Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:01

Шайлоо жарышы: алтооно бирдей шарт түзүлгөн жок


Шайлоочулар жыйыны
Шайлоочулар жыйыны

Сырттан келген адамга Кыргызстандагы президенттик шайлоого жалгыз гана талапкер катышып жаткандай, үгүт иштеринин баки-жогу президентке гана арналгандай таасир калтырары бышык.

Башка атаандаштар тууралуу азыноолок сөз болбосо, электрондук маалымдоо каражаттарынан президент К.Бакиевдин жолугушуулары, үгүт чакырыктары түшпөйт. Жер-жерлерде ары-бери өткөндөрдү президенттин сүрөттөрү карап турат. «Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусу шайлоо үгүтүнө арналды. Ага «Журналист» коомдук бирикмесинин тескөөчү Мери Бекешова, «Кыргыз туусу» гезитинин бөлүм башчысы Марип Тайчабаров, Кыргызстан Медиа өкүлчүлүгүнүн эксперти Жолдош Осмонов катышат.

- Мери, сиздер шайлоо алдындагы үгүт иштери кандай жүрүп жатканына байкоо салып жатасыздар. Кепти мына ушундан баштасак. Байкоо эмнени көрсөттү?

Мери Бекешова: - Биздин “Журналист” коомдук бирикмеси Кыргызстандын түштүгүндө 18-июндан тарта байкоо салып жатат. Бул жердеги электрондук маалымдоо каражаттарында учурдагы президент тууралуу гана сөз болуп жатат, ошонун үгүтү жүрүп жатат. Башка талапкерлер жөнүндө кеп деле жок. Мына жакында гана Токтайым Үмөталиеванын ролиги көрсөтүлдү. Албетте, бул жерде кандайдыр бир кысым тууралуу айтыш кыйын. Бирок талапкерлердин көпчүлүгү республиканын түштүгүндөгү маалымдоо каражаттарына көңүл бурушкан эмес окшойт.

- Марип мырза, талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүлүп жатабы? Эгер чын эле түзүлүп жатса эмне үчүн калган талапкерлердин активдүүлүгү байкалбайт?

Марип Тайчабаров: - Алардын активдүүлүүгүнүн анчалык көрүнбөй жатышы уюштуруу иштерине анчалык көңүл бурбай коюшунан улам го деп ойлойм. Мына жакында теледен бекер эфирдик убакыт берилди эле Ж.Назаралиев келген жок. Ал эми Н.Мотуев болсо келип сүйлөп кетти. Албетте, үгүт иштеринин мыкты болбой жатышы бир жагы каражаттын жетишсиздиги болсо, экинчи жагынан уюштуруу иштеринин жетиштүү жүргүзүлбөгөндүгү себеп болууда, деп ойлойм.

- Жолдош мырза, Медиа өкүлчүлүктүн жыйынтыгынын “Журналисттер” коомунан байкоо жыйынтыгынан айырмасы барбы?

Жолдош Осмонов: - Медиа өкүлчүлүк бүт Кыргызстан боюнча байкоо жүргүзүп жатат. 17 газета, 4 телекомпания, 3 он-лайн маалымат каражаттарын алып, ошолорго байкоо жүргүзүп жатабыз. Көп окулган, эл көп уккан, шайлоочулар такай көргөн маалымдоо каражаттарын толук камтып жатабыз десек болот. Ал эми президент К.Бакиевдин көп чыгышынын бир себеби анын президенттик милдетин аткарышына байланыштуу. Ошон үчүн жаңылык, репортаждарда ал көп айтылат. Ага карабастан, президенттин үгүт материалдарына да көп орун берилген. Газеталарда президенттин пайызы кичине ылдыйыраак, веб-сайттарда негизинен талапкерлердин баарына бирдей эле орун берилген.

- Анан Мери айым, бир эле кишинин кызматтык милдетине байланышкан иштер менен үгүт өнөктүгүнүн аралашып кетиши республиканын түштүгүндө да сезилеби же ал жерде жалаң гана үгүт материалдар жарыяланып жатабы?

Мери Бекешова: - Бул жерде шайлоо маселелерин чагылдыруудан негедир оолактап жатышкандай таасир калтырат. Шайлоо боюнча маалыматтарды айтышпай, андан башка анчалык деле мааниге ээ эмес кабарларды беришип, шайлоодон өздөрүн окчун кармап жатышат. Туура эмес айтып алабызбы деген коркунучтан улам шайлоо кабарларын айтышпай, жалаң үгүт материалдарын гана беришүүдө. Анын 95% К.Бакиевдин үгүт материалдары.

- Марип мырза, сиздерди гезитте негизинен К.Бакиев тууралуу материалдар арбын берилүүдө. Башка талапкерлер тууралуу калыс материалдар чыгып жатабы?

Марип Тайчабаров: - Биз БШК белгилеген мыйзам негизиндеги бекер үгүт материалдарын бардык талапкерлердин жарыялашына мүмкүндүк бердик. Мери менен Жолдош айтып жаткан К.Бакиевдин көп чыгышы жөнүндө. Ал президенттик милдетин тапшырган жок. Ошон үчүн расмий иш-чараларга катышат. Мына жакында эле Жалал- Абадда 4 завод ишке кирди. Алардын ачылышына барды. Башка талапкерлердин акысын төлөп бири да материалын жарыялоону сунуш кылган жок.

