Алай районун элинин атынан Бишкекке жөнөтүлгөн өкүлдөрдүн айтымында, генерал Исмаил Исаков 2005-жылдагы март ыңкылабына активдүү катышып, азыркы президент Курманбек Бакиевдин бийликке келишине, андан кийин коргоо министрлигин жетектеп турганда кыргыз армиясын бутуна тургузууга айтаарлык салым кошкон.
Ошентсе да, мындай чыныгы адисти өлкөнүн кызыкчылыгына пайдалануунун ордуна, тескерисинче, жөн жеринен куугунтуктап, кодулоо аракети алайлыктардын кыжырын кайнатууда. Андыктан, алар Баш мыйзамдын кепили болгон өлкө жетекчисине жолугуп, орой-чарай сүйлөшүп, жердеши Исаковду куру жалаадан арачылап калууну суранышмакчы.
Алай районунун тургуну Таалай Зикиров «Азаттыкка» кабарлашынча, эгерде өтүнүч оң жагына чечилбесе, жердештери күтүүсүз кадамдарга барууга ниеттенүүдө.
Сөз арасында Таалай Зикиров президент Бакиевдин наамына жолдонгон Кайрылууга эки миңге чукул алайлык кол койгондугун, бирок кат ээсине тапшырыла электигин кошумчалады.
Ошол эле учурда Ош облусунун райондорунда мурунку коргоо министрин актоону талап кылган дагы бир Кайрылууга кол коюу акциясы улантылууда. Бул туурасында жыл башында уюшулган Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Манас Эргешов билдирди. Анын айтымында, ушу тапта төрт миңден ашуун кол топтолду, анын бардыгы жакынкы күндөрдө мамлекет башчысына жөнөтүлмөкчү.
Алай районунун акими Алмазбек Осмонов менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүбүздө, аймактын элинин атынан өлкө жетекчилигине Кайрылуу түшкөндүгүн ырастады. Анын сөзүнө караганда, ошондой эле бул жөнүндө Ош облус губернатору Мамасадык Бакиров кабардар, ал өтүнүчтү президент Бакиевге жеткирээри шексиз.
Деген менен биздин президенттин катчылыгы менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок. Ал эми башка булактардан алынган маалымат боюнча Алайдан барган өкүлдөрдү өлкө башчысы кабыл ала элек.
Канткен күндө да, мурунку коргоо министри жана Kоопсуздук Кеңешинин катчысы Исмаил Исаков ага карата козголгон кылмыш иштерин бийликтин буюртмасы деп эсептейт.
Кезегинде Ош облустук адилет башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Рахман Таштанов Алай районунун элинин жана Исмаил Исаковду коргоо комитетинин генералды жоопкерчиликтен бошотуу талабын аткарылгыс ультиматум сыңары сыпаттады.
Бириккен Элдик кыймылдын мүчөсү Исмаил Исаковго байланышкан соттук териштирүү ушул жылдын март айында башталган. Мурдагы коргоо министри кызматынан кыянат пайдаланып аскердик техникаларды мыйзамсыз саткан, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланган деп айыпталууда.
Мамлекеттик айыптоочу 30-нобярдагы сотто Исмаил Исаковду аскердик чининен ажыратып, үй-мүлкүн консфикациялоону, ошондой эле генералды сегиз жыл эркинен ажыратуууну суранган эле.