Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Түркиядагы террордук чабуулдун артында ким турат?


Жанкечтинин чабуулунан 32 киши жараат алды. 31-октябрь, 2010-жыл.
Жанкечтинин чабуулунан 32 киши жараат алды. 31-октябрь, 2010-жыл.

Апта соңунда Түркиянын Стамбул шаарында жанкечтинин кол салуусу күрттөрдүн жикчил ПКК уюму тарабынан жасалганы маалымдалды.

Түркиянын коопсуздук органдары 31-октябрда Стамбул шаарынын борбордук Таксим аянтында бомба жардырган жанкечти жикчил Күрттөрдүн жумушчу партиясынын (ПКК) мүчөсү болгонун билдиришти.

Шаардын борбордук аянтында күзөттө турган полиция кызматкерлерин бутага алган жанкечтинин чабуулунан 32 киши жараат алды. ПКК бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө албаганы менен, тергөө иштеринин натыйжасында жанкечти күрт тектүү 24 жаштагы Ведат Ажар болгону, ал мындан 6 жыл мурда ПККнын катарына кошулганы аныкталды.

Стамбул шаарынын башчысы Хүсейин Чапкын маалымат жыйынында жанкечти чабуул алдында жалгыз болгонун билдирди:

- Террорчу бир киши гана, жанында башка бирөө болгон эмес. Ал жардырууну өз алдынча ишке ашырган. Окуяга байланыштуу жанкечтинин туугандары суракка тартылды. Териштирүү иштери уланууда.

Түркиядан эгемен болуп, өз алдынча мамлекет куруу максатында 30 жылдан бери куралдуу күрөш жүргүзүп келаткан ПКК жикчил уюму 2 ай мурда согуштук аракеттерге мораторий жарыялаган эле. Мораторийдин мөөнөтү так жанкечти кол салган күнү соңуна чыкмак болчу. Чабуулдун ошо күнү ишке ашуусу “ПККнын ичинде жетекчиликке каршылык көрсөтүү башталдыбы” деген пикирлерди туудурбай койбойт.

Жанкечтинин чабуулу үчүн өзүнө жоопкерчилик албаган ПККнын Ирактын түндүгүндө жашырынган жетекчилиги 31-октябрда мөөнөтү аяктаган мораторийди кийинки жылы өтө турган шайлоого чейин узартканын жарыялады. Мораторийдин мөөнөтүн узартууну пландаган соң эмне үчүн жардырууну жасады деген суроо табышмак бойдон кала берүүдө. Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган:

- Бул окуянын текникалык чоо-жайын кечээ тийиштүү органдар ачыктады. Бул чагым болгонбу же жоклу – азырынча белгисиз. Тергөө иштери уланууда. Бирок ушул маалга чейин жүргүзүлгөн териштирүүлөрдүн натыйжасын жана жанкечтинин 6 жыл мурда ПККга кошулганынын аныкталганын эсепке алыш керек.

ПКК Түркия, АКШ жана Евробиримдик тарабынан террорчул уюм катары таанылган. Бул уюм 1984-жылдан бери жүргүзүп келе жаткан жикчил күрөштүн жүрүшүндө Түркиянын 40 миңге жакын атуулу набыт болду.

Түрк өкмөтү акыркы жылдары өлкөдө жашаган күрт тектүүлөрдүн укуктарын коргоо максатында бир топ реформаларды ишке ашырды. Кийинки жылы Баш мыйзамды толугу менен алмаштырууну пландап жаткан өкмөт, жашыруун жол менен болсо да ПККнын жетекчилиги менен соодалашып жатканы тууралуу кабарлар өлкөдө айрым чөйрөлөр тарабынан канааттануу сезимдери менен кабыл алынды. Бирок өзгөчө улутчул маанайдагы калктын катмары өкмөттүн ПКК менен сүйлөшүүлөрүнө нааразылыгын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG