Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

Обаманын биринчи отчету


Президент Барак Обама конгресстин кошмо жыйынында өлкөдөгү абал тууралуу жылдык отчет менен чыгып сүйлөдү.
Президент Барак Обама конгресстин кошмо жыйынында өлкөдөгү абал тууралуу жылдык отчет менен чыгып сүйлөдү.

АКШда ар бир президент жыл сайын өлкөдөгү абал жөнүндө калкка кайрылып, артта калган он эки айдын жыйынтыктарын чыгарып, алдыдагы милдеттерди аныктап турат. Шаршемби күнү америкалыктар Барак Обаманын биринчи отчетун угушту.

Обама бийликке келгенде америкалыктардын көбү Ирактагы жана Ооганстандагы согуш соңуна чыгат деп үмүт кылышкан эле.

"Шайлоо алдында мен согушту аяктоого сөз бергем, эми президент болгон соң бул сөзүмдү иш менен бекемдегенге аракеттенем", - деп ишендирди Обама. Быйыл августтун этегине барып Ирактан бардык аскерлер чыгарылат. Бирок Ирак өкмөтүнө колдоо көрсөтүү иши улантылат.

"Ооганстанда аскерлердин санын көбөйтүп, жергиликтүү коопсуздук күчтөрүн даярдоону тездеткенге аракет кылабыз, өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөө милдетин 2011-жылы июнда аларга өткөрүп беребиз жана аскерлерди чыгара баштайбыз",-деп айтты Обама.

Обаманын конгресстеги кайрылуу-отчетунун басымдуу бөлүгү экономикадагы абалга арналды.

"Ар бир он адамдын бири азыр жумуш таба элек. Көптөгөн ишканалар жабылды.Чакан шаарлар менен айыл жери айрыкча жапа тартты. Ансыз деле жакырлыктын азарын тартып жүргөндөрдүн абалы андан бетер кыйындады",-деп айтты Обама.

Обама өлкөнү бул абалдан чыгаруу үчүн жаңы максатын жарыялады: жакынкы беш жыл ичинде экспорттун көлөмү эки эсе көбөйтүлөт. Мунун аркасында эки миллион жумушчу орун түзүлөт. Мындан тышкары эмгек чөйрөсүндө жаңы мыйзам кабыл алынат. Анын долбоору конгресстин өкүлдөр палатасынан өттү. Эми аны сенат караш керек.

"Жумушчу орундар маселеси 2010-жылдагы биздин биринчи кезектеги максатыбыз болушу керек",- деп көрсөттү Обама.

Талаш-тартыштарды, сын пикирлерди пайда кылган экономикалык айрым чараларга токтолуп, мындай кадамдардын зарылдыгын жана алардын акыбети кайтарын Обама кайрадан белгилеп өттү. Президенттин пландарына ылайык быйыл бүжет тартыштыгы бир кыйла кыскартылат, өкмөттүн чыгымдарына үч жылга "кемээч" салынат.

Нью-Йорк штатындагы университеттин саясий илимдер боюнча профессору Роберт Спитцер "америкалыктар арасында экономика биринчи орундагы маселе экенин иликтөөлөр көрсөткөнүн", Обама бул ишке жетерлик көңүл бурган жок деген да пикирлер бар экенин ырастап, докладда экономикага өзгөчө басым жасалганын ушул жүйөө менен түшүндүрдү. "Жумушсуздар саны он процентке жетти, экономикадагы иштер чын эле илээлеп илгерилеп жатат",-дейт профессор.

Эксперттер да техникалык мааниде төмөндөө процесси аяктады, бизнес акырындап тириле баштады, бирок ишкана ээлери дале жумушчуларды жалдап алгандан жалтайлап турушат деп эсептешет.

Обаманын бир жылдык ишин оң жана терс мааниде баалагандар саны калк арасында теңме-тең абалга жетти.

XS
SM
MD
LG