Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Екатеринбургда Шанхай кызматташтык уюмунун саммити ачылды


Олтурум үстүндө ШКУ алкагындагы өлкөлөр коопсуздугу, Ооганстандагы жагдай жана Түндүк Корей маселесине байланыштуу талкуулар болгон.

Шанхай кызматташтык уюму - эксперттер баамында - дымагы боюнча Түндүк Атлантикалык альянска (НАТО) карама-каршы күч болууну самайт. 15-июнда ал уюм тогузунчу олтурумун орустун Европа менен Азия кошулган жериндеги Екатеринбург шаарында өткөрдү.

Анализчилер болсо Шанхай кызматташтык уюму эмне иш жасабасын, ал Москва демилгеси менен башталып келет дешет. Азыр Бээжин баркы арткандан тарта Орусия Кытай менен атаандаш боло баштагандыгын белгилешет.

Бирок, дегинкиси, советтик кездин үлгүсү жердигинде калган Кытай, Орусия жана Борбор Азиялык өлкөлөр алакасында жаңы баалуулук табуу аракети бар экенин да серепчилер айтышат.

ИНТЕРФАКС, олтурум алдында КНР төрагасы Ху Цзиньтао менен Кыргызстан президенти Курманбек Бакиев жолугушканы туурасында жазат. Кытай кийинки жылы Кыргызстанга 80 милион юан грант бөлүүгө даяр экендигин билдирген. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун салуу жөнүндө кеп болгону жазылат.

«Время Новостей» болсо, май айынын этегинде Өзбекстан чек ара делген Кыргызстан менен болгон тилкеге ор казып, сепил куруу жумушун баштады. Бул Шанхай кызматташтык уюмунун эки мүчөсү, ошончо эле тил табышып кеткенин айгинелебейт дейт серепчи Аркадий Дубнов:

«Чукул союздаштар жакынкы өнөгүнөн өзүн - берлиндик, а мен айтаар элем, өзүбектик - дубал менен тосуу болуп атканда бул уюмдун мүчөлөрү ошончо эле тыгыз, бири-бирине ишеними арткан саясий-согуштук бирикмеге айланат деген ойдон тайытат».

ШКУ чогулушунда коопсуздук маселеси, кор-экономикалык кризис алып келген кыйынчылык тийгизчү залака менен күрөш жүргүзүү жөнүндө кеп болгон. Ооганстандагы абалды ыраатташтыруу жана мигранттык маселе да кеп болгон.

XS
SM
MD
LG