Жогорку Кеңештин ишмердигин чагылдыруу боюнча жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу 4-ноябрда Маалымат жана басма сөз күнүн утурлап Бишкекте өткөрүлгөн салтанатта тапшырылды.
Басылма каражаттардын ичинен 1000 доллар сыйлыкты “Аят пресс” жана "Эркин Тоо" гезиттери жеңип алды. Журналисттердин арасынан биринчи сыйлык (1000 доллар) “Агым” гезитинин кызматкери Келдибек Назировго, экинчи сыйлык (750) “Слово Кыргызстана” гезитинин редактору Кифаят Аскеровага жана үчүнчү сыйлык (500 доллар) “Аят-пресс” гезитинин өкүлү Төлөгөн Сулаймановго тапшырылды.
Жогорку Кеңештин ишмердиги жөнүндө мыкты аналитикалык материалдарды жазгындыгы үчүн эркин журналист Асыл Осмоналиевага 1500 доллар, «Эркин Тоо» гезитинин кабарчысы Сымбат Максутовага 1250 доллар жана Мурат Укушевге 1000 доллар сыйлык тапшырылды.
Жогорку Кеңештин ишин оперативдүү чагылдыргандыгы үчүн «АкиПресс» маалымат агенттииги 1000 доллар сыйлык алды. Мындан сырткары парламенттин ишин такай чагылдыргандыгы үчүн «24.kg» маалымат агенттигине, «Заман Кыргызстан» гезитине, «Асман пресс» жана «Кыргыз Туусу» гезиттерине 400 доллардан ыроолонду.
Айтмакчы, парламенттин ишин жыл бою талыкпай чагылдырган "Азаттыктын" дагы бир белдүү кызматкери Аманбек Жапаровдун эмгеги да эске алынып, ага Жогорку Кеңештин Алкыш каты тапшырылды.
Жогорку Кеңештин ишмердигин чагылдыруу боюнча конкурс Европалык Союз менен БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу астында иштеп аткан парламенттик долбоордун алкагында жарыяланган.
Конкурска түшкөн материалдарды ЖК депутаттары, парламенттин аппаратынын кызматкерлери, медиа эксперттер жана ЕБ/БУУнун Өнүктүрүү Программасыныны парламенттик долбоорунун өкүлдөрү электен өткөрүштү.
Басылма каражаттардын ичинен 1000 доллар сыйлыкты “Аят пресс” жана "Эркин Тоо" гезиттери жеңип алды. Журналисттердин арасынан биринчи сыйлык (1000 доллар) “Агым” гезитинин кызматкери Келдибек Назировго, экинчи сыйлык (750) “Слово Кыргызстана” гезитинин редактору Кифаят Аскеровага жана үчүнчү сыйлык (500 доллар) “Аят-пресс” гезитинин өкүлү Төлөгөн Сулаймановго тапшырылды.
"Азаттыктын" сыналгы берүүлөр боюнча продюсери, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева
Электрондук маалымат каражаттарынын ичинен биринчи сыйлыкка (1000 доллар) “Азаттыктын” сыналгы берүүлөр боюнча продюсери Бүбүкан Досалиева ээ болду. Экинчи сыйлыкты (750 доллар) НТС каналынын кабарчысы Миржан Балыбаев менен "Акипресс" маалымат агенттигинин өкүлү Жылдыз Орозбакова алышты. Үчүнчү сыйлык (500 доллардан) УТРКнын журналисти Кундуз Жолдубаевага жана “Заманпресс» маалымат агенттигинин өкүлү Нурзат Усебаевге кетти. Жогорку Кеңештин ишмердиги жөнүндө мыкты аналитикалык материалдарды жазгындыгы үчүн эркин журналист Асыл Осмоналиевага 1500 доллар, «Эркин Тоо» гезитинин кабарчысы Сымбат Максутовага 1250 доллар жана Мурат Укушевге 1000 доллар сыйлык тапшырылды.