Орус соодагеринин кабарлоосуна ылайык, мында аларга каршы кыргыз жана өзбектердин биргелешкен колу аракет көрүп, алар 7 миң чамалуу кытай аскерин талкалашкан. Соодагердин маалыматына караганда коңшу калктар кыргыздарды “бурут” деп аташкан.
Түркстан генерал-губернатордугу кыргыз козголоңчуларынан жана бейпил калктан тартылып алынган малдын мыйзамдуулугун териштирүү туурасында көрсөтмөнү 1916-жылдын бул күнү кабыл алган. Көрсөтмөдө айрым учурларда аскерлер күч колдонуп, каршылык көрсөтпөгөн калктын малын тартып алып жаткандыгы айтылат. Мындан тышкары орустарга каршы чыккандар жазалана тургандыгы белгиленет. Ал эми козголоңго катышпаган калктын бейпилдигин коргош үчүн керектүү чаралардын иштелип чыгыш зарылчылыгы күн тартибине коюлган.
Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүш айынан качкан Атаке болуштугунун эли жана Семизбелди жердеген арык тукуму 30-август күнү Тоңго келип жайгашкан. Шабдан баатырдын балдары жана Төлө, Мамыт, Алагуш, Баяке, Далбай балдары баштаган манаптар, сарыбагыш, бугу жана саяктан кошулган миң чамалуу түтүн кыргыздар биригишип, “орустар менен кырчылдашабыз” деп көл кылаасындагы Улаколго токтолушкан.
«Правда» гезитинин 1937-жылдын бул күнкү санында В. Овчаровдун «Буржуазные националисты» аттуу макаласы жарык көргөн. Андан көп узабай ага үндөш макалалар Кыргызстандын партиялык гезиттеринде жарыяланып, жергиликтүү жетекчилерге каршы каралоо өнөктүгү жүрүп, ал сая түшкөн куугунтук менен уланып, акыры улут сыймыгы эсептелген интеллектуалдар камакка алынып, алардын көбү атылып кеткен.
Борбор шаардын Ала Тоо аянтында 2003-жылдын бул күнү Кыргыз мамлекетинин эгемен-эркин даңазалаган “Эркиндик” эстелиги ачылган. Бийиктиги 11 метрдик колодон жазалган эстеликте кыргыз калкы кылым көксөгөн эркиндик символу - Эне образы аркылуу берилген.
Орусия менен Швеция ортосундагы Түндүк согушу 1700-жылдын 30-августунда башталган.
Петербург шаарынын тарыхындагы биринчи суу ташкын 1703-жылдын 30-августунда болгон.
Улуу Түндүк согушуна чекит койгон Ништадт тынчтык келишимине 1721-жылдын 30-августунда кол коюлган.
Москва шаарындагы Триумфалдык арка 1829-жылдын 30-августунда түптөлгөн.
Франц-Иосиф атындагы жерге 1873-жылдын 30-августунда ачылган.
Француз ойлоп тапкычы Эмиль Рено 1877-жылдын 30-августунда мультипликациянын башаты эсептелген Праксиноскопту патенттеген.
Хьюберт Сесил Бут 1901-жылдын 30-августунда электрден иштеген чаң соргучту патенттеген.
Норвегиялык иликтөөчү Руаль Амундсендин Түндүк-Батыш багытындагы деңиз саякаты 1906-жылдын 30-августунда соңуна чыккан.
Фанни Каплан 1918-жылдын 30-август күнү Совет мамлекетинин негиздөөчүсү В. И. Ленинге кол салган.
Жавахарлал Неру 1928-жылдын 30-августунда Индиянын эгемендигин талап кылган.
Москва шаарында өткөн Коминтерндин VII конгрессинде, фашизмге каршы күрөшүү үчүн социал-демократтар менен биригип «жалпы фронт» тактикасын колдонуу 1935-жылдын 30-августунда кабыл алынган.
Советтик армия 1944-жылдын 30-августунда фашисттик аскерлерге сокку уруп, Бухарест шаарына киришкен.
Европалык коргонуу биримдигин куруу дымагы 1954-жылдын 30-август күнкү Франциянын Париж келишимин четке кагышы менен соңуна чыккан.
Кения өкмөтү 1973-жылдын 30-августунда пилге аңчылык жасоого тыюу салган.
Польша бийлиги 1980-жылдын 30-августунда эркин профсоюз уюмдарга биригүүгө укук берген.
Татарстан Республикасынын мамлекеттик эгемендиги 1990-жылдын 30-августунда кабыл алынган.
Украинада компартия ишмердигине 1991-жылдын 30-августунда тыюу салынган.
Эйфель мунарасына 1993-жылдын 30-августунда 150 миллионунчу адам көтөрүлгөн.