Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:00

"Яшлык жана "Тугантел" топтору концерт берет


Бүгүн Бишкекте Татар диаспорасынын кайрымдуулук концерти өтөт. Анда татарлардын “Яшлык” жана “Тугантел” топтору өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

Концертке Улуттар Ассамблеясына кирген бир катар диаспоралардын өкүлдөрү чакырылган.

Алгач “Сарман” андан кийин “Тугантел” деп аталган топтун түзүлгөндүгүнө 15 жыл болду. Топтун курамын орто жаштагы өнөрпоздор түзүп, репертуары эски ырлардан турат. Татар диаспорасынын жетекчиси Гулсина Улмаскулова кабарлагандай Концертке келген көрүүчүлөр “Тугантел” тобунун солистеринин аткаруусунда ар кыл тилдеги ырларга күбө болушат

Биздин артистер бир эле татар тилинде эмес, кыргызча да, ошондой эле орус, өзбек жана башка тилдерде да ырдашат. Ошону менен алар бир эле татартилин билбестен, башка дагы тилдерде сүйлөй алышаарын айкындашат.

Ал эми жаш ырчы-бийчи кыздардан түзүлгөн “Яшлык” ансамбли өлкөдө өткөрүлгөн ар кыл маданий иш-чараларга такай катышат. Жаш таланттар бир эле Кыргызстанда өнөлөрүн көрсөтпөстөн чет жерде да болуп кайтышкан деп билдирди Гулсина Улмаскулова .

Былтыр Казань шаарында өткөн эл аралык фестивалга катышып, “Яшлык” ансамбли бий боюнча биринчи орунду жеңип келишкен. Бул эл аралык фестивалга ар кайсы өлкөдөн көптөгөн өнөрпоздор келет да, андыктан ошончонун ичинен суурулуп чыгып, мыкты баага татыгандыгы бизди сыймыктандырат.

Татар диаспорасынын алдында түзүлгөн “Тугантел” жана “Яшлык” ансамблдери ошондой эле өлкөнүн облустарын кыдырышып, элет тургундарына кече уюштуруп турушат. Быйыл да ал салт уланып, 20-июнда Караколдо, андан кийин Чолпон-Атада, Токмок, Кара-Балтада концерт уюштурушат.

Ал эми Бишкекте өтүүчү бүгүнкү концертке борбордогу баардык диаспоралардан өкүлдөр чакырылган. Орус драма театрынын жетекчисинин орун басары Елена Смиронованын билдиргенине караганда тез-тезден эле өлкөдөгү диаспоралар менен биргеликте кайрымдуулук концерттерин өткөрүп, ошондой эле спектаклдерди тартуулап турушат.

Биз мындай акцияны 18-февралдан тарта өткөрүп келебиз. Көрүүчүлөрүбүз да көнүп калышты. Ар бир жуманын шаршембисинде залыбызга эл толот. Алардын көпчүлүгү кары-картаңдар. Биринде концерт уюштурсак, биринде спектаклдерден тартуулайбыз.

Ал эми келерки шаршембиде орус драма театрынын артистери Мырзабек Тойбаевдин “Жоронун жоруктары” комедиясын тартуулашат.
XS
SM
MD
LG