Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Генерал Атар Али: Сваттагы уруштар бүтө жаздап калды


Пакистан -- Мингорада колго түшкөн талиптердин бири.
Пакистан -- Мингорада колго түшкөн талиптердин бири.

Пакистан коргоо министри генерал Саид Атар Али Сваттагы операциялар бир нече күндөн соң бүтөт деп билдирди. Бул учурда экинчи аймакта – Түштүк Вазирстанда жаңы уруштар тутанды.

Сват өрөөнү жана ага танапташ аймактар талиптерден эки же үч күн ичинде толук тазаланарын Пакистан коргоо министри жекшемби күнү коопсуздук маселелерине арналган Сингапурдагы конференцияда билдирди.

"Сваттагы,Бунердеги жана коңшулаш чөлкөмдөрдө операциялар ийгиликтүү аяктап баратат. Беш-он проценттей иш калды,алдыдагы эки-үч күндө каршылык көрсөтүү очогу толук талкаланат,андан соң калкты үй-жайына кайтаруу үчүн жумуштар башталат",-деп айтты генерал Саид Атар Али.

Деген менен жекшемби күнү армия Чарбак шаарынын калкына калаадан чыгып кеткенге буйрук берди. Чарбак шаары Сваттын административдик борбору Мингорадан 15 чакырымдай аралыкта турат. Талиптер бул жерде абдан бекемденип алышкан көрүнөт, аларга каршы операция баштоо үчүн армияга тургундардын убактылуу шаардан кетиши зарыл болууда. Андан бир күн мурда өкмөттүк күчтөр Мингораны өз контролдугуна алганы айтылган эле.

"Жалпысынан Мингора коопсуздук күчтөрүнүн карамагына өттү. Бунерге кеткен кан жол, жол боюнда террорчулар чеп кылып алган бекет да тазаланды",- деп маалымдады армиянын өкүлү, генерал-майор Атар Аббас.

Ошол эле учурда Аббас Мингорада турмушту кайра жайчылык кездегидей нугуна салуу үчүн бери эле дегенде эки апта керек болорун эскертти. Шаарда электр жок, талиптер айрым бир мейманканаларды, өкмөттүк имараттарды окбаанелеп алышкан,жаалданып каршылык көрсөтүшүүдө.

Мингорада өкмөттүк аскерлердин туруктуу базасы баштатан эле бар болчу, буга карабастан ал жерде кырдаалды иш жүзүндө "Талибан" кыймылынын отряддары контролдоп келген.

Уруш жүрүп жаткан райондорго барганга журналисттерге уруксат жок, андыктан аскери өкүлдөрдүн маалыматтарын көз карандысыз булактар аркылуу тастыктоо мүмкүн эмес.

Өкмөттүк чиновниктер жекшемби күнү Түштүк Вазирстанда да талиптер армиянын базасына кол салып, айыгышкан уруштар тутанганын,ал баш-аягы болуп сегиз саатка созулганын, козголоңчулардан кырк киши, федералдык аскерлерден эки жоокер мерт болгонун маалымдашты. Бирок муну да бейтарап булактардан ырастоо кыйын.

Сват өрөөнүндөгү операциялар башталганына бир айга аяк басып калды. Бул убакыт ичинде аймактан 2,5 миллионго чукул адам үй-жайын таштап,качып чыкканга аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG