Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:41

Бириккен оппозиция жаңыланууга бет алды


Бириккен Элдик кыймылы уставдык жоболорун жана жетекчилик курамын жаңылап, бир партияга биригүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Кыймылдын 17-августта болгон жыйынында БЭКтин жобосун өзгөртүү жөнүндө чечими кабыл алынып, жети кишиден турган жумушчу топ түзүлдү. Төрагалыгына Азимбек Бекназаров шайланды. БЭКтин лидери, саясий кеңешинин мүчөлөрү жобо иштелип чыккандан кийин кайра чогула турган жыйында аныкталмай болду. Жобону иштеп чыгууга он беш күн мөөнөт берилди.

Ошондой эле жыйында БЭК бир партиянын же саясий күчтүн астында иш алып баруусу тууралуу сөздөр да айтылды. Анда негизинен “Ата мекен” менен Социал-демократтар партияларынын биригери баса белгиленди. Буга СДП лидери Алмазбек Атамбаев каршылыгы жок экенин айтып, керек болсо лидерликтен четтеп бере ала турганын айтты:

- Жок дегенде ушул эки партияны бириктирсек, албетте, жакшы болмок. Керек болсо четте туруп берем. Негизгиси эки партия биригиш керек.

Бул айтылгандарга Текебаев да каршы эмес. Болгону жол-жоболорун иштеп чыгуу керек:

- Идеологиябыз бир. Азыр биригүү багытындабыз. Бирок техникалык, юридикалык маселелер бар, аларды чечсек биригүү мүмкүн эле.

Жыйында шайлоо мезгилинде жана андан берки аралыкта БЭК тарапкерлерине болгон куугунтуктар, кармап камоолор тууралуу маалыматтар угулду. Саясатчы Топчубек Тургуналиев саясий куугунтуктагы адамдарды коргоо уюмунун башчысы катары камалган 50 чакты адамга саясий туткун деген макам ыйгарганын билдирди:

-23-июлда Балыкчыда, 29-августта Чүй боорунда камалган элүү чакты кишини бүгүндөн баштап саясий туткун деп жарыяладык.
БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров бүгүн жыйында сүйлөгөн сөзүндө оппозиция шайлоону уюштура албады, элдин добушун сактай алган жок, оппозиция лидерлеринин бардыгы эле элге күйө бербестигин президенттик шайлоо далилдеди деп билдирди. Анын пикиринде БЭК жаңыланууга, уставын, саясий кеңешти кайра түзүүгө муктаж.

Бекназаров БЭКтин талуу жерлери тууралуу буларга токтолду: - Талуу жерлери ар кандай саясий көз караштагы саясатчылардан куралган кыймыл экендигинде. Келип келип эле кээ бир учурларда тигил же бул принципке туруп алышат, же өзүнүн кызыкчылыгын кыймылдын максатынан бийик коюп алат экен. Ошон үчүн БЭК бир партиянын астына биригейли деген сөз бекеринен чыгып жаткан жок. Экинчи талуу жер каржы маселеси. Учурдагы оппозиция лидерлери жалаң төш саясатчылар. Чынын айтканда президенттик шайлоонун акыркы финалдык жарышында финансылык абал оппозициянын кендирин кесип койду деп так айта алам.

БЭКтин бул жыйынына Социал-демократтар партиясынын парламенттеги фракция башчысы, жыйындын башкы докладчысы болгон Бакыт Бешимов катышкан жок. Муну штаб башчысы Азимбек Бекназаров жүйөлүү себептер менен байланыштырды.

XS
SM
MD
LG