Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:36

27-апрель: Тарых барактары


Падышалык Россия бийлигинин 1861-жылдын 27-апрелиндеги токтомуна ылайык Черноморск губерниясында, Степной, Сыр-Дарыя, Фергана, Самарканд областарында жергиликтүү калктын жер менчигин аныктоо иши башталган. Жорж Сорос 2004-жылдын бул күнү президент Аскар Акаев менен жолугушуп, анын кийинки президенттик шайлоого катышпай тургандыгын билдирген.

Кытай императору Канси дасюэши Исэнча 1697-жылдын бул күнү жунгар өкүмдмдары Галдан Бошокту ханга каршы согуш аракети соңуна чыккандыгын билдирип жардык жарыялаган. Императордун жардыгында Галданды кармап жазага бериш үчүн аскер жиберилгенге белгиленген. Кытай мамлекетинин жунгарларды талкалашы аймактын коопсуздугун камсыз кылган. Андан да буга чейин жунгарлардын чапкынынан азап тарткан кыргыз жана казактар үчүн аз да болсо бейпил мезгил орногон.

Падышалык Россия бийлигинин 1861-жылдын 27-апрелиндеги токтомуна ылайык Черноморск губерниясында, Степной, Сыр-Дарыя, Фергана, Самарканд областарында жергиликтүү калктын жер менчигин аныктоо иши башталган. Аталган токтом Рооссиядан көчүрүлгөн адамдарга бөлүнө жер көлөмү жана аларга бериле турган мөөнөттү тактоо маселеси аныкталган.

«Ачык коом» инстититутунун түптөөчүсү Жорж Сорос 2004-жылдын бул күнү президент Аскар Акаев менен жолугушкан. Жолугушуунун соңунда айтылуу филантроп А. Акаевдин кийинки президенттик шайлоого катышпай тургандыгын билдирген. Анын айтымында А. Акаевдин мындай кадамы түбөлүк бийликти көксөгөн Борбордук Азия жетекчилери үчүн мыкты өрнөк болмок.

«Пирамида» телеканалы 41 күндүк тыныгуудан кийин 2004-жылдын 27-апрелинде кайрадан иштей баштады. Телеканалдын башкы директору Андрей Цветков, бийлик өкүлдөрү мындай кадамга коомчулуктун кысымы, балким Жорж Соростун президент менен сүйлөшүүсүнүн натыйжасы болушу мүмкүн экендигин белгилеген.

Якут Автономиялык Советтик Социалистик Республикасы 1922-жылдын 27- апрелинде уюшулуп, 1992-жылдын бул күнү Саха Республикасынын Конституциясы кабыл алынган. Якут АССринин курулушуна Максим Кирович Аммосов сыяктуу инсандар зор салым кошкон. М. Аммосов 1937-жылдын 22-мартынан тарта Кыргыз ВКП(б)нын 1-секретардык кызматын аткарууга киришип, кийин сталиндик репрессияга кабылып атылып кеткен.

Байкал-Амур магистралынын курулушуна курулган ыктыярдуу отряддарды жөнөтүү иши 1974-жылдын 27-апрелинде башталган.
Дүйнөлүк океандарды кыдырууга белсенип чыккан португалиялык Фернан Магелланды 1521-жылдын 27-апрелинде филиппиндик аборигендер өлтүрүшкөн.

Алексей Михайлович Романов 1670-жылдын 27-апрель күнү мамлекеттик колукту кароо сынагы соңуна чыккандыгын жарыялаган. Алексей Михайлович өзү төрт ай ичинде 70 селкини сынап, акыры падышанын көңүлү 36 болуп сыноодон өткөн тарустук дворяниндин кызы Наталья Кирилловна Нарышкинага токтогон. Наталья Кирилловна падышага атактуу Улуу Петрду төрөп берген.

Атактуу советтик физик-теоретик, профессор Лев Давидович Ландау 1937-жылдын 27-апрель күнү камакка алынган. Лев Давидович Физикалык проблемалар Институтундагы Теориялык бөлүмдү жетектеп, жаш шакирти менен бирдикте антисталиндик баракчаларды даярдаган. Илим адамдары баракчаларды көбөйтүп, аларды майрам маалында таратууну көздөшкөн.

Генрих Гиммлердин 1940-жылдын 27-апрель күнкү буйругуна ылайык каргашалуу «Освенцим» концлагери негизделген.
Айтылуу англис тарыхччысы Эдуард Гиббон 1737-жылдын 27-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

Америкалык ойлоп тапкыч жана сүрөтчү Сэмюэл Морзе 1791-жылдын 27-апрелинде туулган. Атактуу ойлоп тапкыч азыр «морзянка» аталган телеграф аппараты үчүн ыңгайлуу азбуканы чыгарган.

Англис философу жана позитивизм илимий изилдөө багытынны негиздөөчүлөрүнүн бири – Герберт Спенсер 1820-жылдын 27-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

Биринчи электр темир жолун жасаган америкалык ойлоп тапкыч Чарльз ванн Депеле 1846-жылдын 27-апрель күнү туулган.
Нейлон аталган биринчи синтетикалык полимерди чыгарган айтылуу америкалык химик Уоллес Хьюм Карозерс 1896-жылдын 27-апрелинде жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG