Алай райондук мамлекеттик акимчилигинин алдына чогулган элүүдөн ашуун жаран колдоруна “Ак ийилет, бирок сынбайт”, “Исаковдон колуңарды тарткыла!”, “Биз Исаковдун актыгына ишенебиз!” деген плакаттарды көтөрүп турушту. Алар чечимди улам кечеңдеткен сот бийлигине карата төмөнкүдөй дооматтарын билдиришти.
Айыл аксакалдарынын бири Ороз Мусаев кыскача буларга токтолду:
- Исаковдун актыгына көзүбүз жетип турат. Ал бир эле Алай журтчулугуна эмес бүтүндөй Кыргызстанга таандык азамат жана ишмер эле. Биз аны Исхак Раззаковдой, Апсамат Масалиевдей абдан таза инсан деп билет элек.
Ошондуктан, Ороз Мусаев соттук териштирүүнүн жүрүшүндө генерал Исаковго тагылган айыптар далилденбегендиктен, аны токтоосуз актоо зарыл деп эсептейт.
Ош шаарынын тургундары жөнөткөн өкүл Жумадыл Тургунбаевдин айтымында, азыркы режимди сындагандыгы үчүн мурунку коопсуздук Кеңешинин катчысы, ошондой эле коргоо министри жалган жалаага кабылып олтурат.
- Танып кайда барабыз, кыргыз армиясын мыкты деңгээлге көтөрдү. Негизинен бул жерде курулай доомат, саясий куугунтук жыттанып турат. Эгерде маселе тетири жагына чечилсе, биз, албетте, чындык орношу үчүн кашык каныбыз калганча күрөшөбүз, - деген Жумадыл Тургунбаев кокус генерал соттолсо, жердештери баш ийбөө акцияларын башташаарын эскертти.
Сөздү улаган Алайдагы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрайымы, акциянынын уюштуруучусу Курманжан Сапарбаева ушундай мезгилде Кыргыз Куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы Курманбек Бакиев унчукпай келатканына эл нааразы экендигин туюндурду:
- Эми жанагы аскердик майрамга беш жүз миң сом сарптаган деп атышат. Ыя, ботом, ал салтанаттарга Курманбек Бакиев катышып, генерал Исаковдун урматына эл көзүнчө шампанское атпады беле. Ошо киши кур дегенде чайын ичкен элем, акчалар максатсыз жумшалган эмес деп айтып койбойбу. Алай эли президентке дагыле ишенип, үмүт артып, байма-бай Кайрылуу жөнөтүп жатабыз.
Курманжан Сапарбаева алайлыктар жөнөткөн арачыларды Президент кабыл ала электигин, ошондой эле Курманбек Бакиевдин наамына жолдонгон бир нече кайрылууга эмдигиче жооп болбогондугун ырастады.
Митингичилерге кайрылган акцияны уюштуруучулардын бири Таалай Зикиров генерал Исаков менен телефон аркылуу байланышкандыгын, анын соту 25-декабрга жылдырылгандыгын жарыялады:
- Генерал Исаковдун актыгын жалаң гана жердештери эмес бүтүндөй Кыргыз эли билет. Ошондуктан, аны камап койсок, эл көтөрүлбөс бекен деп чочулап, соттун өкүмүн улам жылдырып атышат. Дагы кайталаймын, эгерде актоо чечими окулбаса, Алай эли жалгыз генералын коргоп алганга кудурети жетет.
Ошентип, Таалай Зикиров 25-декабрда райборбор Гүлчөгө кайра чогулушаарын, сот бийлиги актоо өкүмүн окубаса, алайлыктар жер-жерлерде жөө жүрүш, митинг, ачкачылык уюштуруп, Алай-Ош автожолун жабышаарын маалымдады.
Райондук акимчиликтин алдында бир сааттан ашык убакытка созулган митингде коюлган талаптарга жергиликтүү бийлик жооп кайтарган жок. Муну Алайдын акими Алмазбек Осмонов алардын акцияга чакырылбагандыгы менен байланыштырды.
- Акимби, министрби же жөнөкөй адамбы, бардыгы мыйзам астында бирдей. Мындан мурда жердештерине, Исаковду коргоо комитетине түшүндүрүп айткам, күнөөсү жок болсо, аны эч ким соттобойт, акталат. Кокус айыбы болсо, ага жараша жооп бериши абзел, - деген райондун башчысы Алмазбек Осмонов митингичилердин аракетин мыйзамсыз жорук катары сыпаттады.
Бириккен Элдик кыймылдын мүчөсү Исмаил Исаковго байланышкан соттук териштирүү ушул жылдын март айында башталган. Мурдагы коргоо министри кызматынан кыянат пайдаланып аскердик техникаларды мыйзамсыз саткан, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланган деп айыпталууда. Мамлекеттик айыптоочу 30-нобярдагы сотто Исмаил Исаковду аскердик чининен ажыратып, үй-мүлкүн консфикациялоону, ошондой эле генералды сегиз жыл эркинен ажыратуууну суранган эле.