Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

Жаңы жылдык оюн-зооктор башталат


Борбордогу театрлар Жаңы жылга арналган программаларын тартуулай башташты.

23-декабрда Муса Жангазиев атындагы куурчак театры салтка айланган жаңы жылдык жомокторун көрсөтүүнү баштайт. Театрдын жетекчиси Темирлан Сманбеков билдиргендей көрүүчүлөр келип жөн эле жомок көрүп кетпестен, оюн-зоокторго да катышат.

- Театрга келген балдар алгач аяз ата, аяз кыз менен биргеликте балатыны айланышып ырдап-бийлеп, ар кыл оюндарды ойношот. Андан кийин сахнанын залына кирип, 40 мүнөттүк жомок көрүшөт.

Темирлан Сманбеков ошондой эле театрдын репертуарында ар бир улуттун жана кыргыз элинин жомоктору бар экендигин айтып, ал чыгармалар аркылуу балдардын жан дүйнөсүнө руханий байлык тартуулай тургандарын кошумчалайт.

Ч. Айтматов атындагы орус драма театрынын артистери да эртең балдар үчүн Андерсендин чыгармасынын негизинде коюлган “Кар ханышасы” аттуу жомогун тартуулайт. Театрдын жетекчисинин орун басары Елена Смирнова кабарлагандай ал жомоктун алдында сөзсүз балдар жаңы жылдык оюн-зоокко күбө болушат.

- Жаңы жылга карата биздин артисттер балдарга белек катары эки жомок даярдады. Ал спектаклдердин алдында аяз ата менен аяз кыздын жаңы жылдык оюн-зоогу болот. Балдарга жана жалпы эле көрөрмандарга жаңы жылдык маанай тартуулоо үчүн имаратты балатылар менен кооздоп койдук.

Орус драма театрынын балдарга арналган жаңы жылдык жомоктору 14-январга чейин көрсөтүлөт. Ушул күндөрү “Дем” тамаша театры да мектептерди жана жогорку окуу жайларды кыдырышып, майрамдык программасын көрсөтүшүүдө. Бул туурасында театрдын актеру Эркин Эгембердиев кабарлады.

- Биз Бишкектен алыс жана жакын жайгашкан мектептерге барып балдарга жомок көрсөтүп жатабыз. Ал жомокту театрдын жетекчиси Марат Козукеев койгон.

Эркин Эгембердиев ошондой эле жогорку окуу жайларында жаңы жылга карата концерттик программа тартуулап жаткандарын кошумчалады. Майрамдык оюн-зооктор ошондой эле Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында да өтөт.
XS
SM
MD
LG