Падышалык бийлик мезгилинде Пишпек шаарынын соода-экономикалык таасири артып, 1905-жылдын бул күнү уезддик борбордо 398 соода түйүнү катталган. Соода түйүндөрүндө 1 миллион 125 миң рубль көлөмдөгү акча жүгүртүлүп, ал өлкө бюджетинин маанилүү киреше тармагы катары эсептелген. Мындан тышкары, шаарда 12 суу тегирмен, 18 өнөр жай ишканалары иштеген. Тери иштетүүчү, самын чыгарчу ишканаларда 44 жумушчу эмгектенип, алар жылына 15 миң 400 рубль көлөмдөгү товар өндүрүшкөн.
Жетисуу областынын аскер командачысы, генерал-майор А. Я. Фриде менен Кытайдын Или цзяньцзюнунун кеңешчиси амбань Шентай 1882-жылдын 10-март күнү Или өрөөнүн Кытай мамлекетине берилиши туурасында даярдалган протоколго кол коюшкан. Протокол Петербург келишимине ылайык орус жана маньчжур тилдеринде даярдалып, анда Россия империясына өтүүнү каалаган адамдардын Казакстан менен Орто Азияга жер которуш маселеси эске алынган.
Фрунзе шаарына пландаштырылган жасалма муз заводунун курулуш иши 1941-жылдын бул күндөрү ишин баштаган. Завод Түркстан-Сибирь темир жолундагы Пишпек станциясына жакын жерде орун алып, анын продукциялары менен муздаткыч-вагондорду эле эмес, шаардык оорукана, пивзаводдорду камсыздоо келечеги белгиленген. Бирок июнь айында башталган согуш алааматы бардык изги ниеттердей эле, бул саамалыктын да кендирин кескен.
Фрунзе шаарындагы физикалык приборлор заводунун коллективи «өнүккөн социализм» шартында «Борборго-үлгүлүү турмуш жана коомдук тартип» деген ураанды көтөрүп чыгышкан. Ишканынын демилгеси Кыргызстан коммунисттик партиясынын Фрунзе шаардык комитетинин 1974-жылдын 11-мартында өткөн жыйынында каралган Кыргызстан коммунисттик партиясынын Фрунзе шаардык комитети ишкана көтөргөн ураанды колдой тургандыгын жана аны борбор шаарда жайылтуу зарылчылыгын билдирген.
Физприборчулар өнөр жай өндүрүшүн жогорку маданият көрсөткүчүнө көтөрүү; борбор шаардын тазалыгы үчүн күрөшүш максатында заводдогу бир иш күнүн санитардык деп жарыялоо; завод аймагына бак-дарактарды отургузуу; коллектив менен ай сайын театр, музейлерге баруу туурасында чечим чыгарган.
Кыргызстандын медицинасындагы биринчи жолу лазердик операция 1980-жылдын 10-мартында жасалган. Иса Ахунбаев атындагы клиникада профессор А. Червинский жетектеген хирургдар, скальпелди лазердик нурга алмаштырган жаңы ыкманы колдонушуп, Кыргызстан медицинасындагы биринчи жолку лазердик операцияны ийгиликтүү жүзөгө ашырышкан.
«География же жер дүйнөсүнүн кыскача баяндамасы» аттуу орус тилиндеги биринчи басма китеп 1710-жылдын 10-мартында жарык көргөн.
Россия Федерациясында 10-март «Архив күнү» катары белгиленет. Петр I 1720-жылдын 10-март күнү «Генаралдык регламент же Устав» аттуу Россия тарыхындагы биринчи мамлекеттик актыга кол койгон. Падыша мамлекеттик мекемелердин уюшулуш маселесин аныктап, бардык мамлекеттик органдарга архив бийлигин киргизген. Мамлекеттик архив органдарында эмгектене турган архивариус кызматы аныкталып, аларга каттарды чогултуп, документтерди реестерге ылайык жайгаштырып жана барактарын белгилөө милдети жүктөлгөн.
I Пуни согушу б.зч. 241-жылдын 10-мартында соңуна чыккан. I Пуни согушунда карфагендик флот Эгад аралдарынын кашында талкаланып, римдиктер 50 карфагендик кемени чөктүрүп, 70 кемени олжолоп алышкан.
Кардинал Мазарини дүйнөдөн кайткандан кийин 1661-жылдын 10-март күнү Франция мамлекетинин бийлик башына король Людовик XIV келген.
Америка Кошмо Штаттарынын тарыхындагы биринчи кагаз акча 1862-жылдын 10-мартында жүгүртүүгө киргизилген.
Александар Белл телефонду ойлоп тапкандан үч күн өткөн соң 1876-жылдын 10-март күнү Томас Уотсон аттуу жардамчысы менен биринчи жолу телефон байланышын курган. Гениалдуу ойлоп табуучу коңшу бөлмөдөгү жардамчысына телефон чалып, «Мистер Уотсон мага баш багыңызчы. Сиз мага керексиз» деген тарыхка айланган сөзүн айткан. Ошентип 10-март эки адам ортосундагы биринчи телефон байланышын курган күн катары тарыхка кирген.
Трансконтиненталдык телефон линиясы аркылуу байланыш 1915-жылы өтүп, Нью-Йорк шаарында орун алган А. Белл жардамчысы Т. Уотсонго тарыхка айланган сөзүн дагы бир жолу кайталаган. Сан-Францискодо шаарында жайгашкан жардамчысы ойлоп табуучунун каалосу бир жумадан кийин барып орундала тургандыгын билдирген.
Орус физиги А. Г. Столетов 1880-жылдын 10-март күнү фотоэффект кубулушун ачкан.
Кытай мамлекети 1910-жылдын 10-март күнү кулчулуккка тыюу салган.
Москва шаарындагы атактуу ЦУМ дүкөнү 1922-жылдын 10-мартында ачылган. Революцияга чейин аталган имаратта «МЮР жана Мерилиз» аттуу сода түйүнү орун алган.
Филиппин мамлекетине караштуу Любанг аралында 1974-жылдын 10-март күнү япон аскерин табышкан. Убакыт менен байланышын үзгөн япон аскери Экинчи дүйнөлүк согуш бүтө элек деп эсептеп, душман издөө менен күн көрүп келген.
Советтер Союзундагы бийликтин баркын кетирген акыркы башкаруучулардын бири - КПСС БКнын Генералдык секретары, СССР Жогорку Кеңеш Президиумунун төрагасы Константин Устинович Черненко 1985-жылдын 10-мартында дүйнөдөн кайткан.
Немец философу, жазуучу жана XIX кылымдагы романтизм агымын түптөөчүлөрүнүн бири – Фридрих Шлегель 1772-жылдын 10-март күнү жарык дүйнөгө келген.
Биринчи Оксфорд сөздүгүнүн автору, англис филологу Генрих Фоулер 1858-жылдын 10-март күнү туулган.
Азыркы Батыш дүйнөсүнүн № 1-душманы, саудовиялык шейх Усама бен Ладен 1957-жылдын 10-март күнү туулган.