Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Аптанын маданий окуялары


Өтүп бараткан аптада Бишкекте “Айтматов жана бүгүнкү учур” аттуу эл аралык Форум менен катар бир топ маданий окуялар болуп өттү.

24-февралда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин түркология факультетинде кыргыз акын кыздары Элмира Ажыканова, Аида Эгембердиева жана Жыпар Исабаевалар катышкан “Кыз жүрөгү-ыр түнөгү” деп аталган поэзия кечеси болуп өттү. Аталган факультеттин деканы Орхон Инан кечеде акын кыздар катышкан мындай поэзия кечелерин эл аралык деңгээлге чыгаруу тилеги бар экенин билдирди.

25-февралда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт сарайында кыргыз тилинин 20 жылдыгына карата “Ырдайлы кыргыз ырларын” аттуу ыр сынак өттү. Негизи фестивалдын катышуучулары Кыргызстанда жашап, окуп жүргөн ар улуттун өкүлдөрү болду. Ыр сынак кыргыз тилинде ырларды аткаруу менен эле чектелбей, кыргыз макал-ылакаптарынан айтуу менен да жүрдү.

27-февралда Бишкекте “Айтматов жана бүгүнкү учур” аттуу эл аралык форум ачылды. 2008-жыл Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгынын урматына КМШ мамлекеттери боюнча “Адабият жана окуу” жылы болуп жарыяланган болчу. Форумдун максаты мына ушул иш-чараларды жыйынтыктап, алдыда дагы мамлекеттер аралык адабий, маданий байланыштарды жакшыртууда.

Форумдун жүрүшүнөн дайын болгондой Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары 2008-2009-жылдары Кыргызстанда 8 томдук, Орусияда 6 томдук, Казакстанда 7 томдук болуп жана да Түркияда, Германияда, Венгрияда, Арменияда, Азербайжанда, Украинада жана башка өлкөлөрдө басылууда.

Форум аяктагандан кийин март айынын алгачкы апта ичинде Кыргызстандын маданият жана маалымат министрлигинин алдында “Маданият” аттуу мамлекеттик басманын ачылышы күтүлүүдө. Басманын башкы максаты – чыныгы улут байлыгы болор чыгармаларды жарыкка чыгаруу.

27-февралда Кыргыз улуттук телерадиосунун концерттик залында белгилүү акын Карбалас Бакировдун поэзия кечеси өттү. Акындын окурмандарга “Адашкан кентавр”, “Көкүлчөн балдар” жана “Коргондогулар жана чексиздик” аттуу ыр китептери белгилүү.

Бүгүн Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт ордосунда “Жаш кыял” бий тобунун 15 жылдык мааракеси белгиленет. “Жаш кыялдын” репертуарында 50 дөн ашык кыргыз бийлери жана башка улуттардын бийлери бар. Топто болсо 300 гө жакын бийчи бийлейт. “Жаш кыял” дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө өнөрүн тартуулап келатат.


XS
SM
MD
LG