Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:40

Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт


2009-жылдын октябрь айында Түркияда Кыргыз маданиятынын күндөрү өтөт. Кыргыз маданиятынын күндөрү менен кошо Анкара университети тарабынан “Айтматовду экинчи ирет эскерүү” аттуу эл аралык Симпозиум болот.

Түркиянын президенти Абдулла Гүл Кыргызстанга келгенде, эки өлкөнүн президенттеринин ортосунда кыргыз жана түрк маданий алакаларын кеңейтүү боюнча сөз жүргөн. Бирок ага чейин эле, Кыргызстан эгемендик алгандан тарта Түркия мамлекети кыргыз маданиятына өзгөчө көңүл буруп келатат.

Учурда октябрь айында Түркияда өтө турган Кыргызстандын маданият күндөрүнө карата даярдыктар жүрүп жатат. Маданият жана маалымат министрлигинин чет өлкөлөр менен байланышуу бөлүмүнүн жетекчиси Нурдавлет Нурмамат уулу алдыдагы бул маданий иш-чаранын өтүшүнө төмөндөгүчө токтолду:

- Түркияда кыргыз өнөр чеберлеринин гала-концерти болот. Аны менен кошо кыргыз кыл калемчилеринин, кол өнөрчүлөрүнүн, кинофильмдеринин жана китептеринин көргөзмөлөрү өтөт. Азыр мына ушул тармактарда даярдыктар жүрүп жатат.

Түркияда өтө турган Кыргызстандын маданият күндөрүндө кыргыз киносунун көрсөтүүлөрү да жүрмөкчү. Кыргыз кино департаментинин директору Абибилла Пазылов “Азаттыкка” учурда Кино үйүндө фильмдерди тандоо жүрүп жатканын кабарлады:

- Эгер алты тасма алып бара турган болсок, үчөө мурдагы классикалык фильмдерден болот, ал эми үчөө учурдагы жаңы тасмалар. Анан биз азыр алып бара турган фильмдердин котормолору боюнча түрк киночулары менен сүйлөшүп жатабыз.

Чыңгыз Айтматовдун көзү өткөндөн кийин “Айтматовду эскерүү” эл аралык жыйыны улуу жазуучуга “Түрк дүйнөсүнө сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн” сыйлыгын ыйгарган Элазыг шаарында өткөн болчу. Эми мына ушул маданият күндөрүнүн алкагында Анкарада “Айтматовду экинчи ирет эскерүү” аттуу эл аралык симпозиум өтмөкчү. Учурда симпозиумга катышуу үчүн Кыргызстандын он беш маданият өкүлүнө чакыруу келди.
XS
SM
MD
LG