Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:07

23-март: Тарых барактары


Германия мамлекетинде 1933-жылдын 23-мартында Адольф Гитлерге кошумча ыйгарым укук берген мыйзам кабыл алынган. Ал эми Италияда Бенито Муссолини 1919-жылдын 23-март күнү Милан шаарында «Фашио ди комбаттименто» аталган фашисттик уюм уюштурган.
Германия мамлекетинде 1933-жылдын 23-мартында Адольф Гитлерге кошумча ыйгарым укук берген мыйзам кабыл алынган. Ал эми Италияда Бенито Муссолини 1919-жылдын 23-март күнү Милан шаарында «Фашио ди комбаттименто» аталган фашисттик уюм уюштурган.

Ормон хан 1852-жылдын 23-мартында император Николай I кайрылуу жолдогон. Кыргыз мамлекеттик салтынын түптөлүшүнө 1937-жылдын 23-мартында кабыл алынган Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Конституциясы маанилүү роль ойногон. Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк метеорологдордун күнү.

XIX кылымдын ортосундагы кыргыз-казак каршылаштыгы кыргыздардын жеңиши менен аяктап, казак уруулары Чүй жана Или өрөөндөрүн таштап, Казакстандын ички аймактарына жер которушкан. Ормон хан ыңгайлуу учурдан пайдаланып 400 чамалуу түтүндү баштап, Или суусунун сол жээги менен Каскелеңдин батыш тарабына көчүп барган.

Жасалган ишти расмийлештириш максатында жана орус бийлиги менен мамиле бузуп албаш үчүн ал 1852-жылдын 23-мартында император Николай I кайрылуу жолдогон. Кайрылууда мурда аталган аймакта казактардын албан, дуулат уруулары жашагандыгы жана алар жерин таштап, кыпчактарга качкандыгы кабарланат.

Мындан ары казактардын кыянатчылыгын чектеш максатында кыргыздарды баштап, бош калган жерге көчүп келгендигин падышага билдирген. Казактардын мындагы таасирин чектеш үчүн Ормон хан Чыгыш Алатоо жерин толугу менен кыргыздарга берүү керектигин белгилеген.

Кат Чилек суусунун боюнан жазылып, ага Ормон хан менен анын уулу Үмөтаалынын мөөрү басылган. Кара-Кыргыз автономиялык областы уюшулгандан кийин Кыргызстан аймагында уезддик жана шаардык партиялык комитеттер, областтык партиялык бюролор болуп кайра түзүлө баштаган. Партиялык бийлик шатычасын жаңы шартка ылайык уюштуруу максатында 1925-жылдын 23-март күнү Пишпек шаарында 1-областтык партиялык конференция ишин баштаган.

Конференцияда областтык партиялык комитет, областтык контролдоо комиссиясы жана областтык революциялык комитеттер уюшулган. Мындан тышкаары, областтагы бай-манаптарга каршы күрөш жүргүзүү, жер-суу реформасын жүзөгө ашыруу сыяктуу маселелер талкууга алынган.

Кыргыз Автономиялык областынын I партиялык конференциясы 1925-жылдын 23-март күнү ишин баштаган. Кыргыз мамлекеттик салтынын түптөлүшүнө 1937-жылдын 23-мартында кабыл алынган Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Конституциясы маанилүү роль ойногон.

Кыргыз ССР Кеңешинин V съездинин 23-март күнкү жыйынында курамы 101 адамдан турган конституциялык комиссия уюушулган. Комиссияга Кыргызстан компартиясынын жаңы биринчи секретары Аммосов, Жээнбаев, Исакеев, Эсенаманов сыяктуу жооптуу кызмытчылар кирген. Конституцияда Кыргызстанда социализм толук жеңди деп тыянак чыгарылып, баш мыйзамда Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын, Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы болуп кайра уюштурулушу мыйзам түрүндө бекитилген.

