Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

“Генералды эми чындап коргойбуз”


Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы, экс-коргоо министри Исмаил Исаковдун аскердик чининен ажыратылып, сот залынан камалып, сегиз жылга эркинен ажыратылышы жердештеринин катуу каршылыгын жаратты. Алар райондук бийликтин алдына чогулуп, эмне үчүн мындай катаал өкүм чыгарылгандыгын түшүндүрүүнү талап кылышты. Аким алардын талаптары жогору жактарга жеткирилгендигин айткандан кийин жетимиштей кишини күч органдары күчтөп таратты.

11-январда саат он жарымдан баштап кечки төрткө дейре Алай районунун булуң-бурчунан чогулган 300 чакты киши Исмаил Исаковду актоону талап кылган митинг өткөрүп, аралыкта Гүлчө кыштагын кыдырып жөө жүрүш жасашты. Акырында алардын жетимиш чакты өкүлү генералдын Бишкектеги сотунун өкүмүн күтүп кыш ызгаарына чыдап райондук акимчиликтин алдында турушту. Саат кечки алтылар чамасында жердеши аскердик чининен ажыратылып, сот залынан камалып, сегиз жылга эркинен ажыратылгандыгын укканда райбийликтин имаратын карай жөнөштү.

Чогулгандар райондук бийликтен эмне үчүн мындай катаал өкүм чыгарылгандыгын түшүндүрүүнү талап кылышты. Элди утурлаган Алай районунун акими Алмазбек Осмонов генералдын жердештеринин коюп келаткан талаптарын Бишкектеги Ак үйгө төкпөй-чачпай жеткиргендигин, бирок соттун өкүмү боюнча эч нерсе айта албастыгын билдирди.

Бүгүнкү акцияны уюштуручулардын бири Таалайбек Зикиров чыгарылган өкүмдү адилетсиз деп сыпаттады.

Ал эми Исмаил Исаковду коргоо комитетинин Алай райондук комитетинин төрайымы Курманжан Сапарбаева элдин сотко болгон акыркы үмүтү таш капкандыгын жар салды.

Ушундан кийин нааразычылык акциясынын катышуучулары райакимдин жолун торогондо, аларды күч органдарынын кызматкерлери күчтөп таратты.

Алай районунун ар айылынан чогулгандар бүгүнкү акция менен чектелбестигин, Исмаил Исаков акталмайынча, азырынча Кытай менен Кыргызстанды байланыштырган Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там автожолун тосушаарын айтып тарашты.

XS
SM
MD
LG