- Жолдош мырза, электрондук маалымдоо каражаттарында президенттен башка талапкерлер тууралуу дээрлик берилбей эле калып жатат. Башка маалымдоо каражаттарындагы абал деле ушундайбы?

Жолдош Осмонов: - Биз телекөрсөтүүлөрдө берилген материалдын сапатын да карайбыз. Алар К.Бакиевди мактоо, колдоо маанайында болсо, калган талапкерлерге сын гана айтылат. Мына 5-каналда жалаң гана К.Бакиевдин үгүт роликтери көрсөтүлүп келатат. Телеканалдарда маалымат жалгыз гана К.Бакиев жөнүндө болуп жатат. Гезиттерде болсо ар кандай. “АкиПРЕСС”, “24. kg” агенттиктери баарына бирдей орун берип жатат.

- Мери айым, республиканын түштүгүндөгү маалымдоо каражаттарында жалгыз талапкер тууралуу гана сөз болуп жатат, деп айттыңыз. Башка талапкерлердин аты деле аталбайбы?

Мери Бекешова: - «Мезон ТВ», «Керемет», «ОшТВ», «Алмаз Юг» телерадиоканалдарын байкоодон өткөрүп жатабыз. Булардын баарында үгүт роликтери же акысы төлөнгөн репортаждардан башка эч кандай маалымат ала албайсыз.

- Марип мырза, мындай саясий өнөктүк учурунда өкмөттүк менен өздүк маалымдоо каражаттарынын кайым айтышуусу, бирин экинчиси жөөлөмөйү башталчу эле. Бул ирет да ошондой жагдай байкалып жатабы?

Марип Тайчабаров: - Сиздин өкмөттүк, өзүмдүк деп бөлүп атканыңызга мен капа болуп турам. Журналист деген антип бөлүнбөш керек. Чындык гана айтылыш керек. Мурда ошондой болуп келген. Азыр андай тапшырма же көрсөтмө берилген жок. Мен бир жагдайды айта кетейин. Өткөндө «Ачык саясатта» «Камбарата –2» ГЭС курулушундагы тоо көчкүнү жазышып, аны эми бир жылда да тазалай алышпайт. Станция убагында ишке берилбейт, деп жазып чыгышты. Мен ал жерде болуп адистерден сурасам, табигый кырсык болгонун, бирок аны бир жумада тазалап коюшканын айтышты. Гезит муну бийликтин кемчилиги катары көрсөтүп жатат. Жакшы, адам өмүрүнө зыян келбептир.

- Жолдош мырза, байкоонун жыйынтыктары качан чыгат?

Жолдош Осмонов: - 1-июндан 23-июлга чейин байкоо жүргүзүп, анын жыйынтыктарын ар жума сайын чыгарып жатабыз. Биз анда талапкерлерге канча көлөмдө убакыт берилгенин, кандай маанайда шайлоо алдындагы үгүт иштери чагылдырылганын, сапатына көңүл бурабыз. Шайлоодон кийин ошол отчеттордун негизинде жыйынтык отчетубузду, ар бир маалымдоо каражаты жөнүндө так отчетубузду жарыя кылабыз.

- Мери айым, мына шайлоо алдындагы үгүт иштери биртоп маселелердин башын ачып койду. Талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүп бериш үчүн эмнелерди сөзсүз жасоо зарыл деп эсептейсиз?

Мери Бекешова: - Менимче, бул жерде мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл. 2-3 ай мурун президент өзүнүн мыйзамдык укуктарын спикергеби же өкмөт башчысынабы тапшырып бериши керек. Анан башка талапкерлер менен бирдей шартта, бирдей укукта жарышка түшүш керек. Бул президенттик шайлоодо күчтөр теңдештиги болгон жок. Президентке шарт түзүлүп, калгандары андай мүмкүнчүлүктөн сырт калышты.

- Марип мырза, сиздин пикириңиз кандай?

Марип Тайчабаров: - Мыйзам негизинде 3 ай же андай эрте кызматты тапшырыш керек деп жатышат. Анткен менен бул шайлоодо президент К.Бакиевдин бир артыкчылыгы бар. Ал 4 жылда эмне жасаганын айта алат. Бул анын отчету сындуу. Калган атаандаштар программаларын жарыя кылып жатышат. Бул киши программасы кандай аткарылганын айтып, ошонусу менен артыкчылык кылып жатат.

- Жолдош мырза, сиздин оюңуз.

Жолдош Осмонов: - Массалык маалымдоо каражаттарына көп чыккан эле талапкер президент болуп калат, деш туура эмес. Элге, шайлоочуларга жолугушуу деген бар. Дегинкиси маалымдоо каражаттарынан башка жолдору деле толтура. Ошондон азыр ким президент болорун биз азыр 100% биле албайбыз.

- Анда эмесе кебибизди жыйынтыктасак. Сиздерге чоң рахмат! Ишиңиздерге ийгилик болсун!
XS
SM
MD
LG