Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Кытай сүрөтчүлөрү Кыргызстанда


“Тынчтык саякаты” аттуу акциянын алкагында Бишкекте кытайлык 21 сүрөтчү чыгармачылык сапар менен жүрөт. Бүгүн алар күндүн экинчи жарымында Гапар Айтиев атындагы мамлекеттик музейде болушат. Акциянын башкы максаты – кытай-кыргыз сүрөтчүлөрүнүн биргелешкен көргөзмөлөрүн уюштуруу.

Кытайдан сыртта жашап жаткан кытайлык сүрөтчүлөрдүн “Тынчтык саякаты” акциясынын катышуучулары Англиядан, Австралиядан, Франциядан, Кытайдан жана башка мамлекеттерден келишти. Дүйнөнүн ар кай өлкөсүндө жашап жатышканы менен аларды – Ата-мекен жана көркөм дүйнө чогултуп отурат. Кытайлык сүрөтчүлөр кыргыз көркөм сүрөтү менен таанышып, Бишкектеги сүрөтчүлүк окуу жайларынын окуучуларына жана сүрөтчүлөрүнө чеберчилик окууларын өтүшүүдө. Маданият жана маалымат министрлигинин басма сөз катчысы Мамасалы Апышевдин айтымында, кытай сүрөтчүлөрүнүн “Тынчтык саякаты” акциясы Бишкектин сүрөт музейлеринде, сүрөт окуу жайларында, Кыргызстандын Маданият жана Тышкы иштер министрликтеринде, дагы башка маданий жайларында өтүүдө.

Бүгүн Кытайдын эл аралык проблемаларды изилдөө фондунун председатели, ШКУнун экс-генералдык катчысы Чжан Дегуан жетектеген кытайлык сүрөтчүлөр Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде болушуп, Гапар Айтиев, Афанасий Чуйков өңдүү кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектери менен таанышышат.

Аталган музейдин директору, Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда бул иш-чарада Гу Гун жана Чан Жун сүрөтчү мырзаларга “Кыргыз музейинин ардактуу кеңешчиси” наамдары да берилмекчи. Юристанбек мырзанын айтымында эки элдин сүрөтчүлөрүнүн алакасы кеңири максаттарды көздөйт:

- Булардын максаты – кыргыз сүрөтчүлөрү менен кытайлык сүрөтчүлөрдүн байланыштарын ар тараптуу өнүктүрүү жана бул байланышты андан ары ШКУга кирген мамлекеттер менен жана КМШ өлкөлөрү менен да улантуу.

Кийинки убакта кыргыз-кытай сүрөтчүлөрүнүн чыгармачылык байланыштары бекемделе баштады. Май айында Пекинде 50 гө жакын кыргыз сүрөтчүсүнүн көргөзмөсү өттү. Кыргыз сүрөтчүлөрүн жетектеп барган Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев “Азаттыкка” Кытай тарап Кыргыз мамлекеттик музейине техникалык жактан жардамдарды да көрсөтөрүн маалымдады.

Кытайдан сыртта жашап жаткан кытайлык сүрөтчүлөрдүн “Тынчтык саякаты” акциясы Бишкекте 1-июлга чейин уланмакчы.



XS
SM
MD
LG