Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Электр кубатына баа көтөрүлүшүнө эл нааразы


Өкмөт жаңы жылдан тарта электр кубатынын баасын эки эсе, ал эми жылуулуктун наркын 5-10 эсеге көтөрүү тууралуу чечими эл арасында нааразылыктарды пайда кылууда.

Кабарчыбыз бул маселеге карата элдин пикирин билүү үчүн Бишкектин көчөлөрүнөн көчө маек уюштурду.

Калы, 62 жашта, пенсионер:

- Пенсия акысына кошкону менен баары бир ошол эле нарк да. Андан көрө бааны көтөрбөй эле койсо эл тынчыраак жашамакпыз. Суу, электр тогу, жылуулукту – баарын эле көтөрбөй эле коюшсунчу?! Бул кризистин убагында көтөрүп эмне кылат? Элге эле кыйын да, мен наарызымын баалардын көтөрүлүшүнө.

Жайлоогүл, 50 жашта, үй кызмактери:

- Менин көз карашым абдан эле терс. Айлык акыбыз өзүбүздүн ичкен-жегенибизден артпай атат. Электр 75 тыйын кезинде эптеп ыйлап-сыктап кутулчубуз. Эми кантебиз?

Аалы, 65 жашта, пенсионер:

- Көтөрсө көтөрсүн. Жанагы электрди текшерүүчүлөрдү жоюп эле салып өзүбүз төлөгөнүбуз жакшы болуп атат. Квитанцияны убагында алып келбейт. Мына мага 2 айдан бери алып келише элек.

Нурзат, 34 жашта, иштейт:

- Эми эмгек маянанын көтөрүшсө мейли дечи. Анан акчабызды көбөйтүп бербесе билбейм кантип төлөйбүз. Кыйын эле болот да. Эмгек маянаң аз, бирок коммуналдык төлөмдөр көбөйсө билбейм кандай болот?..

Айнура, 45 жашта, иштейт:

- Буйруса, декабрда Камбар-Ата иштейт деп айтышты эле го. Эки эселетип чоңойтуп атканы туура эмес. Биз, мисалы үчүн дайыма төлөйбүз. Убагында төлөп атсак деле кайра эле көтөрүп жатышса....

Анара, 38 жашта, иштейт:

- Электр кубатын кышкысын көтөрө турган болсо иштеген адамдар эптеп тырмышып төгөбүз. Бирок иштебеген, пенсиядагы, балдары жок, жардамдашары жоктор тоңуп өлөт ко чеке-чекесинен.

Саясат тануучу Токтогул Какчекеев болсо өкмөттүн отун-сууга карата баалардын көтөрүү чечимин айла жоктуктан чыккан чара катары баалайт.

- Бул айла кеткендиктен, казынада акчанын жоктугунан келген чечим. 17 жыл бою ремонт көрбөгөн гидроэлектротсанцияны, ТЭЦтерди каржылоочу акча керек болуп отурат. Атнпесе эртеңки күнү булардын баары аварияга учурап, биз Тажикстандын кейпин кийп калабыз. Ошондуктан биз бүгүнкү күнү көтөрүшүбүз керек. Түшүнүшүбүз керек.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси
Роза Отунбаева болсо баалардын көтөрүлүшү боюнча “Азаттыкка” буларга токтолду:

- Биз, социал-демократтар баалардын көтөрүлүшүнө каршыбыз. Мына жылуулукту кескин түрдө беш эсеге, электр энергиясын бир жарым эсеге көтөрүп жатышат. Биз каршыбыз. Эми бул маселе чечилип калды да. Өкмөт башыбызга кар жаагандай кылып бир заматта көтөрүп ийди. Акырындап көтөрүш керек болчу. Көтөргөнгө жараша социалдык колдоо адекваттуу болушу керек.

XS
SM
MD
LG