Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:59

Медведев Москва башчысына Собянинди көрсөттү


Президент Дмитрий Медведев менен Сергей Собянин
Президент Дмитрий Медведев менен Сергей Собянин

Д.Медведев Москва шаарынын башчылыгына Собяниндин талапкердигин көрсөттү. Анын талапкерлигин Москва Думасы колдой тургандыгы шек туудурбайт.


Сергей Собянин саясий талдоочулар арасында кепте Владимир Путиндин табакташтарынын ичинен да ага эң чукул олтурганы. Кезегинде Орусияга өкүмөт башчы издегенде Собяниндин аты айтыла калып жүргөн. Премьер-министр болору менен В.Путин өзүнүн аппаратына башчы жана өзүнүн орун басары да кызматтарын берип Собянинди чакырып алган. Анан эле 2007-жылы декабрда Дмитрий Медведевдин шайлоо өткөрүү штабын жетектеди. Мындайча айтканда тандемдин тигиниси менен да, мунусу менен да жакындыгы бар талапкер.

Жакында Мамдумадагы бийлик партиясы «Бирдиктүү Орусия» ордо калаа башчылыкка төрт кишисин атаган. Алардын ичинен президент эми 15-октябрда Собянинди көрсөттү. Маскөө шаардык Думада 35 орундун 32син «Бирдиктүү Орусиядан» шайланган депутаттар ээлешет. Ошондуктан Кремл көрсөткөн талапкерди бекитүү сөзсүз болот. Шаардык Дума төрагасы Владимир Платонов да ушул божомолду бышыктады:

- Бардык талапкер ичинен бул талапкер (Собянин – ММ) эң жарактуусу, анын иш тажрыйбасы аймактарда жана федералдык борбордо жүргөн.

С.Собянин жетекчилик ишкердиги Түмөн обулусунун губернатору катары 2001-2005-жылдары иштеп турганда оозго алына баштаган. Дагы бир эсте калган жагы акимдик орунду Собянин шайлоодо ат салышып, 52,22 пайыз менен жеңип алган. Бирок андан кийин атка минерлерди Кремлдин аташы менен дайындоо кез келгендиктен шайлоолорго катышпай калган. Анализчи Станислав Белковский айтымында С.Собянин менен В.Путин жакындыгы Питерде башталган:

- Ал мурдатан эле Владимир Путин менен Геннадий Химченконун ишкердик өнөктөшү. 90-чу жылдар башында алар Ленинград обулусунда карамай сатуу менен алек болушкан.

Дайындалып аткан талапкердин эч болбоду дегенде маскөөлүк болбошу ойго келбеген жорук деп сынга алгандар көп. Алардын бири «Яблоко» партиясынын лидери Сергей Митрохин:

- Москвалык эмес. Москвалыктар шайлап бийликке келген киши эмес. Кандай чечим кабылдабасын аны федералдык бийлик талабынын улам катуу карачу жетекчи болот.

Маскөөгө башчы тандоо 28-сентябрда президент Медведевди сындай коемун деп кызматынан четтетилген Ю.Лужков айдалгандан улам болду.

Саясий талдоочулар арасында дагы бир кепте 2012-жылы өтө турган президентти шайлоо алдында муну менен Путин өзүнүн саясий жаатташы катарын арттырууга жетишти. Собянин анын тилинен чыкпай турган киши.

XS
SM
MD
LG