Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Медведев партиялык фракциялардын лидерлери менен жолукту


Орусия президенти Москва жана Кизлярда орун алган террордук актыларды иликтөө тез жана сапаттуу болоруна ишене тургандыгын айтты. Бул туурасында Дмитрий Медведев 2-апрелде Мамдума фракциялары – «Бирдиктүү Орусия», КПРФ, «Адилет Орусия» жана ЛДПР лидерлери менен жолугушуу маалында билдирди.

Жолугушуу үстүндө Дмитрий Медведев депутаттардын жүрүм-турумун сынга алды. Мамдума залында эл шайлаган депутаттар 10-15 пайыз гана олтурумга катышканын көрүп каларын айтып, «Думанын олтурумуна барбоо – ал партия үчүн добуш бергендери уятка калтырат» деди.

Орусия башчынын төрт партия жетекчилери менен жолугушуусуна Маскөөдө, андан соң Кизлярда болгон жардыруулар түрткү болгон. Кремлге чакырылган саясый партиялардын лидерлери: Борис Грызлов, Сергей Миронов, Геннадий Зюганов жана Владимир Жириновский болушту.

Башка партиялар, кыймылдар өкүлдөрү чакырылган жок. А чындыгында бийлик менен Кремлди аркалаган ар кыл уюм, кыймылдар жасап аткан былыктарды үзбөй сынга алган – оппозиция эле.

Жардыруулар туурасында Дмитрий Медведев:

«Бизде кийинки учурда, террорчулук менен күрөштө, бир нече тырышкан бандиттердин башын жулуп сала алдык. Бирок бул аз шекилдүү» - деген.

Ошол эле учурда коомчулук арасында мурдатан тирешип келген маанайы москвалык метро станцияларында жардыруу болгондон тарта ого бетер курчуду. Өңү-түсү оруска окшобогон жарандарды Москвада ачык эле ур-токмокко алуу болду.

«Өңү славянга окшобогон кишилердин көбү ал күнү, анын эртеси үйлөрүнөн чыгуудан коркуп олтуруп калышканы бизге дайын болду. Алар көчөгө чыксак жардырууга тийешеси бар деп сабайт деп коркушкан», - дейт «Сова» иликтөө борборунун эксперти Галина Кожевникова.

Мындай ойду, маселен, Махачкаланын тургуну убактылуу Москвада жүргөн авар улутундагы аял Жебекова «Азаттыкка» айткан:

«Биз үчүн жагдай абдан татаал. Жоолук салынып жүрүү коркунучтуу болуп калды. Узун көйнөк кийүү да алардын жинин кашайтат. Мен шым гана кийишим керек. Бул жакка келүү, ишкердик жасоо, окуу же дарылануу биз үчүн азап болуп калды».

29-мартта Москванын «Лубянка» жана «Парк Культуры» станцияларында жардыруудан 40 киши курман болуп 87 киши ооруканага түшкөн. Андан эки күн өткөндө Дагстандын Кизляр шаарында да эки жардыруу болуп андан 12 киши курман болуп 23 киши жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG