Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

АКШ адам укуктары Кеңешине мүчө болгусу келет


Вашингтон - Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон адам укуктары тууралуу маселени АКШнын тышкы саясатындагы түйүндүү элемент деп эсептейт.
Вашингтон - Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон адам укуктары тууралуу маселени АКШнын тышкы саясатындагы түйүндүү элемент деп эсептейт.

Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча Кеңешине Кошмо Штаттары кайра мүчө болууну чечти. Вашингтондун бул кадамын баш катчы Пан Ги Мун кубаттады.

Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча Кеңешине кезектеги шайлоо айлампасы эмдиги айга - 15-майга белгиленген. Бул жолу Кеңешке мүчө болгонго Батыш Европадан жана башка аймактардан үч мамлекет талапкер боло алат.

Мамлекеттик департамент басма сөз үчүн билдирүү таркатып, АКШ майдагы шайлоого катышарын жана анда өз өкүлүн талапкер кылып көрсөтөрүн ырастады. Атүгүл айрым дипломаттар Жаңы Зеландия АКШга өз ордун бошотуп бергени шайлоодон чыгышы да мүмкүн дешет.

Буштун администрациясы Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча Кеңешине мүчө болуудан баш тартып, мунун жүйөөсүн бир жагынан ага авторитардык,кала берсе диктаторлук өлкөлөр толуп алышканы,алар калыс чечим кабыл алалбай турганы менен түшүндүргөн. Экинчи себеп катары Кеңеште Израилдин аракеттери көп сындалып жүргөнү аталган.

Бул мекеме мурда Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча Комиссиясы деп аталган. 2006-жылы ал таркатылып, жаңы Кеңеш түзүлгөн. Ошондон бери анын он чакты сессиясы болду, алардын бешинде Израилге даттанган арыздар каралды.Ошол эле учурда Судан, Зимбабве өңдүү өлкөлөрдөгү абалды талкууга салгандан Кеңеш баш тартып келатат.

Буга карабастан АКШнын жаңы администрациясы Кеңешке кайра мүчө болуп кирүүнү чечти. Вашингтондун кескин өзгөргөн позициясын мамлекеттик департамент президент Барак Обаманын дүйнө өлкөлөрү менен "кызматташтыктын жаңы доорун ачууга" умтулган саясаты менен негиздеди. Мамлекеттик катчы Хиллар Клинтон буга кошумчалап адам укуктары АКШнын тышкы саясатындагы түйүндүү элемент экенин эске салды.

Быйыл февралда бул темага кайрылган сөзүндө Клинтон жеке өзү көп жылдар бою адам укуктарына тиешеси бар ар түрдүү кызматтарда иштегенин,бул маселе мамлекеттик катчылык орунда да ага маанилүү иш бойдон каларын айткан эле.

Вашингтондун Кеңешке кайрадан мүчө болуу мүдөөсүн Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун ары кубаттап, ары куттуктап кабыл алды. АКШнын бул мекемеге киришин баш катчы адам укуктары чөйрөсүндөгү дүйнөдөгү абалды жакшыртканга өбөлгө болот деп эсептейт.

Деген менен конгресстин өкүлдөр палатасындагы чет элдик иштер боюнча комитет мүчөсү,республикачыл мыйзамгер Илеана Рос-Лехтинен бул мекемеге АКШ кайра кирсе, анда болгону аброй-бедели жок Кеңештин легитимдүүлүгүн гана бышыктайт, адам укуктары чөйрөсүндө башка өлкөлөргө таасир көрсөтүүнүн көп мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырайт деп эскертти.

Ошол эле комитеттин төрагасы,демократ конгрессмен Говард Берман буга каяша кылып, Кеңештин ишине жигердүү катышканга, ал жерде адам укуктарына байланышкан проблемаларды активдүү көтөрүп турганга мезгил келгенин көрсөттү.

XS
SM
MD
LG