Кыргыздын атактуу инсаны, теңдешсиз таланты менен дүйнөгө таанылган опералык ырчы Болот Миңжылкиев 1940-жылдын 23-март күнү жарык дүйнөгө келген. Ал Фрунзе шаарында туулуп, 1966-жылы Ташкенттеги мамлекеттик консерваторияны ийгиликтүү бүткөргөн. Болот Миңжылкиевдин ташкындаган таланты 1977-жылы СССР Эл артисттик наамы менен бааланган.

Кыргыз опера жана балет театрында солист катары эмгектенип, 1971-жылдан тарта искусство институтунда окутуучулук кесипти аркалаган. Тубаса кооз тембрлүү, диапозону кенен үндүү ырчы консерваторияда окуп жүргөндө эле Борбор Азиялык музыкант аткаруучулар арасында өткөрүлгөн конкурстун лауреаты болгон.

Италиянын дүйнөгө аты таанылган Ла Скала театрында 1968-жылы стажировкадан өтүп, чеберчилигин өркүндөткөн. Болот Миңжылкиев бир канча эларалык конкурстардын алтын медалын алып, лауреат атыгып, Гран при сыйлыктарды жеңген.

Парламенттик шайлоодон кийин курчуган ички абалды түздөш максатында, президент Аскар Акаев 2005-жылдын 23-март күнү кадрдык алмашууларды жасоого барган. Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Мурат Суталинов келген.

Ички иштер министри Бакирдин Субанбеков башка кызматка которулгандыгына байланыштуу, анын ордуна вице-премьер-министрдин жана ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп Кеңешбек Дүйшөбаев дайындалган.

Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Мурат Суталинов 2005-жылдын 23-март күнү Кыргызстандагы саясий кырдаалдын курчушуна оппозиция күнөөлүү экендигин билдирген. Анын пикирине ылайык өлкөнүн түштүгүңдөгү бийлик кылмыштуу топтун колуна өтүп, оппозиция Ош жана Жалабаддагы кырдаалды башкара албай калган.

Башкы прокурордун милдетин аткаруучу мындаагы кырдаалга тиешеси бар 500 чамалуу адамга укуктук жаза колдонула тургандыгын белгилеген. Анын ичинде бийликке каршы аракет көрүп, мамлекеттик мекемелерди басып алууну уюштурган, өлкөнү баш-аламандык сазына батырып, өзүм билемдикке жол берген 50дөй адамга 10 чамалуу берене боюнча кылмыш иши козголот деп айткан.

Казак Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев 2005-жылдын 23-мартында Кыргызстан калкына кайрылуу жолдогон. Кайрылууда Кыргызстанда курчуган саясий кырдаалга кабатылануу билдирилип, казак президенти кыргыз элин ынтымак, ырашкерчиликке чакырган.

Ушул эле күнү Өбекстандын тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын түштүгүңдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу кабатырланган билдирүү тараткан.

Белгилүү кыргызстандык тарыхчы, тарых илимдеринин доктору, Кыргыз Илим Академиясынын мүчө-корреспонденти, профессор Анварбек Хасанов 1914-жылдын 23-мартында жарык дүйнөгө келген. А. Хасановдун киндик каны Казакстандын Семей областындагы Маршан айлына таамган. Атасы Хасен Ысык Көлгө конокко келгенде кайтыш болуп, Анварбек Хасанович Кыргызстанда калып билим алган. А. Хасановдун илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү Кыргыз улуттук университетинин тарых факультети менен байланышкан. Ал тарых факультеинде кафедра башчысы болуп иштеп, жаштарга илимий тажрыйбасы менен бөлүшүп, жүздөн ашык илимий жана илимий-популярдуу эмгектерди жараткан.

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк метеорологдордун күнү. Метеорологдордун күнүн белгилөө жөрөлгөсү Бүткүл дүйнөлүк метеорологдор уюмунун 1950-жылдын 23-мартта кабыл алынган Конвенциясына ылайык жасалып келет.

