Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:35

Жуманын маданий окуялары


Көптөн бери чыкпай калган “Ала-Тоо” журналы “Жаңы Ала-Тоо” деген аталыш менен жарыкка чыкты. Тарых музейинде 54 жазуучудан турган топ пленум өткөрүп, жазуучу Абдрахман Алымбаевди Жазуучулар союзунун төрагалыгына шайлады.

19-майда Бишкектеги “Октябрь” кино театрында Кыргызстандын жаш кинорежиссерлорунун I фестивалы ачылды. Фестивалдык сынак жарыяланган үч ай убакыттан бери түрдүү жанрдагы 60 кинотасма келип түшүп, комиссия тарабынан анын 13ү гана тандалып алынды.

Апта башында Кыргыз-Түрк "Манас” университетинде жаш түркологдордун эл аралык симпозиуму ачылып, эки күнгө созулду. Аталган симпозиум түркология илимин изилдөөгө арналып, Ата-Түрк менен Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чаралары менен коштолду.

Симпозиумга Кытайдан, Түркиядан, Казакстандан жана Өзбекстандан окумуштуулар жана кыргыз илимпоздору, ошондой эле студенттер катышышты. Симпозиумда көтөрүлүп келаткан түркологияга байланыштуу маселелер өзүнчө жыйнак болуп чыкмакчы.

Мамлекеттик Тарых музейинде “Туризм жана Саякат-2009" IV туристтик жарманкеси, кол өнөрчүлүктүн жана элдик устачылыктын II эл аралык фестивалы болуп өттү. Жарманке ошондой эле Бишкекте, Ошто жана Ысык-Көлдө да уланды.

Гапар Айтиев атындагы Мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде жаш сүрөтчүлөрдүн республикалык көргөзмөсү өтүп жатат. Ага 44 жаш сүрөтчүнүн көркөм сүрөттүн бардык жанрындагы 100 дөн ашык эмгеги коюлган.

Кыргыз улуттук китепканасында акындардын “Алыкулдун Ак боз ат” фестивалынын лауреаты, акын Бурулкан Сарыгулованын “Сыр сандык” аттуу поэтикалык жыйнагынын бетачары өттү. Жыйында чыгып сөз сүйлөгөн Кыргыз эл акыны Омор Султанов “Бурулкан Сарыгулованын поэзиясында башкысы – поэтикалык ой жүгүртүү бар” деди. Кечеде акын ырларынан көркөм окуулар болду.

Бишкектеги “Аль-Хаят” арт-галереясында СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү маркум Сүймөнкул Чокморовдун “Кайтуу” деп аталган темада сүрөт көргөзмөсү жүрүп жатат.

Германиянын Кыргызстандагы Борбордук Азия боюнча Сильвия Геслер айым жетектеген “Техникалык кызматташуу коому” 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата жети жаш сүрөтчүнүн көргөзмөсүн ачты. Уюмдун максаты – таланттуу жаштарга дем кошуу менен алардын эмгектерин жалпы коомчулукка алып чыгуу. Көргөзмөгө коюлган эмгектер коом тарабынан сатыкка коюлду.

Көптөн бери чыкпай калган “Ала-Тоо” журналы “Жаңы Ала-Тоо” деген аталыш менен Кыргыз эл акыны Омор Султанов жетектеген улуттук Жазуучулар союзу тарабынан жарыкка чыкты. Ошол эле учурда тарых музейинде 54 жазуучудан турган топ пленум өткөрүп, жазуучу Абдрахман Алымбаевди союздун төрагасы кылып шайлады. Ал эми төрага орунбасарлыгына жазуучу Кален Сыдыкова келди. Омор Султанов башында турган Жазуучулар союзу жазуучулардын мөөнөтү өтүп кеткен кезектеги курултайын 21-июнда өткөрүүнү белгилесе, Абдрахман Алымбаев жетекчиликке келген союз күзүндө Кыргызстан жазуучулар союзунун Курултайын өткөрмөк болушту.

Бишкектеги “Колдоо” арт-борборунда мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсү ачылды. Көргөзмө - балдардын аруу ой-тилектерин көрөрман кагаз бетинен көрүп-билсин деген максатта уюштурулду. Сүрөт эмгектери менен катышкан балдардын баары баалуу белектерге ээ болушту.
ШКУга кирген өлкөлөрдүн сүрөтчүлөрүнүн жакында Кытайда өтчү көргөзмөсүнө кытайлык эксперттер тарабынан кыргызстандык 40 сүрөтчүнүн 45 эмгеги тандалып алынды. Кытай тарап бул сүрөттөрдү баалап сатып алат жана ал сүрөттөр Кытай Сүрөт академиясынын фондуна алынат. Аталган көргөзмөгө кыргыз сүрөтчүлөрүн Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев жетектеп барат.

23-майда Кыргыз улуттук телерадио компаниясынын концерттик залында белгилүү акын, Алыкул Осмонов сыйлыгынын лауреаты Кожогелди Култегиндин “Жүрөк конуш” аттуу жаңы китебинин бетачары өттү.

XS
SM
MD
LG