Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Аптанын маданий окуялары


“Аралаштын азил тамашасы” аттуу долбоор жыйынтыкталды.

  • Дүйшөмбү күнү Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз куудулдары уюштурган концертте күлкү күйөрмандары тандалган, мыкты делген сатираларга күбө болушту.

  • Шейшемби, шаршемби күнү кыргыз эл артисти, “Досум Үсөн” тобунун жетекчиси Юрий Бобков бенефис концертин берди. Ага эл артистинин сахналаштары жана ал иштеген бир катар маданий долбоорлордун өнөрпоздору катышты.

  • Шаршемби күнү орус драма театрынын артистери кайрымдуулук акциясын өткөрүшүп, анда “Салам Париж” аттууу комедияны тартуулашты. Спектаклде чет жерде иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын турмушу чагылдырылган.

  • Бейшембиде улуттук филармонияда борбордогу №7 балдар музыкалык мектебинин 40 жылдык мааракеси белгиленди. Ага арналган салтанат өнөрпоздордун концерти менен коштолду.

  • Жума күнү кино үйүндө кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси өттү. Анын алкагында маркум жазуучунун чыгармачылык өмүр жолун чагылдырган көргөзмө уюштурулуп, анын чыгармалары боюнча тартылган тасмалар сунушталды.

  • Бул жумада Москвада Индиянын жылы жыйынтыкталды. Анын алкагында чоң музейде көргөзмө ачылып, анда Индиянын 7 кылымдан 19-кылымга чейинки кыл калем чеберлери жана бедисчилери жараткан, Нью-Дели улуттук музейинде сакталган мыкты делген 100дөн ашуун эмгектер коюлган.

  • Джон Кеннеди атындагы көркөм өнөр борбору Американын жана дүйнөлүк маданиятты өнүктүрүүгө зор салым кошкон айрым ишмерлерге сыйылыктарын ыйгарды. Алардын катарында америкалык актер Роберт Де Ниро жана рок музыкант Брюс Спрингстин, опера ырчысы Грейс Бамбри, режиссер Мел Брукс жана башкалар бар. Кеннеди борбору 1978-жылдан бери сыйлыктарды ыйгарып келет.

  • Сергей Есениндин ырлар жыйнагы монгол тилинде жарык көрдү. Монцамэ агенттиги кабарлагандай бул котормо белгилүү акын, журналист, монгол жазуучулар уюмунун лауреаты Нергуйга таандык. Маалыматтарга караганда монгол котормочулары буга чейин Есениндин ырларын которуп жүрүшкөн, бирок жыйнагынын толук котормосу басылган эмес.
XS
SM
MD
LG