Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:27

А.Атамбаев: «Элдикин элге кайрып беребиз»


12-апрелдеги маалымат жыйынында Кыргызстандын утурумдук өкмөт башчысынын орунбасары А. Атамбаев Орусияга иш-сапарын айтып берди. Анын ырасташынча, тополоң-тостон оңоло албай жаткан Кыргызстанга Орусия экономикалык жардам берүүгө макул болууда. Анын эреже-шарттары кыргыз-орус өкмөттүк делегациясынын 14-апрелдеги жолугушуусунда такталмакчы.

Утурумдук өкмөттүн убадасы

Алмазбек Атамбаев Орусия Кыргызстанга жардам берүүгө макул болгонун маалымдап, бирок анын өлчөмү канча экенин тактаган жок. Мурунку бийлик тушунда Москва 2 миллиард ашуун доллар кредит берүүгө макул болгон. Анткен менен анын 1 миллиард 700 миллион долларынын берилер-берилбеши эмдигиче белгисиз калган болчу. Кезектеги грант акча да бюджетти колдоого жумшалмакчы.

Утурумдук өкмөт башчынын орунбасары бул күнү бажы, энергетика тармактарына жаңы жетекчилер дайындалганын, быйылкы жылы экономикада олуттуу дегидей өзгөрүүлөр болорун белгиледи.

- Мына күйүп аткан маселелер бар да. Стабилдүүлүк, ГСМ деген бар. Эл ачка калбасын деген бар. Ошолор менен күнү-түнү алышып жатабыз. Бирок ар бир нерсеге буюрса өкмөттүн көзү жетет. Мына азыр өкмөттө Р.Отунбаева болобу, А.Бекназаров болобу, Ө.Текебаев болобу, Т.Сариев болобу, башкалар болобу, күн-түн иштеп атышат. Убакыт тар. Анын үстүнө көп убакыт айтып атпаймбы, бирөөлөр уюштуруп топтор келет кыйкырып, “чык эле чык, сүйлө эле сүйлө” деп.

Антип сүрмөтопту алдына салып кызмат сурап келгендердин саны азайгандын ордуна кайра көбөйүп баратканын жалгыз А.Атамбаев эле эмес, башка утурумдук өкмөт мүчөлөрү деле айтышууда.

Чочулаткан маселе

Утурумдук өкмөттү убарага салып жаткан дагы бир проблема кызмат ордун таштап кеткен К.Бакиевдин президенттиктен өз ыктыяры менен баш тартпай жатышына байланышкан.

- Жалгыз гана Жалал-Абадда бир оюн болуп атат. Анткени бир канча адамдар, куралдуу адамдар Тейит айылында айылдаштарын калкан кылып уялбай отурушат да. Мен кечээ Жалал-Абаддын биртоп атактуу адамдары менен сүйлөштүм. “Элибиз көтөрүлгөнү турат,- дейт.- Жалал-Абаддын эли өзү эле барып айдап чыкканы турат,- дейт. Бирок биздин максатыбыз жанагы күнөөсүз жигиттер, кыздар, ким болбосун күнөөсүздөр өлбөсүн да. Анткени мына бүгүн түн ичинде дагы 3-4 адам өтүп кетиптир.

Евразия жазуучулар ассоциациясынын жетекчиси Токтобай Мүлкүбатов ушу тапта Кыргызстан туш келип жаткан кысталыш кырдаалдан чыгуунун бир гана жолу бар деп эсептейт. Өлкөдөгү саясий күчтөр, коомдук уюмдар ушундай кысталыш чакта мунасага келип коалициялык өкмөт түзүшү абзел.

- Булар улам чыгып алып элди козутуп атпайбы. Тиги Ө.Текебаев чыгып “А.Акаев келиш керек деп айтты” деп элдин баары зырылдап жүрөт. Күйүп-бышып аткандар бар. “А.Акаев келиш керек эмес. А.Акаев менен К.Бакиевдин дегеле жүзүн көрбөш керек”, деп атышат.

Талашты күчөткөн тариф эми азаят

Утурумдук өкмөт башчынын орунбасары А.Атамбаев жаңы жылдан бери көпчүлүктү түйшөлтүп келаткан тариф маселесине да токтолду.

- Тарифтер 70 тыйын болот. Анткени өздлүк наркы, Токтогул ГЭСиндеги өздүк наркы 8 тыйын. 70 тыйындан ашпаш керек. Албетте, ТЭЦтен чыккан электр энергия кымбат, 2 сом. ТЭЦтен чыккан, башка жактан чыккан электр энергияны сатабыз Казакстанга, Орусияга. Бирок өз элибизге арзан 70 тыйындыгын сатабыз.

Кыргызстандагы саясий кырдаал аз-аздан баштагы калыбына келе баштады окшойт. Аны күн сайын сүрмөтоп жыйындарга айланган Бишкектин “Ала-Тоо” аянтынын бул күнү тынч турганынан, басып алуулар менен талап-тоноолордун азайышынан боолголоого болот.

XS
SM
MD
LG