Бир тууган Райттар 1903-жылдын 23-март күнү биринчи самолетко патент алышкан.

Германдык аскерлер 1918-жылдын 23-марттан баштап Париж шаарын «Чоң Берта» аталган эбегейсиз пушкалар менен аткылап башташкан. Салмагы 126 тонналык пушканын сайы 34 метрге жетип, ал 120 килограммдык снаряд менен аткан. Жарым жыл аралыгында немецтер Парижге 120 киломерт алыстыктан 351 снаряд чыгарышып, андан 256 адам өлүп, 620 киши жаракат алган.

Бенито Муссолини 1919-жылдын 23-март күнү Милан шаарында «Фашио ди комбаттименто» аталган «Күрөш союзун» уюштурган. Ошентип дүйнөгө алаамат алып келген биринчи фашисттик уюм жана жек көрүмчү термин пайда болгон.

Германия мамлекетинде 1933-жылдын 23-мартында Адольф Гитлерге кошумча ыйгарым укук берген мыйзам кабыл алынган. Ошентип Гитлер мыйзамдуу түрдө Германиянын диктаторуна айланган. Кыска аралыкта профсоюз уюму таратылып, нацисттик партиядан башка бардык саясий партиялардын ишине тыю салынган.

КПСС Борбордук комитетинин генералдык секретары Л. И. Брежневдин өмүрүн кыскарткан каргашалуу окуя 1982-жылдын 23-март күнү Ташкент авиациялык заводунда болгон. Л. И. Брежнев Өзбекстанга Ленин орденин тапшыруу максатында Ташкентке барган. Визит маалында Ташкент авиациялык заводунун эмгек коллективи менен жолугушуу каралган. Бирок генсектин чарчаган абалына байланыштуу завод коллективи менен жолугушуу токтотулган.

Ошентип заводдогу даярдык чаралары алынып салынган. Эртең менен урматтуу конок Ташкенттеги эки ишкана эмгекчилери менен жолугушуп, кайра резиденцияга баратканда кокустан саатына карап, Рашидовго кайрылып, «түшкү тамакка чейин дагы убакыт бар экен. Биз заводго келебиз деп убада берген эмес белек. Адамдар чогулуп бизди күтүп жатышса керек. Туура болбой калат. Ар кандай сөздөр чыгат...Барып келели», - деген экен.

Жергиликтүү коопсуздук кызматы кайра келип, заводдогу кырдаалды көзөмөлдөгөнгө жетише албай, ал эми заводдун радиосунан Л. И. Брежнев ишканага келди деп кабарлап салган. Жумушчулар иштерин ташташып, урматтуу конок менен жолугушканга ашыгып баш-аламандык башталган. Өлкө жетекчиси самолеттун канатынын алдынан өтөөрдө адамдар да аны көрүш үчүн ал жакка жүткүнүшүп, тирөөч көтөрө албай самолеттун узундугундагы иш аянты төмөн кулаган.

Сынган темирдин учу Л. И. Брежневдин кулагын тилип, акырегин сындырган. Врачтар генсектин госпиталдашын жана операция жасалышын талап кылышкан. Бирок Москвага кайтып келгенден эки күн өтбөй Л. И. Брежнев дагы бир башка салтанатка катышкан. Сырттан караганга генсек мурда катуу ичип алгандай көрүнүп, калк арасында күдүк сөздөр көбөйгөн.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Рональд Рейган 1983-жылдын 23-мартында «Жылдыздар согушу» аталган пограмманын алкагында жасалчу америкалык ракетага каршы коргонуу системасынын курулушу башталгандыгын жар салган.

Теңдешсиз япон кинорежисееру Акира Куросава 1910-жылдын 23-март күнү жарык дүнөгө келген. Акира Куросава япон кинематографисттери арасынан маданиятка эмгек сиңирген ишмерлик наамын алган жана 1982-жылы Венециядагы маарекелик премияга арзыган.
XS
SM
MD
LG