Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:43

21-апрель : Тарых барактары


«Аполлон-16» космос кораблиндеги Джон Янг Чарльз Дюк жана Томас Маттинглиден турган америкалык астронавттар 1972-жылдын 21-апрелинде Айдагы Декарт кратерине конгон.
«Аполлон-16» космос кораблиндеги Джон Янг Чарльз Дюк жана Томас Маттинглиден турган америкалык астронавттар 1972-жылдын 21-апрелинде Айдагы Декарт кратерине конгон.

Фрунзе шаары менен Рыбачье ортосундагы биринчи автобус каттамы 1929-жылдын 21-апрелинде ачылган. СССР Министрлер Кеңеши 1947-жылдын 21-апрелинде Казакстандын Семипалатинск аймагында советтик атом бомбаларын сыноо аянтын куруу туурасындагы токтом кабыл алган.

А. Л. Бубенов баштаган орус дипломатиялык миссиясы 1827-жылдын бул күндөрү бугу уруусунун арасында жүрүшкөн. Алар бугулардын турмуш-тиричилиги, саясий абалы жана кыргыз урууларынын ичара мамилелери туурасында маалымат топтошкон. Мындан тышкаары, дипмиссия Кашгар көтөрүлүшү туурасында маалымат топтошуп жана ага байланыштуу кыргыздардын мамиле, маанайын сурамжылашкан.

Бүткүл түркстандык мусулмандардын I курултайы 1917-жылдын бул күнү Ташкент шаарында ишин аяктаган. Курултай мусулман буржуазиялык «Шуро-и исламия» уюмунун демилгеси менен өткөрүлүп, анын ишине Ахмат Зеки Велиди Тоган, Мустафа Чокаев сыяктуу көрүнүктүү коомдук ишмерлер катышкан. Курултай Түркстандагы калктардын өз ара мамилелерин аныктоодо жана кийинки Совет мезгилиндеги республикалардын уюшулушуна, алардын жетекчилерин белгилөөдө маанилүүроль ойногон.

Фрунзе шаары менен Рыбачье ортосундагы биринчи автобус каттамы 1929-жылдын 21-апрелинде ачылган.

Кыргыз ССР ички иштер наркому И. П. Лоцманов камакка алынгандан кийин 1939-жылдын 21-апрелинде көрсөтмө бере баштаган. Анын айтымында, 1937-жылкы Кыргызстан КП (б) БКнин I съездине шайлангандар толугу менен калк душмандары катары айыпталып сот жообуна тартылышкан. Үчилтик атанган партиялык жазалоо биримдиги тарабынан Кыргызстанда 5110 адам соттолгон. Ал эми Четвертаков жана Лоцмановдун тушунда Кыргызстанда 7610 адам жазаланып, алардын көбү атылып, айрымдары дарексиз жоголуп кеткен.

СССР Министрлер Кеңеши 1947-жылдын 21-апрелинде Казакстандын Семипалатинск аймагында советтик атом бомбаларын сыноо аянтын куруу туурасындагы токтом кабыл алган. Сыноо аянты «Тоолуу станция, № 2-сыноо полигону» деп аталган. Анын курулушу 1949-жылдын 26-июлунда бүткөрүлүп, мында 1990-жылдын 24-октябрына чейин 456 ядролук жана термоядролук куралдар сыналган.

Адистердин айтымында, Семипалатинскидеги сыноолор жалаң эле Казакстанга эмес, Кыргызстанга да терс таасир тийгизип турган.
Советтер Союзу 1954-жылдын бул күнү ЮНЕСКОго мүчө болуп кабыл алынган. Анын алкагында Кыргызстанга да маданий жана тарыхый эстеликтерди коргоо боюнча маанилүү программалар белгиленип, алардын көбү мамлекеттик коргоого алынган.

Азиянын чыгыш өлкөлөрүндө башталган 1998-жылкы экономикалык кризис Кыргызстанга да таасирин тийгизбей койгон эмес. К. Жумалиев жетектеген кыргыз өкмөтү кризиске каршы жетиштүү чараларды көрө албагандыгына байланыштуу, өлкөнүн экономикалык абалы татаалдашкан. Кырдаалдан чыгуу жолун издеген бийлик К. Жумалиев жетектеген өкмөттү отставкага кетирген.

Анткен менен жаңы өкмөт башына келген Ж. Ибраимовдун айыкпас оору айынан 1999-жылдын 4-апрелинде көз жумушуна байланыштуу өкмөттүк кризис кайрадан күн тартибине коюлган. Президент Аскар Акаев эми өкмөт башына тажырйбалуу Амангелди Мураливди тандап, Жогорку Кеңеш кароосуна сунуштаган. Кыргыз парламентинин 1999-жылдын 21-апрелинде өткөн жыйынында А. Муралиевдин премьер-министрдик талапкердиги жактырылган.

Тарыхый маалыматтарга караганда б. з. ч. 753-жылдын 21-апрелинде Рим шаары негизделген. Түбөлүк шаардын түптөлүш датасы римдик окумуштуу Марк Теренций Варрон тарабынан (б. з. ч. 116-27) аныкталып, анын айтымында 21-апрель күнү Түбөлүк шаарды легендарлуу Ромул түптөгөн. Бул күнү шаарыдын капкалары ачылып, чет жердик туристтер шаар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Шаар бийлиги туристтерди тартуу максатында 2004-жылдан бери «Рим периштеси» конкурсун өткөрө баштаган. Конкурска жашы 18-30 ка чейинки айымдар катышып, аларга римдик аялзатынын сулуулук идеалын жана жапакеч мүнөзүн көрсөтүш талаптары коюлган.

Петр I Москва шаарын куруу туурасындагы жардыгы 1728-жылдын 21-апрелинде жокко чыгарылган.

Испандык конкистадор Кортес 1519-жылдын 21-апрелинде Мексиканын жээгине түшкөн. Ошентип чет элдик басып алуу аркылуу жергиликтүү калкты кыруу жана байыркы маданиятты талкалоо этабы башталган.

Совет өкмөтү 1918-жылдын 21-апрелинде Ички Россия жана Сибирдеги мусулман улуттук парламентин тараткан.

Советтер Союзунун Улуттук Олимпиадалык комитети 1951-жылдын 21-апрель күнү уюшулган. Жаңы комитеттин төрагалыгына Бүткүл Союздук дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси Константин Андрианов дайындалган.

Бразилиа шаары 1960-жылдын 21-апрелинде Бразилия мамлекетинин борбору аталган.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дж. Кеннеди 1961-жылдын 21-апрелинде «Жеңиштин миңдеген атасы болсо, жеңилүүнүн бир өгөй атасы калат» деген экен.

Бразилиа шаары 1960-жылдын 21-апрелинде Бразилия мамлекетинин борбору аталган.

Грециядагы мамлекеттик төңкөрүш 1967-жылдын 21-апрелинде жасалган.

«Аполлон-16» космос кораблиндеги Джон Янг Чарльз Дюк жана Томас Маттинглиден турган америкалык астронавттар 1972-жылдын 21-апрелинде Айдагы Декарт кратерине конгон.

Кытай реформасынын лидери Ху Яобандын өлүмүнө байланыштуу 1989-жылдын 21-апрелинде Пекин шаарында жаштар митингге чыгышкан. Кытай Элдик Республикасынын борборундагы Таньаньмынь аянтына чогулган жүз миңдеген студенттер сөз эркиндигин жана саясий реформалардын жүргүзүлүшүн талап кылышкан. Эки ай чамалуу уланган бейпил акциянын акыры 1989-жылдын 4-июнь күнү аскердин жана танкалардын күчү менен басылган.
XS
SM
MD
LG