Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:55

Кыргызстанда энергетика коррупциянын булагыбы?


Батыш басма сөзүндө Кыргызстанда электр кубатына болгон тартыштык, Өзбекстандагы балдар эмгегинен пайдалануулар тууралуу да сөз болду.

Jamestown Foundation корунун интернет баракчасында жарыяланган бир макалада Кыргызстанда алдыдагы айлардан тартып жарык өчүрүүлөр кайра баштала турганы тууралуу Кыргызстандын энергетика, отун ресурстары министри Илияс Давыдовдун өткөн жакын арада жасаган билдирүүсүнө таянуу менен, жумуруяттагы кышка даярдык көрүүлөрдүн абалы талдоого алынган. “Эл аралык коомчулуктун жардамы аркылуу Кыргызстан 90-жылдардын орто ченинде энергетика секторун реформалап баштады. Бирок бул реформалар бийлик чөйрөлөрү үчүн коррупциянын жаңы булагына айланып, 2008-жылдагы энергетика кризисине чейин энергетика секторундогу айрым атка минерлер жана өкмөт кызматчылары жыл сайын 30 миллион долларды чөнтөккө катышкан” деп жазылат макалада.

Лондондун Economist журналынын кийинки санында, драматург-журналист Дилип Хиронун “Inside Central Asia” деп аталган жаңы чыгармасына баяндама жасалган. Анда жазылышына караганда, Дилип Хиро чыгармасында Борбор Азиянын беш жумуруятынын Россиянын кол астына өткөндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин басып өткөн жолуна кылчая көз чаптырып, бул жумуруяттарда авторитардык капитализм үлгүсү ордунан чыкпай, Казакстан менен Түркмөнстандын мунай жана газ байлыктарын өздөштүрүү аракети коррупциянын айынан шалаакылап артта калганын, Өзбекстандын улгайган жетекчиси Ислам Каримов үрөй учурган адам укуктарын бузуу фактыларынын эсебинен өлкөсүн салыштырмалуу туруктуу жана секулярдуу маанайда сактап калууга үлгүргөнүн далилдеген.

Los Angeles Times гезити жума күнү чыккан санында жарыяланган макалаларынын бирин Өзбекстанда балдар эмгегинен пайдалануунун абалына арнаган. “Өзбекстанда темир муштум бийлик эл аралык эмгек мыйзамдарын бузууларды токтотуу жөнүндөгү чакырыктарды көрмөксөнгө салып, өлкөнүн балдарынын үстүнөн чоң киреше табуусун улантууда”, - деп башталган макалада, АКШда балдар мектептерине кайтып жаткан ушул күндөрдө Өзбекстанда 6-15 жаш арасы 2 миллион бала пахта талааларына айдалып жатканы, ноябрдын соңуна чейин талааларда пахта терүүдө алардын эмгеги колдонулаары билдирилет.

Айыл-чарбада балдарды зордук менен талааларга айдоо тажрыйбасы тескерисинче, Өзбекстанда бул массалык мобилизациялоо, эксплуататор талаа ээлери же башка айласы жок дыйкан үй-бүлөлөр тарабынан эмес, өкүмөттүн колу менен жасалаарына көңүл бурулуп макалада андан ары, Өзбөк бийлиги пахта терүү мезгилинде жүздөгөн мектептерди, ооруканалар менен коомдук ишканаларды жаап, балдар менен бирге миңдеген мугаллимдерди, доктор жана коомдук кызматчыларды талааларга айдоосу аадатка айланып калганы айтылат.

Eurasia View интернет баракчасы, 1 жылдан бери кыргыз балдарын асырап алууну күтүп келе жаткан 65 америкалык үй-бүлөнүн көйгөйүнө дагы бир жолу кайрылса, Стратфор Комментари аталган жеке чалгындоо уюмунун вебсайтында, Түркмөнстандын газы жана мунайы үстүнөн АКШ менен Росиянын ортосунда жүрүп жаткан атааңдаштыкка сереп салынган.
XS
SM
MD
LG