Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:08

Балбандардын дүйнөлүк таймашы


21-сентябрдан бери Данияда эркектердин эркин күрөштөн дүйнө чемпионаты өтүүдө. Мында алатоолук беш жигит өлкө намысын коргоп жатат.

Учурда спорт күйөрмандардын көңүлү Дания өлкөсүнө бурулуп турган мезгил. 21-сентябрдан бери Даниянын Хернинг шаарында эркектер арасында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын таймашуулары өтүп жатат. Мында алатоолук беш жигит өлкө намысын коргоп жаткан учур.

Кечээки үч салмак боюнча күч сынашууларга кыргызстандык эки балбан катышты.

Жеңил салмакта кыргызстандык жаш балбан Алтынбек Алымбаев алгачкы атаандашы румыниялык Андрей Дуковду утуп алганда күйөмандардын үмүтү жанган эле. Бирок Алтынбек экинчи беттешүүдө ирандык Хассан Рахимиге алдырып коюп, мыктылар сабына кошула албай калды.

Жеңил салмакта дүйнө чемпиондугун Түндүк Корея өлкөсүнүн балбаны Кюнг Яанг жеңип алды. Ал финалда түркиялык Сезар Акгүлдү утуп, алтын медаль тагынды.

66 кг салмакта дүйнө чемпионатына алгач ирет катышкан кыргыз балбаны Эрлан Дөрбөнов биринчи беттешүүдө эле польшалык Адам Совераждан утулуп, кийинки күч сынашууларга чыга албай калды.

Бул салмакта дүйнө чемпиону деп ирандык Кермани Тагхави аталды. Ага финалда орусиялык Расул Джукаев жеңилип, күмүш байгени алууга аргасыз болду.

Бирок 96 кг салмакта орусиялык Кажимурад Гатсаловдун жылдызы жанып, Данияда дүйнө чемпиону деп табылып, жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү.

Эмки кезектеги таймашууга 60 кг салмактагы Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Базар Базаргуриев чыгып, биринчи беттешүүдө түркмөнстандык Рамазан Камбаров менен күрөшкөнү турат. Аны утса белорусиялык же монгол балбаны менен күч сынашат. Аларды жеңсе гана андан ары жолу уланып, байгелүү орундарга талапкер болушу ыктымал.

Кыргызстандын эркин күрөш федерациясынын вице-президенти, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Жеңиш Дөңбаевдин айтымында бул жолу Базар Базаргуриевдин негизги аттандаштары Иран, Орусия, Украина, Казакстан, Грузия жана Түндүк Корея өлкөлөрүнүн балбандары болгону турат.

-Бирок кыргызстандык балбандардын даярдыгы дурус болгону менен дүйнөлүк деңгээлдеги чеберчилиги аксап, тажрыйбасы чийки болуп турат. Балбандын чеберчилиги көп жылдык машыгуу, талбай аракет кылуунун, эл аралык, дүйнөлүк, Азиялык мелдештерге катышуунун жана эл аралык биргелешип машыгуулардын аркасынан гана келет. Мындай сапаттарга Базар Базаргуриев гана ээ. Ошондуктан Данияда ушул жигит гана үмүткөр кылып турат.

Ал эми 84 кг салмакта Кыргызстандын намысын коргоп жаткан Айбек Усупов биринчи беттешүүсүн венгриялык Истван Вереб менен өткөрөт. Аны утса кийинки аттандаштары кытайлык же армениялык балбандар болот. Аларды утса гана чейрек финалга жолу ачылат.

74 кг салмактагы Илгиз Жакыпбековдун атаандаштары бүгүн аныкталат. Азырынча алар үчүн чучукулак кармала элек.

Кыз-келиндердин эркин күрөш боюнча дуйнөлүк таймашуулары да эртең 23-сентябрда башталат. Эркин күрөш боюнча өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Базарбек Чаловдун айтымында Кыргызстандын намысын үч кыз коргойт.

-Алар 55 кг салмакта Нурзаада Шайлообаева, 59 кг салмактагы Мыскал Жанчарова жана 72 кг салмакта Азия чемпионаттарынын көп жолку жеңүүчүсү Яна Панова Кыргызстандын намысын Даниядагы дүйнө чемпионатында коргоп күрөшмөкчү. Кыздар дурус эле даярдык көрүштү. Эми калганын чучукулак кармоодо кимдерге атаандаш болоору жана килем үстүндөгү күч сынашуулар чечет да.

Ошондой эле 26-27-сентябрда Данияда грек-рим күрөшүнөн дүйнөлүк чемпионатынын күч сынашуулары болмокчу.

Мында Кыргызстандын намысын 2008-жылкы жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси Арсен Эралиев (55 кг чейин), Бээжиндеги олимпиаданын жана Дохадагы Азия оюндарынын коло медаль ээси, Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев (60 кг чейин), дүйнө чемпионатынын жана Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси, Азия чемпиону Канат Бегалиев (74 кг чейин) бар.

Ошондой эле Азия-2007 чемпионатынын, Азия оюндарынын жеңүүчүсү Нурбек Ибрагимов (120 кг чейин) да өлкө намысын коргойт. Кыргызстандык күйөрмандардын үмүтүн деле ушул балбандар гана жандырып турат.
XS
SM
MD
LG