Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:48

Батыш басма сөзү: Сөз эркиндиги, базанын келечеги


Кыргызстанда эркин журналисттерге кол салуулардын күч алышы, кыргыз-тажик чек ара талашы, “Манастагы” аба базанын болочок тагдыры батыш басма сөз каражаттарында да орун ээледи.

“Жаш түрктөр” (The Young Turks) аттуу интернет баракча 6-июнда Бишкекте “Ачык саясат” гезитинин башкы редакторунун орунбасары Абдувахаб Мониевге белгисиз кишилер кол салышканын кабарлайт. Кабарда оор жаракат алган Мониев учурда Бишкектеги ооруканада дарыланып жатканы айтылат. “Бул окуя Кыргызстанда эркин журналисттерге каршы жасалган чабуулдардын бири болуп эсептелет. Быйыл жазында “Репортер Бишкек” аттуу гезиттин серепчиси Сыргак Абдылдаевди белгисиз бирөөлөр бычактап кетишкен. Ошондон бир канча күн өткөндөн кийин “Ош ТВ” сыналгысынын кызматкери Бахадыр Кенжебаевди сабашты” деп айтылат баракчада.

Eurasia View интернет баракчасында өткөн аптада чыккан бир макалада Кыргызстандагы тажик анклавдары жөнүндөгү маселе талдоого алынып, “тажик-кыргыз чек арасы Тоолуу Карабак жаңжалына окшоп баратат” деген пикир айтылат. Фергана өрөөнүндө кесишкен чек аралар, маңзат аткезчилеринин жана ырасмий чөйрөлөрдүн ырасташынча “аша чапкан диний экстремисттердин ээн жайытына айланып калганы” билдирилип макалада, тажиктер менен кыргыздардын ортосунда чек ара жаңжалы чыгып кетүүсүнүн ыктымалы кыйла чоң экени бышыкталат.

Баш кеңсеси Анкарада жайгашкан Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр борборунун (USAK) “The Journal of Turkish Weekly” аттуу жумалыгында, ооган президенти Хамид Карзай кыргыз бийлигине кайрылып, “Манастагы” АКШнын аба базасын чыгарып жиберүү жөнүндөгү чечимин кайра карап чыгууга чакырганы билдирилет.

Лондондун Economist жумалыгынын кезектеги санында жарыяланган макалада авторитардык өлкөлөрдүн кедей өлкөлөргө берген экономикалык жардамдарынын артында жаткан себептерге сереп салат. Кытай, Иран, Орусия жана Венесуэла өңдүү өлкөлөрдүн Конго өңдүү Африка өлкөлөрүнө, Кыргызстан өңдүү Борбор Азия өлкөлөрүнө кээде грант, кээде комерциялык насыя түрүндө берген жардамдары аркылуу өздөрүн таасирин орнотуп жатышканы далилделген макалада, Орусиянын Кыргызстанга берүүнү сунуш кылган 2 миллиард доллар жардам мисалга тартылып, Кремл ал сунушун Бишкек АКШнын базасын жабуу жөнүндө чечим кабыл алган замат жасаганына көңүл бурулат.
XS
SM
MD
LG