткөрүлөт.

Жыйында Баткен облусунун губернатору Марат Жумабеков облус аймагында калкка көмүр сатуучу 61 пункт уюштурулганын, Сүлүктүнүн көмүрү сапаттуу болгондуктан баасы да жогору экенин, Лейлектин көмүрү тоннасы 5 миң сом болуп, Кызыл-Кыяда 7 миң сомго чейин кымбаттап кеткенин билдирди.

Өкмөттүк жыйында биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Каржы министрлиги бюджеттик уюмдарды көмүр менен камсыздоону өз убагында каржылабай жаткандыгын сынга алды.

-Республикалык бюджетте жылытуу сезонуна 75,5 млн сом каралган, бүгүнкү күндө анын 40 млн сому гана каржыланган. Бюджеттик уюмдар болгону 66,8 миң тонна көмүр, же керектелүүчү норманын 28,4 пайызын гана камдашкан. Чек ара кызматы болгону керектелүүчү көрсөткүчтүн 25 пайызын, саламаттыкты сактоо мекемелери - 51 пайыз, билим берүү - 65 пайыз, Кесипчилик билим берүү агенттиги - 53 пайыз камдаган. Ички иштер министрлигинде көмүр камдоо такыр баштала элек, - деди Ө.Бабанов.

Мына ушундай кышка даярдык көрүлүп жатат деп чиновниктер маалымдаганы менен, экономист Айылчы Сарыбаев күйүүчү майлардын, азык-түлүктүн кымбатташы көмүрдүн баасынын жогорулашына алып келээрин, быйыл былтыркыдай энергиялык кризис болбошун мүмкүн экендигин “Азаттыкка” билдирди.

Адистердин айтымында, көмүрдүн аз казылып алынгандыгы да эң алгач карапайым адамдардын жонунан кайыш тилет. Кеминдик ишкер Ислам Исраиловдун айтымында, көмүрдүн баасы көтөрүлсө, утурумдук гана отунун сатып алууга дарамети жеткен карапайым эл жабыр тартат. Адистердин баамында кыштан чыгуу үчүн 2 млн. тоннадан ашуун көмүр керек.

XS
SM
MD
LG